Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 25
Уйдун чийки сүтүндө майдын жана белоктун болушунун базистик ченемдерин белгилөө жөнүндө
Республиканын чарбаларында жетишилген сүттөгү майдын массалык үлүшүнүн орточо деңгээлин эске алуу менен уйдун чийки сүтүнүн сапатын объективдүү баалоо, сатып алынган уйдун чийки сүтүнө акы төлөөдө бир түрдүү мамиле жасоо максатында, ошондой эле республикада уйдун чийки сүтүн өндүрүүнү мындан ары көбөйтүүгө дем берүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалары үчүн жеткирилген уйдун чийки сүтү үчүн эсептөөлөрдө сүттүн салмагына карата майдын болушунун нормативи 3,4 % жана белоктуку - 2,8 % өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 675 "Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |