Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 346
Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 122, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2023-жылдын 28-августундагы № 433 , 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162, 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87, 92-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүш-инновация борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 433 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2023-жылдын 28-августундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөрдүн укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 1 - № 28, № 30 - № 48, № 50 - № 52, № 954 - № 960 жол тейлөө мекемелери;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы" мамлекеттик ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун башкармалыгы" мекемеси;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолдорунун башкармалыгы" мекемеси;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Жалал-Абад - Балыкчы автомобиль жолдорунун башкармалыгы" мекемеси;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Ош-Баткен-Исфана автомобил жолунун башкармасы" мекемеси;
- "Жалал-Абад курулуш башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы;
- "Мамлекеттик жол-оңдоо курулуш башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр 7-тиркемеге ылайык киргизилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- бул токтомдо көрсөтүлгөн кайра түзүлгөн юридикалык жактарды өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- бар болгон штаттык бирдиктерди, жер участокторун, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун;
- эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте бошотулган штаттык бирдиктерди ишке орноштуруу боюнча республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбаган чараларды көрсүн;
- бул токтом менен аныкталган юридикалык жактарды белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүргүзсүн;
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
61.2022-жылдын 1-майына чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, күтүү, оңдоо, реконструкциялоо, куруу жана өнүктүрүү менен байланышкан иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти аркылуу жүргүзүлөт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 122 токтомуна редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин мамлекеттик ишканаларын өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 509 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту жана тиркемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту жана тиркемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-тиркемесинин 9-пункту.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
6-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
".
|
| 7-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жол" деген сөз "коммуникациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти жөнүндө жободо:
- аталышындагы, 1, 8-пункттарындагы "жол" деген сөз "коммуникациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы, 1-пунктундагы "министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент дорожного хозяйства при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".";
- 14-пунктунда:
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
он бешинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
- 23-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Департаментте директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган. Директордун орун басарлары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
- 24-пунктунда:
жетинчи, сегизинчи, он үчүнчү абзацтарындагы "жол" деген сөз "коммуникациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацындагы "жана жол-эксплуатациялоо мекемесинин начальнигин" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставында:
- 2, 4, 16, 33, 35, 38, 39, 97-пункттарындагы түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "жол" деген сөз "коммуникациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 42-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
- аталган Жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
7-пунктундагы "988", "184", "902", "169" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "614", "80", "528", "65" деген цифралар менен алмаштырылсын.
8-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 433 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 346
Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 122, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2023-жылдын 28-августундагы № 433 , 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162, 2026-жылдын 19-майындагы № 351 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87, 92-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүш-инновация борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык
2-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 433 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2023-жылдын 28-августундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөрдүн укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 1 - № 28, № 30 - № 48, № 50 - № 52, № 954 - № 960 жол тейлөө мекемелери;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы" мамлекеттик ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун башкармалыгы" мекемеси;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолдорунун башкармалыгы" мекемеси;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Жалал-Абад - Балыкчы автомобиль жолдорунун башкармалыгы" мекемеси;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Ош-Баткен-Исфана автомобил жолунун башкармасы" мекемеси;
- "Жалал-Абад курулуш башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы;
- "Мамлекеттик жол-оңдоо курулуш башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр 7-тиркемеге ылайык киргизилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- бул токтомдо көрсөтүлгөн кайра түзүлгөн юридикалык жактарды өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- бар болгон штаттык бирдиктерди, жер участокторун, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун;
- эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте бошотулган штаттык бирдиктерди ишке орноштуруу боюнча республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбаган чараларды көрсүн;
- бул токтом менен аныкталган юридикалык жактарды белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүргүзсүн;
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
61.2022-жылдын 1-майына чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, күтүү, оңдоо, реконструкциялоо, куруу жана өнүктүрүү менен байланышкан иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти аркылуу жүргүзүлөт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 122 токтомуна редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин мамлекеттик ишканаларын өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 509 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту жана тиркемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту жана тиркемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-тиркемесинин 9-пункту.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
6-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
".
|
| 7-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жол" деген сөз "коммуникациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык күчүн жоготту)