Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры № 318
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык
камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук
бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- аталышындагы "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - Реабилитациялоо борбору) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.";
- 3-пунктунда:
бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору";
- расмий тилде: "Центр реабилитации лиц с инвалидностью при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.";
сегизинчи, тогузунчу абзацтарындагы "ДМЧАРБ", "ЦРЛОВЗ" деген аббревиатуралар "МБА РБ", "ЦР ЛИ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Реабилитациялоо борборун министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.";
- 10-пунктундагы "статс-катчынын" деген сөз "Реабилитациялоо борборунун директорунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин укук улантуучусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин тиркелген Уставында:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мекеменин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси";
- расмий тилде: "Республиканское учреждение протезно-ортопедических изделий при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.";
- 11-пунктунун биринчи абзацындагы "өзү өндүрүүчү продукцияга" деген сөздөр "өзү өндүрүүчү буюмдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктунда:
экинчи абзацындагы "чет өлкөлүк" деген сөздөр "заманбап" деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "заказчыга маалымкат берет" деген сөздөр "маалымдайт" деген сөз менен алмаштырылсын;

"- протездик-ортопедиялык буюмдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын муктаждыктарына ылайык талаптагыдай сапатты жана комплекттүүлүктү сактоо менен жасоону камсыздайт;
- кресло-коляскаларды чогултууну, сактоону жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөргө берүүнү Министрликтин разнарядкасы боюнча ишке ашырат;";
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мекеменин өндүрүштүк кубаттуулугун максималдуу пайдаланат, чыгарылып жаткан буюмдардын сапатын жогорулатат, заказчылардын сунуштарына жана керектөөлөрүнө ылайык өзү чыгарган буюмдарды өркүндөтүп турат;";
он экинчи абзацындагы "продукция" деген сөз "буюмдарды" деген сөз менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацындагы "мыйзамдарда каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "өндүрүлгөн продукцияга" деген сөздөр "өндүрүлгөн буюмдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- күнүмдүк оңдоого, курулуш-монтаждоо башкармалары менен капиталдык оңдоого келишимдерди түзүүгө;";
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- тажрыйба алмашуу боюнча профилдик ата мекендик жана чет өлкөлүк ишканалар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга.";
- 19-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пунктунун үчүнчү абзацындагы "кирешелер" деген сөз "каражаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Мекеменин өндүрүштүк-чарбалык ишинен алынган каражаттар анын толук карамагына түшөт. Мекеме өндүрүштүк-чарбалык иштен алынган каражаттарды чыгымдоо багыттарын кирешелердин жана чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык өз алдынча аныктайт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 2-пунктунун экинчи абзацындагы "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору" мекемеси;
- расмий тилде: "Учреждение "Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.";
- 11-пунктунда:
он экинчи, он үчүнчү, он сегизинчи абзацтарындагы "Социалдык өнүгүү" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- күбөлөндүрүүдөн өтүүчү адамдарды диагнозун тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоо, кошумча медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн дарылоо-профилактикалык мекемелерине, ошондой эле медициналык-социалдык реабилитациялоо борборлоруна жиберүүгө;";
- 13-14-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында түзүлөт.
14. Борбордун жогору турган органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги саналат.";
- 15-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр "министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "борбордук аппараттын кызматкерлерине" деген сөздөр "Борбордун борбордук аппаратынын кызматкерлерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Борбордун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жана райондор аралык, шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын кызматтык нускамаларын бекитет;";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы болуп жогорку медициналык билими бар, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон адам бир үч жылдык мөөнөткө дайындалат.";
- 22-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 2-пунктундагы "жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы" деген сөздөр ", социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-пунктундагы "Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- аталышындагы "жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы" деген сөздөр ", социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп эсептелет.";
- 3-пунктунун бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр "Телефон доверия для детей" при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.";
- 7-пунктундагы "укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды чогултат жана аларды балдарды коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган органдарга жана мекемелерге жиберет" деген сөздөр ", жарандардын укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды чогултат жана аларды балдарды, жарандарды коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган, ошондой эле социалдык кызматтарды көрсөтүүчү органдарга жана мекемелерге жиберет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы "жардам көрсөтүү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар боюнча жарандарга консультацияларды берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар жөнүндө телефон аркылуу абоненттерге консультация берүү.";
- 11-пункту "психологиялык" деген сөздөн кийин "жана консультациялык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Борбордон билдирүү алган органдар жана мекемелер ыкчам түрдө чара көрүшөт жана чечимдерди кабыл алышат, тиешелүү жардам көрсөтүшөт же абоненттин маселесин же көйгөйүн чечүү боюнча консультацияларды беришет. Кароонун жыйынтыктарын жазуу жүзүндөгү, айрым учурларда оозеки түрдөгү жоопту Борборго беришет.";
- 21-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- абоненттерге сапаттуу консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү;";
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Борборду балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу директор жетектейт.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1, 2, 6-пункттарындагы "жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы" деген сөздөр ", социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин уставы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык
камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу
"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси (мындан ары - Фонд) мекеме укуктук формасында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм болуп саналат, юридикалык жак статусуна ээ. Фонд юридикалык жак статусуна, ошондой эле ал мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз ишин жүзөгө ашыруу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
2. Фонддун негизги максаты экономика тармактарын иш берүүчүлөрдүн заказына ылайык окутулган, жеке изденүүчүлөрдүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (ДМЧА) жана калктын башка социалдык жактан аялуу катмарынын арасынан квалификациялуу суроо-талапка ээ кадрлар менен камсыздоо боюнча эмгек рыногунун керектөөлөрүнө туруктуу жана оперативдүү чара көрүүнү колдоо болуп саналат.
3. Фонддун уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын билим берүү, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Уставды жетекчиликке алат. Фонд чектелбеген мөөнөткө түзүлөт.
5. Фонддун иш кагаздары мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
6. Фонддун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси";
- расмий тилде: "Учреждение "Фонд развития навыков" при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
7. Фонддун кыскартылган аталышы:
- кыргыз тилинде: "КӨФ";
- орус тилинде: "ФРН".
8. Фонддун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 22.
2. Фонддун милдеттери жана функциялары
9. Фонддун ишинин милдеттери иш берүүчүлөрдүн жана калктын керектөөлөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы заманбап тенденцияларды эске алуу менен суроо-талапка ээ адистиктер боюнча кызматкерлерди жана адистерди кесиптик жана жарандык кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу аркылуу даярдоону (кайра даярдоону), квалификациясын жогорулатууну уюштуруу болуп саналат.
10. Фонддун функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) социалдык мобилизациялоону, окуу жайлары жана буга кызыкдар болгон башка тараптар менен биргелешип пландоону жана биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү үчүн окутуу, маалыматтык жардам көрсөтүү жана потенциалды өнүктүрүүнүн башка формаларын көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын окуу жайлары менен иш берүүчүлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
3) билим берүү чөйрөсүндө консалтингдик жана эксперттик кызматтарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте көрсөтүү;
4) өлкөнүн жарандарына кесип тандоо жана ар кандай кесиптик курстарды издөө маселелери боюнча маалыматтык жана консультациялык кызматтарды жана башка жардамдарды көрсөтүү.
Фонд өзүнүн функцияларын аткарууда төмөнкү принциптерди бекем сактайт: калыстык, объективдүүлүк, чынчылдык, ачык-айкындуулук, тартуу, өнөктөштүк, натыйжалуулук жана социалдык аң-сезим.
3. Фонддун укуктары жана милдеттери
11. Фонд төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз алдынча баланска, өзүнүн толук аталышы жазылган тегерек мөөргө жана бурчтуу штампка, банкта алыш-бериш жана башка эсептерге ээ болууга;
2) сотто доогер жана жоопкер болууга;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттер, башка юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук келишимдердин бардык түрлөрүн түзүүгө;
4) негизги каражаттарды сатып алууга;
5) документтерге жана башка техникалык маалыматтарга жана пайдалануу укугуна ээ болууга жана берүүгө;
6) кызматкерлерди ишке кабыл алууга жана иштен бошотууга, эмгек мыйзамдарына ылайык алардын укуктарын жана милдеттерин аныктоого.
Фонд Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карты келбеген башка укуктарды да жүзөгө ашыра алат.
12. Фонд төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйруктары менен бекитилүүчү Фонддун ички Жобосун, Операциялык колдонмосун жана Фонддун ишине байланышкан башка документтерди жетекчиликке алууга;
2) Фонд катышуучу болуп саналган кол коюлган макулдашуулар жана келишимдер боюнча милдеттенмелерди сактоого.
4. Фонддун башкаруу органдары
13. Фонддун башкаруу органдары:
1) тейлөөчү органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары - Министрлик) эсептелет;
2) жумушчу органы болуп Фонддун Тандоо комитети саналат;
3) башкаруунун аткаруу органы болуп Катчылык эсептелет, Фонддун региондук кызматкерлери да отчет берген аткаруучу директор жетектейт.
5. Тейлөөчү орган
14. Фонддун уюмдаштыруучусунун атынан Фондду тейлөөчү орган болуп саналган Министрлик министр, Фондду тейлөөчү министрдин орун басары жана Министрликтин тиешелүү башкармалыгы/бөлүмү аркылуу Фонддун уюштуруу жана функциялык ишине катышат.
15. Тейлөөчү орган:
1) ушул Уставга, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Фонддун ишине тиешелүү юридикалык документтерге ылайык Фонддун ишине багыт берет жана контролдойт;
2) Фонддун жумушчу пландарын жана бюджетин, аларга өзгөртүүлөрдү, Фонддун кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторун, атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду жана башка коштоочу документтерди бекитет.
16. Фондду тейлөөчү орган ошондой эле Фонддун жетишкен натыйжалары, көрсөткүчтөрү жана ишинин индикаторлору үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Тандоо комитети
17. Фонддун жумушчу органы болуп саналган Тандоо комитети Министрликтин тиешелүү буйругу менен түзүлөт жана бекитилет.
18. Тандоо комитети 5 адамдан - макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана тармактык ассоциациялардын өкүлдөрүнөн турат.
19. Фонддун Тандоо комитетинин төрагасы болуп Министрликтин өкүлү эсептелет.
20. Фонддун Тандоо комитетинин жыйналыштары зарылчылыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт, аларда:
1) Фонддун Катчылыгы тарабынан сунушталган квалификациялык тандоодон өткөн окуу жайлар жана курстар каралат, макулдашылат жана протокол менен бекитилет;
2) адистиктер, региондор, мөөнөттөр жана республиканын окуу жайлары боюнча окутууга комплекттелген топтор бекитилет;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде Фонддун башка жумушчу маселелери макулдашылат жана бекитилет.
7. Аткаруучу директор
21. Фондду Аткаруучу директор жетектейт, ал кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
22. Фонддун аткаруучу директору:
1) Фондго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Фонддун атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан чыгат;
3) Фонддун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
4) Фонддун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
5) иштеги жетишкендиктери жана демилге көрсөткөндүгү үчүн Фонддун кызматкерлерин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоого сунуштайт;
6) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине Фонддун бюджетин, чыгымдар сметасын, иш планын жана отчетторун бекитүүгө берет;
7) Фонддун каражаттарын белгиленген тартипте тескейт жана мүлкүн башкарат;
8) Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
9) Фонддун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8. Фонддун мүлкү жана каражаттары
23. Фонддун мүлкү жана каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) Фондго берилген мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
2) гранттар, кредиттер аркылуу түшүүчү каражаттардын;
3) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана донорлордун, ошондой эле айрым жарандардын ыктыярдуу которууларынын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын.
24. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык оперативдүү башкаруу укугунда Фонд мүлккө ээ.
25. Фонддун каражаттары бекитилген бюджетке ылайык пайдаланылат.
26. Фонддун финансылык жана операциялык жылы жыл сайын 1-январда башталат жана 31-декабрда аяктайт. Жылына бир жолу финансылык/операциялык жыл аяктагандан кийин Фонд өзүнүн финансылык ресурстарына жана ишине аудит жүргүзөт.
9. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
27. Фондду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Фонддун ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.
29. Фонддун ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры № 318
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык
камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук
бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомунун , 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)