Сравнение редакций…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Инновациялык борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) ведомстволук уюму болуп саналат.
4. Инновациялык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргызпатент жөнүндө жобону, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргызпатенттин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Инновациялык борбор мамлекеттик менчикте турган обочолотулган мүлктү ыкчам башкаруу укугу берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык казыналык өздүк эсеби, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланктары бар. Инновациялык борбордун уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Инновациялык борбордун фирмалык аталышы:
толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: Государственное учреждение "Инновационный центр" при Государственном агентстве интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики";
кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инновациялык борбор" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Инновационный центр".
7. Инновациялык борбордун юридикалык дареги: 720021 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
2. Инновациялык борбордун максаты
8. Инновациялык борбордун ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында тиешелүү инновациялык экосистеманы калыптандыруу үчүн Кыргыз Республикасында инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана илгерилетүү эсептелет.
3. Инновациялык борбордун милдеттери
9. Инновациялык борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо;
2) инновациялык, жаштар жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү жана жайылтуу;
3) инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу үчүн тиешелүү инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү;
4) интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча кабарландырууну жогорулатуу;
5) балдардын жана жаштардын инновациялык ишмердүүлүк жаатында билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуучу курстарды коштоо жана колдоо;
6) мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык маалымат фондун калыптандыруу жана пайдалануучулардын сурамдарын тейлөө;
7) маалымдама-библиографиялык аппаратты жана маалымат базаларын уюштуруу жана аларды автоматташтырылган режимде жүргүзүү;
8) пайдалануучуларды ыкчам жана толук китепканалык, маалыматтык-библиографиялык жактан тейлөө;
9) интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы иш-чараларды (көргөзмөлөр, конкурстар, семинарлар, илимий-теориялык жана практикалык конференцияларды жана башка иш-чараларды) уюштуруу жана өткөрүү;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
4. Инновациялык борбордун функциялары
10. Инновациялык борбордун функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- инновациялар чөйрөсүндөгү абалды талдоо жана мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- инновациялык экосистеманын катышуучуларынын маалымат базаларын түзүү жана инновациялык экосистеманын абалына талдоо жүргүзүү;
- жеке жана юридикалык жактарга келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин түзүү, укуктук коргоо берүү жана пайдалануу жаатында консультациялык жана маалымдама-маалыматтык кызмат көрсөтүү;
- акысыз жана/же коммерциялык патенттик/патенттик эмес маалымат базаларын, техникалык журналдарды пайдалануу менен техникалык маалыматтарды издөөгө көмөктөшүү, ошондой эле маалымат базаларынын эл аралык системалары боюнча издөөнү окутуу;
- Инновациялык борбордун инфраструктурасын пайдалануу менен иштелмелерди жаратууну колдоо жана коммерциялаштыруу, аларды андан ары ишке киргизүү аркылуу ата мекендик инновациялык ишканаларды жана ойлоп табуучуларды илгерилетүү;
- Инновациялык борбордун инфраструктурасын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриясынын жана инновациялык ишканалардын өкүлдөрүн колдоо;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда инновациялык ишмердүүлүктү колдоо үчүн инновациялык аянтчаларды өнүктүрүү жана илгерилетүү;
- инновациялар экосистемасынын субъектилерин колдоо программаларын иштеп чыгуу;
- патенттик, илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди, ошондой эле лицензиялуу маалымат базаларын, электрондук алып жүргүчтөрдөгү маалымат булактарын сатып алуу;
- эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк патенттик ведомстволордон сатып алуу жана алмашуу аркылуу мамлекеттик патенттик фондду ата мекендик жана чет элдик патенттик документтер, адабияттар менен комплекттөө;
- интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча библиографиялык жана рефераттар маалымат базаларын түзүү жана жүргүзүү;
- интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүк, китепканалык-маалыматтык маселелер боюнча маалыматтык, окуу жана жарнамалык материалдарды иштеп чыгуу жана таратуу;
- кызыкдар мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү маалымдоочулук жана талдоочулук материалдар менен камсыздоону уюштуруу;
- башка китепканалар, илимий-техникалык маалымат органдары жана башка мекемелер менен ишмердүүлүктү координациялоо жана бириктирүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
5. Инновациялык борбордун укуктары
11. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жобо менен аныкталган милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүккө өбөлгө берүү максатында уюштуруучулук, маалыматтык-консультациялык колдоого жана башка жардам көрсөтүүгө;
2) Инновациялык борбордун берилген жумушчу аянтчасын жана техникалык жабдууларын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоого;
3) Инновациялык борбордун мүлкүн пайдалануу эрежелерине ылайык пайдалануучулар тарабынан келтирилген зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоого;
4) Инновациялык борборго жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
5) шарттары Инновациялык борбордун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган ар түрдүү гранттарды алууга конкурстарга катышууга;
6) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен тыюу салынбаган Инновациялык борборду өнүктүрүүгө юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактардан ыктыярдуу тартууларды жана максаттуу төгүмдөрдү, ар түрдүү фонддордон гранттарды тартууга жана алууга;
7) инновациялык ишмердүүлүк жаатындагы маалыматтык материалдарды, усулдук окуу куралдарын, ошондой эле башка адабияттарды иштеп чыгууга;
8) Инновациялык борбор тарабынан көрсөтүлүүчү иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын жана тарифтерин белгилөө жана өзгөртүү боюнча Кыргызпатентке сунуш киргизүүгө;
9) өзүнүн компетенциясынын чегинде министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон жана башка уюмдардан керектүү маалыматтарды, документтерди, материалдарды жана башка маалыматтарды сурап алууга;
10) белгиленген тартипте консультация берүү, кызматкерлерди окутуу үчүн келишимдин негизинде адистерди жана эксперттерди тартууга;
11) инновациялар экосистемасынын субъекттери үчүн колдоо программаларын иштеп чыгууга;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Инновациялык борбордун ишин уюштуруу
12. Инновациялык борбордун ишине жалпы жетекчиликти Кыргызпатент жүзөгө ашырат.
13. Инновациялык борборду директор жетектейт, ал Кыргызпатенттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Инновациялык борбордун директору Кыргызпатенттин директоруна түздөн-түз баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Инновациялык борбордун ишин уюштурат.
Кыргызпатенттин директору Инновациялык борбордун түзүмүн, штаттык расписаниесин, киреше жана чыгаша сметасын бекитет, ошондой эле алардын аткарылышын контролдойт.
14. Инновациялык борбордун директору:
- Инновациялык борбордун ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Инновациялык борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Инновациялык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик, коомдук, эл аралык уюмдар менен өз ара иштешүүдө Инновациялык борбордун атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте Инновациялык борбордун кызматкерлерин дайындайт жана бошотот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, Инновациялык борбордун ишин жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- банк документтерине биринчи колду коюу укугу менен бекитилген сметага ылайык Инновациялык борбордун мүлкүн, анын ичинде Инновациялык борбордун акча каражаттарын Кыргызпатенттин директору менен макулдашуу боюнча тескейт;
- Инновациялык борбордун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдары менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
15. Директордун бир орун басары болот, ал Кыргызпатенттин директорунун буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Инновациялык борбордун ишин уюштурат.
16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу кол коюу укугу менен директордун орун басарына жүктөлөт.
Инновациялык борборду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына жана 2019-жылдын 9-сентябрында кол коюлган 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколго ылайык евразия патенттерин күчүндө кармоо үчүн атайын казыналык эсепте топтолгон каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттар.
17. Инновациялык борбордун каражаттары ушул Жободо каралган максаттарга жана милдеттерге пайдаланылат.
7. Корутунду жоболор
18. Инновациялык борбор өзүнүн ишинде Кыргызпатентке отчет берет.
19. Инновациялык борборду жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
20. Инновациялык борбордун иши токтотулган учурда анын мүлкү Кыргызпатентке өтөт, анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |