Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук түзүмү болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдар, ошондой эле жеке жактар тарабынан ушул мыйзамдар жайылтылган Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат.
4. Кызмат өз ишин аткаруу бийлигинин органдары, мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, прокуратура, кесиптик бирликтер бирикмелери, иш берүүчүлөр, башка коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.
5. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү бар, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, казыналык системасында эсептери болот. Кызматтын мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугунун негизинде бекитилип берилет.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат";
- расмий тилде: "Служба по контролю и надзору трудового законодательства при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
Кызматтын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - "ЭМККК";
- расмий тилде - "СКНТЗ".
Кызматтын уюштуруучулук-укуктук формасы - мекеме.
7. Кызматтын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 197.
2. Кызматтын максаты
8. Кызматтын максаты эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоонун сакталышын камсыз кылууга мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруу болуп саналат.
3. Кызматтын негизги милдеттери
9. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жарандардын эмгек укуктарынын сакталышын жана корголушун, ошондой эле эмгекти коргоо талаптарын камсыздоо;
- иш берүүчүлөрдүн эмгек мыйзамдарын сактоосун камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөрдү жана кызматкерлерди эмгек мыйзамдарынын жоболорун сактоонун кыйла натыйжалуу каражаттары жана ыкмалары жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсүн өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтүү.
4. Кызматтын функциялары
10. Милдеттерине ылайык Кызмат төмөнкүдөй негизги функцияларды ишке ашырат:
- уюмдарда эмгек мыйзамдарынын, эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына текшерүү, сурамжылоо жүргүзүү, бузууларды четтетүү боюнча аткарууга милдеттүү буйруктарды чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу аркылуу мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- аныкталган бузуулардын жагдайларын жана себептерин талдайт, аларды четтетүү жана жарандардын бузулган эмгек укуктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт;
- өндүрүштүк кырсыктарды белгиленген тартипте териштирет, алардын себептерин талдайт, мындай учурларды болтурбоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана жеңил бөөдө кырсыктардын өндүрүш менен байланышы жоктугу жөнүндө иш берүүчүлөрдүн комиссиясынын корутундуларын макулдашат;
- колдонуу практикасын жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарын бузуунун себептерин талдайт, аларды жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды даярдайт;
- балдардын эмгегин пайдаланууга текшерүүнү ишке ашырат;
- өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөөнүн жана эсепке алуунун белгиленген тартибин сактоого контролду ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
- Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашырат жана уюштуруучулук, методикалык жетекчиликти, аларды ченемдик камсыздоону камсыз кылат;
- эмгек инспекторлорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Министрлик аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине эмгекти коргоонун жана эмгек шарттарынын абалы жөнүндө ар жылдык отчет берет;
- өндүрүштүк травмалар жана кесиптик оорунун абалын жана себептерин талдайт, алардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо жана коомдук контролдоо органдарынын ишин координациялайт;
- уюмдарда аныкталган эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө коомчулукка маалымдайт;
- жумушчулардын эмгек укуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш берүүчүлөрдү жана жумушчуларды эмгекти коргоо маселелери боюнча окутууга көмөк көрсөтөт;
- жарандарды кабыл алат, жарандардын эмгек укуктарынын бузулушу жөнүндө алардын арыздарын, даттанууларын жана башка кайрылууларын карайт жана консультация берет, аныкталган бузууларды четтетүү жана бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматка жүктөлгөн башка функцияларды аткарат.
