Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761, 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эсептелет.
5. Ишкананын фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Проектно-изыскательский институт "Кыргыздортранспроект" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызжолтрансдолбоор" ДИИ МИ;
2) расмий тилде: ГП ПИИ "Кыргыздортранспроект".
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын жана коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкананын өз алдынча балансы бар жана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларды копшогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Саманчин көчөсү, 6.
2. Ишкананын максаттары, ишинин предмети жана функциялары
12. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду), жол инфратүзүмүн жана капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоодо жана курууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн канааттандыруу;
2) технологиялык адистештирүүгө ылайык жолдорду, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) куруу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн долбоордук жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуу боюнча коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ишкананын ишинин предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) жана стратегиялык мааниге ээ жол инфратүзүм объекттерин жана мамлекеттин менчигинде турган башка объекттерди курууда, реконструкциялоодо, калыбына келтирүүдө, капиталдык оңдоодо бирдиктүү башкы долбоорлоочунун функциясын аткаруу;
2) автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) жана жол инфратүзүм объекттерин куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү, капиталдык оңдоо процессинде Ишкана долбоордун автору болуп саналган долбоордук документтердин талаптарынын сакталышына автордук көзөмөл жүргүзүүгө;
3) курулуш долбоорун башкаруу маселелери боюнча кызматтарды көрсөтүү жана техникалык көзөмөл жүргүзүү;
4) долбоорлоо маселелери боюнча башкаруу;
5) изилдөө жана долбоорлоо;
6) техникалык көзөмөл жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча башкаруу;
7) жарандык курулуш;
8) лабораториялык сыноолор;
9) илимий иш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инженердик-геодезиялык изилдөөлөр;
2) инженердик-геологиялык изилдөөлөр;
3) объекттердин шаар куруу документтерин иштеп чыгуу;
4) объекттерди архитектуралык долбоорлоо;
5) курулуш долбоорлоо жана конструкциялоо;
6) инженердик системаларды, тармактарды жана курулмаларды долбоорлоо;
7) ички жана тышкы системаларды, тармактарды жана курулуштарды долбоорлоо;
8) долбоорлордун атайын бөлүктөрүн иштеп чыгуу;
9) жол курулушуна илимий жана эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү илимий-техникалык стратегияны камсыздоо;
10) жаңы курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын киргизүү;
11) транспорт инфратүзүмүнүн, автомобиль жолдорунун капиталдык курулушу боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу;
12) жол курулушу, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорунун, аэродром элементтеринин (жасалма учуучу-конуучу тилкенин, буруучу жолчонун жана перрондун) курулушу, инженердик системалар жана жолдордогу курулмалар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-техникалык жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткаруу;
13) жол курулушуна, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорунун, аэродром элементтеринин (жасалма учуучу-конуучу тилкенин, буруучу жолчонун жана перрондун) курулушуна жол курулушу жаатында илимдин жана техниканын жетишкендиктерин долбоорлоо, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана курулмаларды чыгаруу аркылуу киргизүү;
14) курулуш конструкцияларына, буюмдарына жана материалдарына, автомобиль жолдоруна арбитраждык сыноолорду жүргүзүү;
15) илимий-техникалык консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
16) курулуш материалдарынын жана оңдоо иштеринин долбоорлорун аткаруунун сапатын контролдоо жана көзөмөлдөө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
15. Ишкана ушул Уставда белгиленген максаттарды жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча рыноктун конъюнктурасына ылайык коммерциялык уюмдар үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоого;
3) эл аралык финансы уюмдары өткөргөн эл аралык инвестициялык конкурстарга жалпы негиздерде катышууга;
4) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
5) өз функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
6) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды тартууга;
7) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө жөнөтүүгө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
8) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, менчик ээсинин макулдугу менен ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
11) башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
12) финансы-кредиттик мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
13) белгиленген тартипте жолдорду куруу үчүн долбоорлоо жана башка техникалык документтерди иштеп чыгууга тиешелүү маселелер боюнча келишимдерди, контракттарды түзүүгө жана башка иш-аракеттерди, анын ичинде кредиттик, векселдик жана банктык операцияларды жүргүзүүгө;
14) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн максатына жетүү жана милдеттерин, функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумушун аткарган жана кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн иштин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүү укугунда берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого.
17. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сыр сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
18. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
9) фонддордун, ассоциациялардын (бирикмелердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
Эскертүү: Берилген Уставдын 18-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 18-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
19. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
4) башкы директордун отчетун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунушту киргизүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
20. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананы башкаруу органдарын өз учурунда түзүүнү камсыздоого;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткарууга.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмү менен штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) башкы директордун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) башкы директордун жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) башкы директорго жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына башкы директорду кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) башкы директордун сунушу боюнча башкы директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) башкы директорго жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) башкы директор жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо.
