Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-февралы № 69
"Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" жана "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана 86-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
3. Аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдардын долбоорлорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
5. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
13-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жер амнистиясынын объекттерине менчик укугун таануу жана бекитүү боюнча функцияларды ишке ашырат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Токой фондусунун жер амнистиясына туура келген жерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулган (трансформацияланган) деп эсептелет.";
- 14-берененин биринчи абзацы "эл аралык уюмдарга" деген сөздөрдөн кийин буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген токой фондусунун жерлери кирбейт." деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-статьянын 2-бөлүгү "мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналат" деген сөздөрдөн кийин ", буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын;
- 85-статьянын 1-бөлүгү "башка максаттарга пайдаланууга берилиши мүмкүн" деген сөздөрдөн кийин буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж. № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 212-берененин 2-бөлүгү "өзүм билемдик менен курулуш куруу" деген сөздөрдөн кийин буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт, -" деген сөздөр менен толукталсын;
- 306-берененин 1-бөлүгү "этиятсыздыктан бузуу" деген сөздөр кийин буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт, -" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 237-берененин биринчи абзацы "этиятсыздык менен бузуу" деген сөздөрдөн кийин буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт, -" деген сөздөр менен толукталсын;
- 239-берененин биринчи абзацы "талаптарын бузуу" деген сөздөрдөн кийин ", буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт, -" деген сөздөр менен толукталсын;
- 242-берененин биринчи абзацы "жоболорун бузуу" деген сөздөрдөн кийин ", буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт, -" деген сөздөр менен толукталсын;
- 247-берененин биринчи абзацы "багыты боюнча пайдаланбоо" деген сөздөрдөн кийин буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт, -" деген сөздөр менен толукталсын;
- 249-берененин биринчи абзацы "пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу" деген сөздөрдөн кийин ", буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер амнистиясына туура келген жерлер кирбейт, -" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-беренеде:
- 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) жер участоктору:
- жеке турак үйлөр өз алдынча курулган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын которуу (трансформациялоо) же бергендиги жөнүндө тиешелүү чечимдери бар;
- айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз;
- бөлүнүп кеткен жер үлүштөрүнө "айыл чарба" максатындагы багытта жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар.";
- 13-бөлүгү алып салынсын.
7-берене.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-беренеде:
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерге амнистия жол-жобосун колдонууда толтурулбайт.
Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар жер амнистиясына туура келген жеке менчик жер участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.";
- 4-бөлүгү алып салынсын.
8-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Калк жашаган пункттарда жеке турак үйлөрдү куруу үчүн белгиленген тартипте берилген жерлерде курулушка документтерди тариздөө архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде менчик ээсинин же анын өкүлүнүн кайрылуусу менен жүргүзүлөт.
Курулуштун генералдык пландары жана схемалары жоктугунун себеби боюнча белгиленген тартипте берилген жер участокторуна жеке турак үйдүн долбоордук документтерин макулдашуудан баш тартууга жол берилбейт.".
9-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана ушул Мыйзамда каралган жер участокторуна жер амнистиясын жүргүзүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамдын укуктук жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам ушул Мыйзамда каралган жер амнистиясынын объекттерине карата жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан таануу же бекитүү боюнча мамлекет тарабынан жер амнистиясын берүүнү жөнгө салат.
2-берене. Терминдер жана аныктамалар
1) Жер амнистиясы - жер амнистиясынын объектине укуктук статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер амнистиясына туура келген жер амнистиясынын объектине жеке менчик укуктарын таанууну же бекитүүнү камтыйт.
2) Жер амнистиясынын субъекттери - мүлктүк укуктары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жер амнистиясына туура келген жеке адамдар - Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3) Жер амнистиясынын объекттери - төмөнкүдөй жер участоктору:
- жеке турак үйлөр менен өз алдынча курулган;
- которуу (трансформациялоо) жөнүндө же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын тиешелүү чечимдери бар болгон;
- айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз болгон;
- жер үлүштөрүнө бөлүнгөн "айыл чарбачылык" максаттуу багыты менен жеке менчик укуктары жөнүндө мамлекеттик актысы бар;
- багбанчылык-дача участоктору;
- куруунун башкы планы жана схемалары жок калктуу конуштардын.
4) Ыйгарым укуктуу органдар - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
5) Өз алдынча курулган жеке турак үйлөр - турак үйлөрдү курууга жол берилбеген жер участогунда жайгашкан, зарыл болгон макулдашууларды, уруксаттарды албастан же шаар куруу жана курулуш ченемдерин бузуу менен курулган, ошондой эле жер участогун пайдаланууга мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү бузуу менен курулган объекттер.
6) Айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз жер участогу - контурдун мелиоративдик процесстерди жүргүзүү үчүн мүмкүн болбогон, айыл чарба техникасына кирүү үчүн чектелген, жеке турак үйлөрдү курууга байланыштуу максаттуу багыты боюнча аны натыйжалуу пайдалануу, айыл чарбачылык максаттуу багыты менен жер участогун которуу, жеке менчик укуктары жөнүндө мамлекеттик актыны берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жер участогу.