5. Кызматтын укуктары
11. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарда Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарынын сакталышы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- уюмдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, иш берүүчүлөрдөн (алардын өкүлдөрүнөн) көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- аткаруу бийлигинин органдарынан жана алардын аймактык бөлүмдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, статистикалык органдардан, прокуратура органдарынан, укук коргоо органдарынан жана башка уюмдардан Кызматка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды жана башка маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарынын аныкталган бузууларын четтетүү жөнүндө, бул бузуулар үчүн күнөөлүү адамдарды тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунуштары же аларды белгиленген тартипте ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө талаптар менен жарандардын бузулган эмгек укуктарын калыбына келтирүү тууралуу иш берүүчүлөргө (алардын өкүлдөрүнө) аткарууга милдеттүү жазма буйруктарды берүүгө;
- бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
- укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузууга күнөөлүү адамдарга укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте айып салууга, зарыл болгон учурда аларды өндүрүштөгү иштерге жана материалдарга байланыштуу чакырууга, ошондой эле укук коргоо жана башка көзөмөл органдарына бул адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды жиберүүгө, сотко доо коюуга;
- кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эмгекти коргоо боюнча эрежелерди жана ченемдерди бузуулар аныкталган учурда айрым өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жана жабдуулардын ишин белгиленген тартипте бул бузуулар четтетилгенге чейин токтотууга;
- белгиленген тартипте жумушту аткаруунун коопсуз методдоруна жана ыкмаларына, эмгекти коргоо боюнча нускоодон, жумуш орундарында окутуудан өтпөгөн адамдарды жумуштан четтетүүнү талап кылууга;
- эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуу, өндүрүштө кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо боюнча сотто эксперт катары чыгууга;
- иш берүүчүгө (анын өкүлүнө) билдирүү менен колдонулган же кайра иштетилген материалдардын жана заттардын үлгүлөрүн талдоо үчүн алууга;
- айырмалоочу белгилери бар бекитилген үлгүдөгү форма кийимин кийүүгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарын бузуулар боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн жарандарды чакырууга;
- шайкештик сертификаттары жок же эмгекти коргоо талаптарына жооп бербеген кызматкерлер үчүн жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салуу;
- Министрликке эмгек жана эмгекти коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- эмгекти коргоо жана эмгек шарттары боюнча ченемдик укуктук актылардын, ченемдик-методикалык жана ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун кароого жана макулдашууга;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча окуу, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иш менен алектенүү үчүн уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
-- Кызматтын компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин ичинен убактылуу илимий-техникалык кеңештерди, жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүгө;
- КМШга мүчө мамлекеттердин, чет мамлекеттердин эмгекти коргоо жаатындагы тиешелүү көзөмөлдөө жана контролдоо органдары, өз компетенциясынын алкагында эл аралык уюмдар жана союздар менен кызматташууну өнүктүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Кызматтын ишин уюштуруу
12. Кызматты Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
Кызматтын директору Кыргыз Республикасынын Башкы эмгек инспектору болуп саналат.
Кызматтын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министр бекитет.
Кызматтын директору:
- Кызматка жетекчиликти бир жактуу башкаруунун негизинде ишке ашырат жана жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы, ага берилген укуктардын жана жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, анын ичинде отчеттук маалыматтын ишенимдүүлүгү, финансылык-чарбалык иштин ченемдеринин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- Кызматтын түзүмүн, штаттык ырааттамасын министрге бекитүүгө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын бардык мекемелеринде жана уюмдарында, ошондой эле өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралык уюмдарда Кызматтын атынан чыгат;
- эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык Кызматтын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, кызматкерлердин функциялык милдеттерин бекитет, алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат, алар тарабынан мыйзамдардын, кызматтык жана аткаруучулук тартиптин, ички эмгек тартибинин сакталышы боюнча чараларды кабыл алат, аларды сыйлоо жана тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелерин, ошондой эле алар тарабынан мамлекеттик кызматты өтөөсү менен байланышкан башка маселелерди чечет;
- өз компетенциясынын алкагында Кызматтын локалдык ченемдик актыларын, ошондой эле так отчеттук бланктарынын үлгүлөрүн бекитет;
- Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
- иш кагаздарын жүргүзүү ченемдеринин сакталышын, документтердин сакталышын жана аларды белгиленген тартипте Улуттук архив фондуна сактоого өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
- Кызматтын жана эмгек инспекторлорунун мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- жүктөлгөн милдеттерге жана жогору турган органдардын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
13. Кызматтын директорунун бир орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын Башкы эмгек инспекторунун opyн басары болуп саналат, түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын алкагында Кызматтын ишин уюштурат.
Директор жок болгон учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.
14. Кызматта директорго баш ийген, белгиленген тартипте Кызматтын директору тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу аймактык эмгек инспекторлору болот.
15. Кызматтын эмгек жана эмгекти коргоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укук берилген кызматкерлери эмгек инспекторлору болуп саналат.
16. Эмгек инспекторлору так отчеттуулуктагы бланктарды колдонушат.
Эмгек инспекторлорунун бирдей үлгүдөгү күбөлүктөрү, ошондой эле алар көрсөткөн кызматтын аталышы жана жеке номери бар мөөрү болот.
Эмгек инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда ээлеген кызматына ылайык айырмалоо белгилери бар, алар үчүн белгиленген форманы кийүүгө тийиш.
17. Кызматтын кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Иштин көчмө мүнөзү үчүн эмгек инспекторлоруна транспорттук кызматтарды пайдалануу үчүн белгиленген тартипте эмгек акы төлөнөт.
7. Корутунду жоболор
18. Кызматтын чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
19. Кызматтын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
20. Кызматтын иши токтотулган учурда Кызматтын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)

– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- жүктөлгөн милдеттерге жана жогору турган органдардын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык).