Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 52
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз элинин айтуучуларынын, материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн иш системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-1-тиркемесинде:
- 1-главасында:
төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"
3-1 | Юрист | 1 |
";
"Жалпы" позициясындагы "3" деген цифра "4'' деген цифра менен алмаштырылсын;
- 2-главасынын 2-параграфында:
7-пунктундагы "20" деген цифралар "15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пунктча менен толукталсын:
"
7-1 | Дастанчы-артисттер | 3 |
";
"Жалпы" позициясындагы "20" деген цифралар "18" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3-главасында:
төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:
"
8-1 | Катчы-референт | 1 |
";
"Жалпы" позициясындагы "3" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-1-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"
3-1 | Юрист | 5000 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын;
"
8 | Дастанчы-артисттер | 6000 |
".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-1-тиркемесинде:
- 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"
3-1 | Юрист | "Юриспруденция" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес |
";
- 2-главасында:
7-пунктундагы "Айтуучу искусство, актёрдук искусство багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билим, 10 жылдан кем эмес айтуучулук иш стажы" деген сөздөр "Иш стажына талаптар коюлбастан, төмөнкү багыттар, адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билим: гуманитардык, педагогикалык, маданият жана искусство" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"
8 | Дастанчы-артисттер | Иш стажына талаптар коюлбастан, төмөнкү багыттар, адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билим: гуманитардык, педагогикалык, маданият жана искусство |
".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
|