Сравнение редакций…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы N 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызавтожол" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызавтожол" МИ;
2) расмий тилде: ГП "Кыргызавтожол".
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын жана коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана өз алдынча баланска ээ жана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчиликти (гарантияны) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги максаты болуп жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча мамлекеттик заказды аткаруу жана өнүккөн жол тармагында автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүүсүн камсыз кылууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке адамдардын муктаждыктарын канааттандыруу саналат.
13. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жыл бою коопсуз жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу;
2) тейлөө сапатынын ченемдик деңгээлин камсыз кылуу жана ченемдик-техникалык документтердин жана автомобиль жолдорунун абалы жана күтүү боюнча стандарттардын талаптарына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын оңдоого жана күтүүгө бөлүнгөн финансылык жана материалдык ресурстарды, анын ичинде прогрессивдүү жана ресурс үнөмдөөчү жол технологияларын жана материалдарын ишке киргизүү аркылуу максаттуу, үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу;
4) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоого арналган имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, транспортту жана башка негизги фонддорду, каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, аларга бекитилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын күтүү жана учурдагы оңдоо боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн аларды талаптагыдай күтүүнү жана өз убагында оңдоону уюштуруу;
5) Ишкананын иштеши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү.
14. Ишкана милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын сактоо менен учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;
2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды капиталдык, орто жана учурдагы оңдоо, жакшыртуу боюнча мамлекеттик заказдарды жана пландарды аткаруу;
3) жолдорду жана көпүрөлөрдү, транспорттук курулмаларды, коргоочу дамбаларды куруу, жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү жана мамлекеттик маанидеги башка объектилерди куруу;
4) транспорттук жана өнөр жай-жарандык курулуш үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
5) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган жана башка мамлекеттик органдар менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана автомобиль жолдорун жакшыртуу маселелерин чечүү боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалына туруктуу байкоо жүргүзүү;
7) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана алардагы жасалма курулмалардын техникалык абалын баалоо;
8) жолдун канааттандырарлык эмес шарттары менен байланышкан жол-транспорт кырсыктарына талдоо жүргүзүү, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
9) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте жол кыймылын уюштуруу схемаларын, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жүрүүчү бөлүгүнүн жол белгилерин, көрсөтмөлөрүн жана белгилерин коюу схемаларын иштеп чыгуу;
10) жол жумуштарын жүргүзүү мезгилинде транспорт каражаттарынын кыймылын уюштуруу схемаларын, ошондой эле транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсүн жана бул жумуштарды коопсуз жүргүзүү боюнча иш-чараларды белгиленген тартипте макулдашууну камсыз кылуу;
11) оор жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүдө келтирген зыянынын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
12) автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык абалды автомобиль жолдорунун зыяндуу таасиринен сактоону жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
13) авариялык кооптуу участокторду эсепке алуу жана жоюу, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды болтурбоо жана транспорт каражаттарынын кыймылына чектөөлөр боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
14) Автомобиль жолдорун пайдалануучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына, ошондой эле башка кызыкдар адамдарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүүнүн шарттары жөнүндө маалымдоо;
15) жол жана жол боюндагы тейлөө объекттерин уюштуруу;
16) жүк ташуу жана жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук-экспедициялык иштерди жүзөгө ашыруу;
17) продукцияны, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана сатуу боюнча келишимдердин негизинде юридикалык жана жеке жактар (анын ичинде чет өлкөлүк) менен өз ара мамилелерди ишке ашыруу;
18) оңдоо-курулуш материалдарын өндүрүү, сатып алуу жана сатуу;
19) карьердик иштерди жүргүзүү;
20) жол куруу тармагында адистерди уюштуруу жана даярдоо;
21) франк-кампа чарбаларын уюштуруу;
22) жол куруу, жолдордогу инженердик системалар жана курулмалар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-техникалык жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу;
23) жол курулушу жаатындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин жол курулушуна киргизүү, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана конструкцияларды өндүрүү;
24) илимий-техникалык консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
25) Ишкананын иштеши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
26) Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароону, аларга жазуу жүзүндө жоопторду даярдоону камсыз кылуу.
15. Лицензияланууга (уруксаттарга) тийиш болгон иштин түрлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырылат.
16. Ишкана көрсөтүлгөн кызматтар боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша, Ишкананын кызыкчылыктарын эске алуу менен же кардар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз алдынча белгиленген баалар жана тарифтер боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
17. Түз каржылоо учурунда мамлекеттик муктаждыктар үчүн жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалар жана тарифтер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл сатып алууларды жүзөгө ашырууга;
2) эл аралык финансылык уюмдар өткөрүүчү эл аралык инвестициялык конкурстарга жалпы негизде катышууга;
3) рынок конъюнктурасынын негизинде коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоого;
4) ушул Уставда каралган иштин багыттарынын чегиндеги талаптардын жана суроо-талаптын негизинде заказдардын портфелин түзүүгө жана өзүнүн финансы-чарбалык ишин жүзөгө ашырууга;
5) келишимдердин (контракттардын) негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекетинин, чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жана Кыргыз Республикасынын калкынын керектөөлөрүнө ылайык аткарылуучу жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоого;
6) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
7) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардан гранттарды жана каражаттарды тартууга;
8) өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга жана милдеттенмелерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
9) республиканын аймагында да, чет өлкөлөрдө да юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
10) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке адамдарды белгиленген тартипте тартууга;
11) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде зарыл болгон учурда чет өлкөгө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жөнөтүүгө;
12) эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырууга;
13) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорттук каражаттарды, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдик негизде юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
15) мүлктү пайдаланууга жана тескөөгө, жоопкерчилик тартууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
16) улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда өзүнүн негизги фондуларына жана жүгүртүү каражаттарына ээ болууга;
17) атайын мекемелерден, мамлекеттик жана башка банктардан, ишканалардан жана жарандардан, анын ичинде чет өлкөлүктөрдөн кредиттерди алууга;
18) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
19. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарды аткарган жана кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткарууга;
2) ишкананы өнүктүрүүнүн комплекстүү, узак мөөнөттүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууга;
3) курулуштун натыйжалуулугун жогорулатуу, капиталдык салымдарды, негизги фондуларды, эмгек, материалдык жана финансы ресурстарын пайдалануу маселелерин чечүүнү камсыз кылууга;
4) өзүнүн курулуш комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, подряддык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгууга;
5) өздүк курулуш объекттери боюнча долбоорлорду иштеп чыгууну уюштурууга, аларды белгиленген тартипте экспертизага жана бекитүүгө киргизүүгө;
6) жолдорду жана жасалма курулмаларды курууда илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүүнү камсыз кылууга;
7) кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
9) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
10) жумушчулардын ден соолугуна зыян келтирбестен, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү эмгектин ыңгайлуу шарттарын, турмуш-тиричилик жана башка зарыл шарттарды түзүүгө;
11) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылууга;
12) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик, статистикалык жана оперативдүү эсептерди жүргүзүүгө жана алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө;
15) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын башкы директорунун жана филиалдардын директорлорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директору кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кийин сунуштоо үчүн киргизүү;
9) филиалдардын директорлорун дайындоого талапкерлерди макулдашуу;
10) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иштин тейлеген чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелери боюнча Ишканага көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишти жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) башкы директордун отчетторун угууга;
5) Ишкананын башкы директорун кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
22. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө билдирүүгө;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарууга.
5. Ишкананын түзүмү жана башкаруу
23. Ишкананын түзүмүнө Ишкананын борбордук аппараты жана филиалдары кирет.
24. Ишкананы башкарууну Ишкананын башкы директору жүзөгө ашырат, ал Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча мамлекеттик башкаруучу орган сунуштаган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
25. Башкы директор эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Башкы директор төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча ишине канааттандырарлык эмес баа берилсе;
2) Ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттер болсо;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Башкы директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди ишке кабыл алуунун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзүүнү уюштуруу;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргоо;
12) башкы директордун орун басарларынын, башкы инженердин, Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жана адистеринин ыйгарым укуктарын белгилөө;
13) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алууну жана бошотууну ишке ашыруу;
14) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү;
15) Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу, алардын аткарылышын контролдоо;
16) мамлекеттик башкаруучу органдын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескөө;
18) Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Башкы директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун, ошондой эле аларды коргоонун тартибин аныктоого;
6) Ишкананын кызматкерлерине сыйлыктарды берүүнүн тартибин аныктоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
29. Башкы директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана стратегиялык өнүктүрүү планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды, түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле ага Ишкананын ишинин кайсы гана болбосун чөйрөсү менен байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди да аткарууга.
30. Башкы директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Башкы директор жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышына; финансылык (бухгалтердик) отчеттун абалына, Ишкананын финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышына, өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат.
32. Ишканада башкы директордун үч орун басарынын кызмат орду каралган. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
33. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, жетекчи менен жетекчинин орун басарларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык өздөрүнө жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин жетектейт.
Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу башкы директор жок учурда башкы директордун тийиштүү буйругунун негизинде башкы директордун биринчи орун басарына берилет.
34. Башкы директорду ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу башкы директордун орун басарына жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтери башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, ага түздөн-түз баш иет. Башкы бухгалтер Ишкананын финансылык каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
36. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
37. Ишкананын филиалдары бар, алар Ишкана бекиткен жоболордун негизинде иштейт, төмөнкү даректе жайгашкан филиалдардын иши үчүн Ишкана толук жоопкерчилик тартат:
- Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Масалиев көчөсү, 16 "а";
- Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары, Раззаков көчөсү, 19;
- Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас шаары, Ч.Айтматов көчөсү, 380;
- Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 80;
- Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Достук көчөсү, 7;
- Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен шаары, Баткен-Бужум көчөсү, 2-км.
38. Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
39. Ишкананын филиалдары юридикалык жак болуп саналбайт жана филиал жөнүндө жобонун негизинде иштешет. Филиалдардын банктарда эсептери, өзүнүн номери жана аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүлгөн штамптары жана мөөрү бар.
40. Филиалдардын жетекчилери мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу боюнча башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат жана аларга башкы директор берген ишеним каттардын негизинде иштейт.
41. Ишкананын филиалдарынын жетекчилери кызмат ордунан бошотулган учурда көрсөтүлгөн ишеним каттардын күчү токтотулат.
6. Финансы-чарбалык иш, эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
42. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
43. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармактын жана рыноктун баяндалышын, ишкана тарабынан өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгын негиздөөнү;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдиктерди талдоону.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жөнөтүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
45. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка ар кандай шарттарын аныктоодо эркин иш жүргүзөт.
46. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө тапшырат:
1) мамлекеттик башкаруучу органга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
48. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын башкы директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын кийинки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун киргизет,
49. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
50. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, маалыматты толук эмес бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
51. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте текшерилет.
7. Ишкананын мүлкү жана финансы
52. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугу берилбейт. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана мамлекеттик менчик болуп саналган жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү, экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн Ишкананын балансына берилген башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
54. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинен киреше, түшүм, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган киреше;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
55. Ишкананын машиналары жана механизмдери Ишкананын бюджетинде каралган каражаттары болгон учурда глобалдык орун жайгаштыруу системасынын (Global Positioning System) навигациялык аппаратурасы же глобалдык навигациялык спутниктик системасы (ГЛОНАСС) менен жабдылышы керек.
56. Ишкана тарабынан өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын жүзөгө ашырат.
57. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
58. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте жана мөөнөттө өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
59. Ишкана жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешени толук өлчөмдө стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашырууга жиберет.
60. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же ал мүлктү уюштуруучунун макулдугусуз башкача ыкма менен тескөөгө укуксуз.
61. Ишкана өндүрүштүк иштин натыйжаларын, чыгарылган продукцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин Ишкананын карамагында калган таза пайданы өз алдынча тескейт.
62. Ишкананын карамагында калган таза пайда Ишкана тарабынан төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) жолдорду тейлөө үчүн жаңы техниканы жана технологияларды киргизүүгө, өздөштүрүүгө;
2) Ишкананын финансы-чарбалык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, жүгүртүү каражаттарын толуктоого;
3) негизги фонддорду курууга, реконструкциялоого, жаңылоого;
4) Ишкананын кызматкерлерин материалдык жактан өбөлгөлөөгө, окутууга жана алардын квалификациясын жогорулатууга.
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
63. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында ишке ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
64. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
65. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерлештирилген) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
66. Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар менен милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгектик мамилелер жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
67. Ишкана жоюлушу мүмкүн:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
68. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын башкы директор жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарды алат.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
69. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызавтожол" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызавтожол" МИ;
2) расмий тилде: ГП "Кыргызавтожол".
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын жана коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана өз алдынча баланска ээ жана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчиликти (гарантияны) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын ишинин негизги максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча заказды аткаруу жана өнүккөн жол тармагынын участокторунда автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүн камсыз кылууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жыл бою коопсуз жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу;
2) тейлөө сапатынын ченемдик деңгээлин камсыз кылуу жана ченемдик-техникалык документтердин жана автомобиль жолдорунун абалы жана күтүү боюнча стандарттардын талаптарына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) оңдоого жана күтүүгө бөлүнгөн финансылык жана материалдык ресурстарды, анын ичинде прогрессивдүү жана ресурс үнөмдөөчү жол технологияларын жана материалдарын ишке киргизүү аркылуу максаттуу, үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу;
4) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоого арналган имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, транспортту жана башка негизги фонддорду, каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, аларга бекитилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын күтүү жана учурдагы оңдоо боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн аларды талаптагыдай күтүүнү жана өз убагында оңдоону уюштуруу;
5) Ишкананын иштеши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ишкана милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын сактоо менен учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;
2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча заказдарды жана пландарды аткаруу;