3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу
1. Ушул Мыйзам 2-беренеде каралган жер амнистиясынын объекттерине багытталган.
2. Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- газ түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлердин, көрүстөндөрдүн коопсуздук зоналарынын, мал көмүлгөн жерлердин, таштанды жайларынын, социалдык-маданий жана тиричилик объекттерин куруу үчүн арналган жерлерде өз алдынча курулган жер участокторуна;
- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар жер участокторуна, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга дуушар болгон, тарыхый-маданий мурас объекттери болгон жер участокторуна.
4-берене. Жер амнистиясынын субъекттерине мамлекеттик кепилдиктер
Жер амнистиясынын субъекттери жер амнистиясынын объекттери болуп саналган жерлерде жер участогун өз алдынча басып алуу жана өз алдынча курулуш үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликтен бошотулат.
5-берене. Жер амнистиясы боюнча комиссиянын курамы жана функциялары
1. Жер амнистиясын жүргүзүү үчүн шаардык мэрияларда жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда Комиссия түзүлөт.
Комиссия шаардык мэриянын же тиешелүү аймактагы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен түзүлөт.
2. Комиссиянын төрагасы болуп шаардын мэриясынын башчысынын орун басары же райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары дайындалат.
3. Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын, жерди көзөмөлдөө органдарынын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, прокуратура органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамына коомчулуктун өкүлдөрү да кириши мүмкүн.
4. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жер амнистиясынын процессин уюштуруу маселелерин карайт;
2) жерлерди которуу (трансформациялоо) талап кылынбаган, жер амнистиясынын объекти болуп саналган аймактардын же айрым жер участокторунун чектерин бекитет.
3) жер амнистиясынын объекттеринин менчик ээлеринин тизмесин түзөт жана бекитет;
4) жер амнистиясынын объекттерине менчик укугуна байланышкан талаш маселелер боюнча дооматтарды карайт жана чечимдерди кабыл алат;
5) административдик-аймактык бирдикте жер амнистиясынын жыйынтыгын чыгарат.
5. Которулуп жаткан жер участогу жайгашкан жери боюнча маалыматтын (материалдардын) аныктыгы үчүн Жер амнистиясы боюнча комиссия жеке жоопкерчилик тартат.
6. Мамлекеттик органдардын корутундуларында камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн аталган мамлекеттик органдардын райондук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жеке жоопкерчилик тартат.
7. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес кворум болгондо, Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна Комиссиянын төрагасы жана жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
8. Тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери аткарылганга чейин жер амнистиясын жүргүзүүгө тыюу салынат.
6-берене. Жер амнистиясынын объекттерине менчик укуктарын таануу же бекитүү
1. Жер амнистиясынын объектине менчик укуктарын таануу же бекитүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыктары боюнча комиссия бекиткен укук ээлеринин тизмелеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Комиссияларды түзүү тартиби, укук ээлеринин тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жер амнистиясынын объекттерине менчик укуктарын таануу же бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7-берене. Багбанчылык-дача жер участокторун бекитүү
1. Жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок багбанчылык-дача жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы багбанчылык-дача жер участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алат.
2. Багбанчылык-дача жер участокторундагы курулуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык турак жай болуп таанылат.
8-берене. Калктуу конуштарда укук белгилөөчү документтери жок жер участокторун бекитүү
Калктуу конуштардагы жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жер участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алат.
Калктуу конуштардагы жер участокторундагы курулуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык турак жай болуп таанылат.
9-берене. Калктуу конуштардын жерлерине өз алдынча курулган курулуштарды бекитүү
Калктуу конуштардын жеке турак үйдү куруу үчүн белгиленген тартипте берилген жер участокторунда курулушка документтерди тариздөө менчик ээсинин же анын өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
Курулуштун башкы пландарынын жана схемаларынын жоктугунун себеби боюнча белгиленген тартипте берилген жер участокторунда жеке турак үйдүн долбоордук документтерин макулдашуудан баш тартууга жол берилбейт.
10-берене. Жер амнистиясына туура келген жерлерди которуу (трансформациялоо)
Ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн жер участоктору багбанчылык-дача жер участокторун кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер амнистиясына туура келген жерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.
Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарында белгиленген тартипте катталган жер участокторуна жеке жана юридикалык жактардын менчик укуктары жер амнистиясынын объекттерине укуктар катталган учурдан тартып токтотулууга тийиш.
Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жер амнистиясынын жол-жоболору колдонулганда айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын орду толтурулбайт.
Жер амнистиясын жүргүзүүнүн тартиби жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу жерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
11-берене. Жер амнистиясынын жол-жоболорун аяктоо
Жер амнистиясынын объекттерине укуктар мамлекеттик каттоого алынган жана жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтер берилген учурдан тартып жер амнистиясы аяктады деп эсептелет.
12-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
13-берене. Өткөөл жоболор
4-11-беренелер жер-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө кирет.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