Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын тургундарын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-статьяларына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 11-ноябрындагы № 02/1-04/1312 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 4-ноябрындагы № 140 тескемесин эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан жана мамлекеттик менчиктеги Чаткал токой чарбасынын Терек-Сай токойчулугунун (№ 8 кварталынын № 40, 42, 43, 44, 45 бөлүктөрүндөгү) 2,6 га жер "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына жеке турак үйлөрдү куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |