Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-январы № 15
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоонун булагы болуп республикалык бюджет саналат деп аныкталсын.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |