Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы N 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 236, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761, 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишин регламенттейт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.
3. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштей турган юридикалык жак болуп саналат жана оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ.
6. Борбордун өз алдынча балансы, финансы-чарбалык мекемелердеги эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Борбор жарандык жүгүртүүгө катышууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган келишимдерди түзөт.
8. Борбордун толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси";
2) расмий тилде: "Государственное учреждение "Производственно-инновационный центр" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
9. Борбордун кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "ӨИБ" ММ;
2) расмий тилде: ГУ "ПИЦ".
10. Борбордун юридикалык дареги: 720045, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 200.
2. Борбордун милдеттери жана функциялары
11. Борбордун максаты болуп автомобиль жолдорун куруу, капиталдык оңдоо, реабилитациялоо, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү үчүн инновациялык технологияларды, материалдарды жана жаңы техниканы ишке киргизүү саналат.
12. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) автомобиль жолдорунун абалына мониторинг жүргүзүү, автомобиль жолдорун курууда жана оңдоодо колдонулуучу технологияларды талдоо;
2) автомобиль жолдорун куруунун жана оңдоонун сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо;
3) жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө заманбап маалыматтык-коммуникациялык жана техникалык каражаттарды пайдалануу менен санариптештирүү процесстерин илгерилетүү;
4) тоннелдерди күтүү, эксплуатациялоо, сактоону камсыз кылуу, баалоо жана техникалык абалын кармоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Борбордун негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) тармактык илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) ведомстволук долбоорлорду, актыларды, стандарттарды, эрежелердин топтомун жана техникалык документтерди иштеп чыгуу;
3) монтаждоо, ишке киргизүү-тууралоо жумуштарын жүргүзүү, жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү аппараттык-программалык комплекстерди жана маалыматтык системаларды техникалык коштоо, тейлөө жана модернизациялоо;
4) автомобиль жолдорун эсепке алуу жана диагностикалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышуу;
5) автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын абалы жөнүндө маалымат базасын даярдоо;
6) жол-курулуш иштеринин жана колдонулган жол-курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана тетиктеринин сапатын аныктоо, техникалык тейлөө станцияларынын базасында жол-курулуш техникасын диагностикалоо, оңдоо жана тейлөө боюнча, ошондой эле өз ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү башка кызматтарды мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүнө жана уюмдарына көрсөтүү;
7) автомобиль жолдорун куруу, капиталдык оңдоо, реабилитациялоо, реконструкциялоо, оңдоо жана тейлөө үчүн инновациялык технологияларды, материалдарды жана жаңы техниканы киргизүүнүн алкагында куруу, монтаждоо, ишке киргизүү жана оңдоо жумуштарын жүргүзүү;
8) табигый кырсыктын (кар көчкү, сел, жер көчкү жана таш кулоо) таасирине кабылган автомобиль жолдорунун участокторунун абалына байкоо жүргүзүү;
9) стратегиялык жактан маанилүү объектилерге жана жол участокторуна (тоннелдер, ири көпүрөлөр, өкмөттүк трассалар ж.б.) сутка бою видеобайкоо жүргүзүүнү уюштуруу жана алардын ишин автоматтык түрдө контролдоо системаларын борборлоштуруу;
10) өзгөчө кырдаалдарда ар кандай кызматтарды координациялоо үчүн жол-транспорт тармагы боюнча сутка бою диспетчердик кызматты уюштуруу;
11) жолдордун негизги трассалары жана ашуу участокторунда байланыш системасын уюштуруу;
12) жолдорду табигый кырсыктардын таасиринен коргоо боюнча сунуштарды жана долбоорлорду даярдоо;
13) жол-курулуш техникасын жана жабдууларды эсептен чыгарууда алардын техникалык абалы жөнүндө корутундуларды даярдоо;
14) транспорт каражаттарынын, атайын техниканын, жол-курулуш техникасынын жана жабдуулардын отун сарптоо ченемдерин аныктоо жана жаңылоо боюнча иш;
15) жол техникаларын жана жабдууларды натыйжалуу пайдаланууну контролдоо системасын киргизүү, аларды коштоо;
16) жол-транспорт окуяларын талдоо, жолдордогу авариялык-кооптуу жерлерди жоюу боюнча сунуштарды жана долбоорлорду даярдоо;
17) жол жана транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
18) жол-транспорт тармагынын адистеринин, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, эмгекти коргоо жана ташуулардын коопсуздугу үчүн жооптуу ишкер субъекттердин жетекчилеринин жана адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
19) жүктөлгөн милдеттердин чегинде ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
20) техникалык тейлөө станцияларын ачуу, жол-транспорт комплекси үчүн запастык бөлүктөр жана агрегаттар менен камсыздоо боюнча чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иштерди жүргүзүү.
