Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 375 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи Устав болуп саналат. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эсептелет.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргыз автобекети" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "КА" МИ";
2) расмий тилде: "ГП "КА".
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын жана коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана өз алдынча баланска ээ жана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
9. Мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдикти (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишкананын кирешесинин бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкананын түзүмүнө төмөнкү филиалдар кирет:
1) "Чыгыш автовокзалы" филиалы, толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Чыгыш автовокзалы" филиалы", дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Жибек-Жолу проспектиси, 263;
- расмий тилде: "Филиал "Чыгыш автовокзалы" государственного предприятия "Кыргыз автобекети" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики", адрес: Кыргызская Республика, город Бишкек, проспект Жибек-Жолу, 263;
2) "Ысык-Көл автовокзалы" филиалы, толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл автовокзалы" филиалы", дареги: Кыргыз Республикасы, Каракол шаары Пржевальск көчөсү, 149;
- расмий тилде: "Филиал "Ысык-Көл автовокзалы" государственного предприятия "Кыргыз автобекети" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики", адрес: Кыргызская Республика, город Каракол, улица Пржевальского, 149;
3) "Нарын автовокзалы" филиалы, толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Нарын автовокзалы" филиалы", дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын шаары, Ленин көчөсү, 7;
- расмий тилде: "Филиал "Нарын автовокзалы" государственного предприятия "Кыргыз автобекети" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики", адрес: Кыргызская Республика, город Нарын, улица Ленина, 7;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 375 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) "Жалал-Абад автовокзалы" филиалы, толук аталышы;
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Жалал-Абад автовокзалы" филиалы", дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 110;
- расмий тилде: "Филиал "Жалал-Абад автовокзалы" государственного предприятия "Кыргыз автобекети" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики", адрес: Кыргызская Республика, город Жалал-Абад, улица Ленина, 110;
6) "Талас автовокзалы" филиалы, толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Талас автовокзалы" филиалы", дареги: Кыргыз Республикасы, Талас шаары, Чынгыз Айтматов көчөсү, 107;
- расмий тилде: "Филиал "Талас автовокзалы" государственного предприятия "Кыргыз автобекети" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики", адрес: Кыргызская Республика, город Талас, улица Чынгыз Айтматова, 107.
12. Ишкананын филиалдары юридикалык жактар болуп саналбайт жана Ишкана тарабынан бекитилген филиалдар жөнүндө жоболордун негизинде иштейт. Ишкана өзүнүн филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат. Филиалдардын банктарда эсептери, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана мөөрү болот.
13. Филиалдардын директорлору Ишкананын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат орундарынан бошотулат.
14. Ишкананын юридикалык дареги: 720030, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чымкент көчөсү, 1.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
15. Ишкананын максаты жүргүнчүлөр жана авто ташуучулар үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу, ошондой эле киреше алуу болуп саналат.
16. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жана автобустук маршруттарды тейлеген ташуучуларга кызматтарды көрсөтүү;
2) автовокзалдардын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
3) ишкананын рентабелдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн жогорулатуу;
4) автовокзалдардын кызматкерлери үчүн, алардын натыйжалуу иши үчүн эмгек шарттарын түзүү, ишкананын эмгек жамаатынын ар бир мүчөсүнүн социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоо;
5) Ишкананын кызматтарынын ишин өркүндөтүү, аймактарынын, имараттарынын, жайларынын абалын жакшыртуу, өндүрүштүк процесстерди башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү;
6) Ишкананын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу жана кирешелүүлүгүн көбөйтүү үчүн аймактарды, имараттарды, жайларды, инженердик коммуникацияларды натыйжалуу пайдалануу.
17. Ишкана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) шаар четине жүрүүчү, шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүрүүчү автобустарды пайдаланган жүргүнчүлөр үчүн республиканын ичинде да, республиканын чегинен тышкары да ыңгайлуулуктарды түзүү боюнча автовокзалдардын ишин уюштуруу, ошондой эле жүргүнчүлөр топтолгон жерлерде автобустук каттамдарга билеттерди сатуу боюнча үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу жана маршрут боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды жүзөгө ашырган ар бир автобустун ишине диспетчердик контролду жүргүзүү;
2) маршрут боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды жүзөгө ашырган автобустарда жол кире үчүн билеттерди касса аркылуу өз убагында жана толугу менен сатууну уюштуруу, ошондой эле жүргүнчүлөргө автобустук ташууларды уюштуруунун маселелери боюнча маалымдоо;
3) Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдүн жана Ишкананын муктаждыгын канааттандыруу жана камсыз кылуу үчүн коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу;
4) расписаниелерге жана графиктерге ылайык автобустук маршруттардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө;
5) жаңы автовокзалдарды куруу, иштеп жаткан автовокзалдарды, ошондой эле кошумча кызматтарды кеңейтүү жана реконструкциялоо, өндүрүштүк процесске автоматташтыруу жана механизациялоо каражаттарын киргизүү;
6) менчигинин түрүнө карабастан ташуучулар, үзгүлтүксүз автобустук маршруттарды тейлөө үчүн авто ташуучуну аныктоого конкурстардын (тендерлердин) жеңүүчүлөрү менен Кыргыз Республикасынын автотранспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык келишимдерди түзүү;
7) рейстин алдында автобустарга күн сайын техникалык кароону (кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуучу түйүндөрдү жана агрегаттарды визуалдык кароону), рейске чыгардын алдында айдоочуларга медициналык күбөлөндүрүүнү уюштуруу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрү.
18. Ишкана Ишкананын кызыкчылыгын эске алуу менен же түзүлгөн келишимдин негизинде ар кандай кызматтарды өзү бекиткен баалар жана тарифтер боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга карата иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
19. Ишкана коюлган милдеттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашырууга;
2) монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоого;
3) кеңеш берүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга;
6) эмгек келишимин, мөөнөттүү эмгек келишимдерин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканадагы иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды тартууга;
7) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурларда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
8) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүзөгө ашырууга;
9) Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймактарында түзүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, менчик ээсинин макулдугу менен чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдик негизде юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
11) башка юридикалык жактар жана жеке адамдар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
12) финансылык-кредиттик мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
13) Ишкананын уставдык максаттарына, милдеттерине жана функцияларына ылайык юридикалык жактар менен алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, ошондой эле жеке жактар менен бүтүмдөрдү түзүүгө;
14) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары иштиктүү байланыштарды жүзөгө ашырууга.
20. Эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе Ишкана ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болууга.
21. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн максатына жетүү, милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана ишин аткарган жана кызмат көрсөткөн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылуучу иштерди каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген жоопкерчиликтерди тартууга;
4) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджет жана салык мыйзамдары, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыкты жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
5) чарба жүргүзүү укугуна өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
22. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде Ишканадагы ишин токтоткондон кийин да, мамлекеттик сырды жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
23. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын Уставын иштеп чыгуу, ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана (же) Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу тууралуу сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын башкы директору кызматына талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын башкы директорунун орун басарлары кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
9) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директору кызмат ордуна талапкерлерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
10) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
24. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерди, ошондой эле ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына барууга;
4) башкы директордун отчетторун угууга;
5) Ишкананын башкы директорун кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүүгө;
6) автотранспорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
25. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун ага белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
6) автотранспорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарууга.
5. Мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
26. Мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу тууралуу сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза кирешенин бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) башкы директордун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) башкы директорго жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына башкы директорду кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) башкы директордун сунушу боюнча башкы директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) башкы директорго жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) башкы директор жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишканага тиешелүү болгон мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо.
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерди, ошондой эле ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын башкы директорунун ишин баалоонун жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча башкы директорду кызмат ордунан бошотуу, аны сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде башкы директордун орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө;
4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) жооптуу кызматкерлерге Ишканага таандык болгон мүлктү натыйжалуу пайдаланууну, багыты боюнча пайдаланууну, ошондой эле сакталышын контролдоо максатында текшерүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө.
28. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган башкы директордон Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аталган документтерди макулдашууну жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин сунушталган долбоору менен макул болбогон учурда, аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде башкы директорго жазуу жүзүндөгү жүйөлүү баш тартууну жиберет.
29. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
6. Ишкананы башкаруу
30. Ишкананы башкарууну башкы директор жүзөгө ашырат, ал мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча мамлекеттик башкаруучу орган сунуштаган ишкананын жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
31. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башкы директор кызмат ордуна дайындалган адам менен үч жылга эмгек келишимин түзөт. Башкы директор эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Эмгек келишиминде Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө жоболор камтылууга тийиш, алардын көлөмү, тизмеги жана жол берилген маанилери стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык белгиленет.
32. Башкы директор төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын ишин баалоо жана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттерди жасаганда;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Башкы директорду кызмат ордунан бошотуу алар менен мамлекеттик башкаруучу органдын ортосунда түзүлгөн эмгек келишиминин бузулушуна алып келет.
