РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө»

Редакцияот 09.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

БУЙРУК

2021-жылдын 9-февралы № 53-р

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук иштөөсү үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык;

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык уставдык капиталын көбөйтүүгө "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна 500000000 (беш жүз миллион) сом бөлүп берсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.У. Жапаров