Сравнение редакций…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат, Департаменттин максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин укугун улантуучу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жапа техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) экологиялык мониторинг чөйрөсүндөгү ишти жүргүзүүчү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иш жүргүзгөн юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
6. Департамент юридикалык жактын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ, анын өз алдынча балансы жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери бар.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Департамент экологического мониторинга при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".
Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭМД";
- расмий тилде: "ДЭМ".
Департаменттин юридикалык дареги: 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 34.
2. Департаменттин ишинин максаты
8. Департаменттин ишинин максаты болуп айлана-чөйрөнүн объекттеринин булгануусуна экологиялык мониторинг жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу саналат.
3. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- антропогендик таасирден улам айлана-чөйрөнүн объекттеринин булгануусуна изилдөө (химиялык анализ, инструменттик өлчөөлөр) жүргүзүү;
- айлана-чөйрөнүн компоненттеринин абалына, табигый экологиялык системаларга, аларда болуп жаткан процесстерге, кубулуштарга, өзгөрүүлөргө баа берүү;
- айлана-чөйрөнүн объекттери жөнүндө маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу (жалпылоо, системалаштыруу);
- табигый жана (же) антропогендик факторлордун таасиринин негизинде айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүүсүн өз убагында аныктоо максатында алынган маалыматты талдоо, мындай өзгөрүүлөрдү баалоо;
- мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандарды жана юридикалык жактарды айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө маалымат менен камсыздоо;
- көмүрдүн сапатын аныктоо.
4. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- айлана-чөйрөнүн объекттеринин булгануусуна мониторинг жүргүзөт жана уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык, өзүнүн компетенциясынын чегинде чарбалык субъекттерди текшерүүлөргө катышат;
- айлана-чөйрөнүн компоненттеринин булгануусун, көмүрдүн сапатын баалайт жана талдайт, өзүнүн компетенциясынын чегинде чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекеттик органдарды жана чарбалык субъекттерди маалымдайт;
- айлана-чөйрөгө чарбалык иштин тийгизген таасири жөнүндө мамлекеттик маалымат базасын түзөт, маалыматтарды талдайт жана кызыктар тараптарга жана уюмдарга маалыматтарды берет;
- Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- экологиялык мониторинг маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;
- долбоорлорду, бизнес-пландарды жана комплекстүү программаларды иштеп чыгууга катышат;
- экологиялык мониторинг жөнүндө маалыматтык-маалымдамалык материалдарды иштеп чыгат жана жайылтат;
- экологиялык мониторинг маселелери боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнөт жана аны Департаменттин ишинде пайдаланат;
- илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- өздөрүнүн кызматкерлерин экологиялык-аналитикалык лабораторияларды аккредитациялоо жол-жоболоруна эксперт катары жиберет;
- курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы улуттук стандарттарды макулдашууга катышат;
3) кызмат көрсөтүү функциялары:
- өз ишинин чөйрөсүндө уюмдарга жана жарандарга кызмат көрсөтөт, анын ичинде акы төлөөнүн негизинде;
- уюмдардын өтүнмөлөрү боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө келишимдин негизинде көмөк көрсөтөт;
4) колдоо функциялары:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, коомдоштук менен кызматташат;
- аймактык башкармалыктардын экологиялык мониторинг бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жана методикалык жактан камсыздайт;
- айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү системасында өлчөө натыйжаларынын бирдейлигин жана салыштырылышын камсыз кылат;
- экологиялык мониторинг жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатууну, даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат, тиешелүү багыттардагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин өндүрүштүк практикадан өтүүсүн камсыздайт;
- Департаменттин кызматкерлерин кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу программаларын иштеп чыгат;
- өз компетенциясынын чегинде жарандардын, анын ичинде юридикалык жактардын кайрылууларын (сунуштарын, арыздарын, даттанууларын) белгиленген тартипте карайт;
- Департаментти каржылоого тийиштүү бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Департаменттин мүлкүн пайдаланууну, техникалык тейлөөнү жана сактоону контролдойт, ошондой эле аны коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт;
- Департаментте бухгалтердик эсепти жана статистиканы уюштурат, финансылык жана чарбалык операцияларды жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугун контролдойт жана алардын мыйзамдарга ылайык келишин, бюджеттик каражаттардын үнөмдүү жана натыйжалуу чыгымдалышын камсыздайт;
- экологиялык мониторинг чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка функцияларды аткарат.
5. Департаменттин укуктары жана милдеттери
11. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды, тескемелерди чыгарууга;
- айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Министрликке киргизүүгө;
- ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан үлгүлөрдү алууну ишке ашыруу жана алардын ишинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо үчүн контролдоо жана көзөмөлдөө мамлекеттик органдары менен өз ара аракетте ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде режимдик), корголуучу аймактарга, экономикалык зоналарга жана башка объекттерге барууга;
- мыйзамда белгиленген тартипке ылайык айлана-чөйрөнүн объекттерине акы төлөнүүчү негизде лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- аккредитациялоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын айлана-чөйрөнүн объекттерин максаттуу пайдалануу мүмкүндүгүн ырастоосу үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн стандарттуу эмес методдорунун жарактуулугун баалоого;
- айлана-чөйрөнүн объекттерине лабораториялык изилдөө жүргүзүүнүн жана чарбалык субъекттерге өндүрүштүк мониторинг жүргүзүү кызматтарынын сапатына тышкы контролду уюштурууга;
- изилдөө иштери менен алектенген объекттерди аккредитациялоо боюнча жол-жоболорго катышууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка уюмдардан экологиялык мониторинг жүргүзүүгө байланышкан маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардан техникалык, гуманитардык жана финансылык жардамдарды алууга жана пайдаланууга, аны өз милдеттерин аткаруу максатында колдонууга;
- өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана милдеттерди алууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ болууга, негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска ээ болууга;
- экологиялык мониторинг жаатында семинарларды, улуттук жана эл аралык конференцияларды уюштурууга;
- экологиялык мониторинг жүргүзүү процессинде келип чыккан маселелерди чечүү максатында келишимдин негизинде эксперттерди жана адистерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
Департаменттин кызматкерлери айырмалоо белгиси менен бекитилген үлгүдөгү формалык кийимди кийип жүрүүгө укуктуу.
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ишин аткарууга;
- өз ара аракеттенүү пландарына ылайык жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы боюнча Министрликке жана кызыктар болгон мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарына, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттерге маалымат берүүгө.
13. Департаменттин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
15. Департаменттин директорунун бир орун басары бар, ал директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз Департаменттин директоруна баш иет жана Департаменттин ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде уюштурат. Директор жок учурда анын функцияларын тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Департаменттин директорунун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, алардын кызматтык милдеттери Министрликтин буйругу менен бекитилет.
16. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарылышын уюштурат, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоодо Департаменттин кызматкерлеринин катышуусун камсыздайт;
- кызматкерлердин белгиленген санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде Департаменттин штаттык ырааттамасын жана чыгымдардын сметасын министрдин бекитүүсүнө киргизет;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, анын атынан бардык ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, Департаменттин кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- сыноо протоколдоруна кол коёт, өз ыйгарым укуктарынын чегинде экологиялык мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- директордун орун басарынын ыйгарым укуктарын белгилейт, ага Департаменттин компетенциясына тиешелүү оперативдүү, уюштуруучулук, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну өткөрүп берүүгө укуктуу;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлоо түрлөрүн колдонот, ошондой эле аларга тартиптик чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Департаменттин персоналынын ишин өбөлгөлөө боюнча чечим кабыл алат;
- финансылык каражаттарды башкаруучу болуп саналат;
- Департаменттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7. Департаментти каржылоо жана анын мүлкү
17. Департаменттин чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
18. Департамент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчеттуулугун жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчёттук маалыматтарды даярдоону жана тийиштүү органдарга берүүнү камсыз кылат.
8. Жоопкерчилик
19. Департаменттин кызмат адамдары ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, мыйзамга каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда тартиптик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
20. Департаменттин кызматкерлеринин аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Корутунду жоболор
21. Департамент өзүнүн ишинде Министрликке отчет берет.
22. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
23. Департамент кайра уюштурулган жана жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782 токтомунун редакциясына ылайык)

- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;