33. Башкы директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторун мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруучу органдын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
34. Башкы директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлерине, филиалдардын директорлоруна аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарууга, көрсөтмөлөрдү берүүгө жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурууга;
6) Ишкананын башкы директорунун орун басарларынын, башкы бухгалтеринин ыйгарым укуктарын аныктоого;
7) филиалдарды ачуу, кайра уюштуруу жана жабуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;
8) Ишкананын филиалдары жана кызматкерлеринин иштөө режими жөнүндө жоболорду бекитүүгө;
9) Ишкананын филиалдарынын кирешелер жана чыгымдар сметасын, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүүгө;
10) Ишкананын кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонууга;
11) автобекеттин ташуучуларына, өнөктөштөрүнө жана үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга сыйлоо чараларын көрүүгө;
12) мыйзамдар, рыноктук конъюнктура, эмгек шарттары өзгөргөн учурларда ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды мамлекеттик башкаруучу органга киргизүүгө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
35. Башкы директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын бардык иш чөйрөсү менен байланышкан зарыл болгон бардык маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоого;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Башкы директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
36. Ишкананын башкы директорунун чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
37. Ишкананын башкы директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин милдеттүү түрдө аткаруусу үчүн буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка актыларын тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыз кылат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
38. Ишканада башкы директордун эки орун басарынын, анын ичинде биринчи орун басардын кызмат орду каралган, алар башкы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкы директордун орун басарлары менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда эмгек келишими түзүлөт.
39. Башкы директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат орду ээленгенге чейин анын милдеттерин аткаруу башкы директордун орун басарына жүктөлөт.
40. Ишкананын башкы бухгалтери башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, ага түздөн-түз баш иет. Башкы бухгалтер Ишкананын финансы каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуу жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
41. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
42. Башкы директорго карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чаралары мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан көрүлөт.
43. Башкы директор соттук тартипте төлөөгө жөндөмсүз деп таанылган Ишкананын чарбалык ишин башкаруу боюнча милдеттерин аткарбаган учурда (алдын ала көрө билүү милдеттенмесин, чыгымдардын пайда болушуна жол бербөө боюнча милдеттенмесин, банкроттукту алдын алуу боюнча милдеттенмесин) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
44. Башкы директорго кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тыюу салуулар, чектөөлөр жана кызыкчылыктар кагылышын башкаруу боюнча башка жоболор колдонулат.
7. Ишкананын жетекчилик курамы
45. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) башкы директор;
2) башкы директордун орун басарлары;
3) башкы бухгалтер.
46. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
47. Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
48. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке каршы кылмыштар жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартиби, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар адамдар, анын ичинде соттуулугу жоюлгандар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн ээлеген уюмдун жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан аны банкротко алып келген чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдар;
5) саясий, атайын, мамлекеттик административдик кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
49. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызматта турган мезгилде бир убакта жеке өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8. Эсеп, пландоо, отчеттуулук
50. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишти жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы мамлекеттик Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
51. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоону;
2) жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөөнү;
3) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
4) жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча планды;
5) уюштуруу планын;
6) финансылык планды;
7) тобокелдиктерди талдоону.
52. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча түзүлүүгө тийиш.
53. Ишкана бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин квартал сайын төмөнкүлөргө берет:
1) мамлекеттик башкаруучу органга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
54. Жыл сайын, 1-мартка чейин башкы директор мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторун мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
55. Ишкана салык салуу жана чогултуунун жалпы мамлекеттик системасын киргизүүнү жана экономикалык маалыматтарды иштеп чыгууну уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берет.
56. Башкы директор маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суроо-талап кылынган маалыматтарды берүүдөн баш тарткандыгы же бурмаланган маалымат бергендиги үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
57. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
58. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Ишкананын мүлкү жана финансысы
59. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда мүлккө ээ.
Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өздүк балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
60. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
2) мүлкү, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, натыйжалар, продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
61. Өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун жүзөгө ашырат.
62. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
63. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте жана мөөнөттө өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
64. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине таза кирешесинин бөлүгүнүн аларга бекитилген өлчөмүнүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтөт.
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
65. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүштүрүү же кайра түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүштүрүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы кайра түзүү жөнүндө чечим атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
66. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
67. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттин менчигиндеги (акционерлештирүү) ачык акционердик коом же жүз пайыз акциядагы (үлүштө) жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
68. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
69. Ишкананы жоюуну жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын башкы директор жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
70. Ишкананын ишинин процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 375, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомдорунун редакциясына ылайык)

91) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомунун редакциясына ылайык)