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) башкы директордун ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына башкы директорду кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде башкы директордун орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, аларга карата сыйлоо же тартип жоопкерчилик чараларын колдонууга;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун, багыты боюнча пайдаланууну, ошондой эле анын сакталышын контролдоо максатында Ишкананы текшерүүгө жана аймагына барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө.
23. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын башкы директордон аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде макулдашууну ишке ашырат.
Ишкананын түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын сунушталган долбооруна макул болбогон учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган башкы директорго аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүйөлөнгөн жазуу жүзүндөгү баш тартууну жөнөтөт.
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга да ээ.
6. Ишкананы башкаруу
25. Ишкананы башкы директор башкарат, ал мамлекеттик башкаруучу органдын сунушунун негизинде, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
26. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башкы директордун кызмат ордуна дайындалган адам менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Эмгек келишиминде Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө жоболор камтылууга тийиш, алардын өлчөмү, тизмеси жана жол берилген маанилери стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык белгиленет.
27. Башкы директор төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) иши жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Башкы директорду кызмат ордунан бошотуу аны менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин ортосунда түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
28. Башкы директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын күндөлүк финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруучу органдын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
29. Башкы директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун, ошондой эле аларды коргоо тартибин аныктоого;
6) мыйзамдар, рыноктун конъюнктурасы, эмгек шарттары өзгөргөн учурларда мамлекеттик башкаруучу органга ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
30. Башкы директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттууулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын кайсы болбосун иш чөйрөсү менен байланышкан зарыл болгон бардык маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) укук коргоо органдарына Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө маалымдоого;
5) Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголгон сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткарууга.
31. Башкы директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
32. Башкы директор:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт.
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;
3) башкы директордун орун басарларынын, башкы инженердин, башкы бухгалтердин, Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жана адистеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
4) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
5) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
6) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
7) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) финансылык (бухгалтердик) отчеттордун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
11) мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыз кылат;
111) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
12) ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Башкы директор жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
34. Ишканада башкы директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган, алар башкы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкы директордун орун басарлары белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен эмгек келишимин түзөт.
35. Башкы директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин аткаруу бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы адам дайындалганга чейин башкы директордун орун басарына жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз ага баш иет. Башкы бухгалтер Ишкананын финансы каражаттарынын жана мүлкүнүн туура эсепке алынышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
37. Башкы директорго карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чаралары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан колдонулат.
38. Башкы директор Ишкананын чарбалык ишин башкаруу боюнча милдеттерин аткарбаган, сот тартибинде төлөөгө жөндөмсүз деп таанылган учурда (мурдатан көрө билүү милдетин, чыгашага жол бербөө милдетин, банкрот болтурбоо милдетин), Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
39. Башкы директорго Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарында каралган тыюу салуулар, чектөөлөр жана кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тууралуу башка жоболор жайылтылат.
7. Ишкананын жетекчилик курамы
40. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) башкы директор;
2) башкы директордун орун басарлары;
3) башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыш, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмышы үчүн соттолгон, анын ичинен соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан, чарбалык субъектте жетекчилик кызмат орундарын ээлеген, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) саясий, атайын, мамлекеттик административдик кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
43. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда болгон мезгилде жеке же ишенимдүү адамдары аркылуу бир эле учурда ишкерлик ишти жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
44. Ишкана финансылык-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
45. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармактын жана рыноктун баяндалышын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгын негиздөөнү;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдерди талдоону.
46. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө тапшырат:
1) мамлекеттик башкаруучу органга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
48. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө башкы директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын кийинки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун киргизет.
49. Ишкана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
50. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, маалыматты толук эмес бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн башкы директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
51. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада белгиленген тартипте ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
52. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте текшерилет.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
53. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана мүлккө чарба жүргүзүү укугунда ээ.
Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
54. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинен киреше, түшүм, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган киреше;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
55. Ишкана тарабынан өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын жүзөгө ашырат.
56. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
57. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте жана мөөнөттө өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
58. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине таза пайданын ал тарабынан бекитилген бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, ал андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
581. Ишкана, ошондой эле анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген, өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10 пайызынан ашпаган сумманы которот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
59. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында ишке ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча кабыл алынат.
60. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
61. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерлештирилген) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар менен милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгектик мамилелер жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
62. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
63. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын башкы директор жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
64. Ишкананын ишинин процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.