21) тоннелдер аркылуу автотранспорт каражаттарынын кыймылын жана жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшүн жыл бою, коопсуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо;
22) тоннелдер аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу инженердик системаларды талаптагыдай абалда кармоо;
23) автомобиль жолдорун күтүү, эксплуатациялоо, куруу, реконструкциялоо жана оңдоо маселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Лицензияланууга (уруксат алууга) тийиш болгон иштин түрлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Борбордун укуктары жана милдеттери
15. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын так сактоого;
2) Министрликтин тапшырмаларын аткарууга, суроо-талап түшкөн маалыматты жана зарыл болгон материалдарды белгиленген мөөнөттө берүүгө;
3) мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчет берүү тартибин сактоого;
5) Борбордо оперативдүү башкаруу укугунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого;
6) Борбордун кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
7) республикалык бюджетке төлөмдөр боюнча мыйзамдарда каралган милдеттенмелерди өз учурунда аткарууга.
16. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Борбордун өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык ишин өз алдынча пландоого;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо, күтүү жана жашылдандыруу үчүн долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү;
3) калкка, мамлекеттик бийлик органдарына жана юридикалык жактарга менчигинин уюштуруучулук-укуктук түрүнө карабастан, өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүгө;
4) эл аралык каржы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
5) Борбордун кызматкерлерине консультация берүү, аларды окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
6) Борбордун кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн иш сапарларга жиберүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга жана алууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүгө;
9) жарнак берүүчү катары чыгууга;
10) Министрликке Кыргыз Республикасынын аймагында Борбордун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, аларга Борбор тарабынан берилген ишеним каттын негизинде ишти жүзөгө ашырууга укук берүүгө;
11) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү, куруу, оңдоо жана күтүү долбоорлору боюнча Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
12) илимий иштеп чыгууларды, жаңы технологияларды, жабдууларды, приборлорду, инструменттерди, курулуш материалдарын, комплекттөөчү компоненттерди, машиналарды, механизмдерди белгиленген тартипте сатып алууга;
13) Борбордун иши үчүн зарыл болгон келишимдерди белгиленген тартипте түзүүгө;
14) Борбордун ишин уюштурууну, иштин формаларын жана ыкмаларын өркүндөтүүгө, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга;
15) Министрликке түзүмүн, штаттык санын жана штаттык ырааттамасын, кирешелердин жана чыгашалардын сметасын, ошондой эле Борбордун ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды бекитүү үчүн киргизет;
16) Министрлик менен макулдашуу боюнча басылмаларды (бюллетендер, буклеттер, гезиттер, журналдар, жарнамалык проспекттер, жыйнактар, брошюралар, китептер ж.б.) белгиленген тартипте түзүүгө;
17) банк мекемелеринде алыш-бериш эсептерин ачууга жана накталай эмес, ошондой эле накталай каражаттар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө.
4. Башкаруу
17. Борбордун ишин Борбордун директору жетектейт.
18. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун эки орун басары бар, аларды Борбордун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Борбордун директору:
1) Борбордун ишин жетектейт, Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) Борбордун кадрдык, кесиптик саясатын аныктайт, финансы маселелерин чечет, мамлекеттик бийлик органдары, эл аралык институттар жана ишкердик субъектилер менен анын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
3) кызматкерлердин функциялык милдеттерин бекитет жана келишим (контракт) боюнча иштеп жаткан кызматкерлерге жана адистерге акы төлөө өлчөмүн белгилейт;
4) мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, ишкердик субъекттер жана сот органдары менен өз ара мамилелерде Борбордун кызыкчылыгын ишеним катсыз коргойт;
5) Борбордун түзүмүн, штаттык санын, штаттык ырааттамасын жана чыгашалар сметасын Министрликтин бекитүүсүнө киргизет;
6) Борбордун кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
7) Борбордун штаттык кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
8) аткарылган иштер боюнча жыл сайын Министрликке отчет берет;
9) буйруктарды чыгарат, ишеним каттарды берет, Борбордун атынан жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт.
10) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мүлкү
20. Борбордун мүлкү Уюштуруучу өткөрүп берген негизги жана жүгүртүүчү каражаттардан, ошондой эле абалы Борбордун балансында өзүнчө сап менен чагылдырылган башка баалуулуктардан, жабдуулардан жана материалдардан турат.
21. Борборго берилген мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Борбор тарабынан Борбордун уставдык максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланылат.
22. Төмөнкүлөр Борбордун мүлкүн түзүү булактары болуп саналат:
1) бюджеттик каражаттар;
2) долбоордук каржылоо;
3) мамлекеттик органдар, коммерциялык ишканалар, юридикалык жана жеке жактар менен эки тараптуу жана көп таралтуу келишимдин негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган каражаттар;
4) чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк, басма жана башка иштерди жүргүзүүдөн түшкөн каражаттар;
5) жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар жана кайрымдуулук каражаттары;
6) эл аралык уюмдардын гранттары жана кредиттери;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
6. Борбордун ишин эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо
23. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт.
24. Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар контролдойт.
25. Борбор Министрликке өзүнүн иши тууралуу жылдык отчетторду берип турат.
26. Жыл ичиндеги финансылык отчеттун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн Борбордун ишин Министрлик жыл сайын текшерип турат.
27. Аудитордук текшерүү Министрликтин чечими боюнча каалаган учурда жүргүзүлүшү мүмкүн.
271. Борбор, ошондой эле анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген, өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10 пайызынан ашпаган сумманы которот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Кайра уюштуруу жана жоюу
28. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу мыйзамдарда белгиленген тартипте Уюштуруучунун чечими боюнча жүргүзүлөт.
29. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.