Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-майы № 92
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттин менчигинде турган жана жерди мамлекеттик пайдалануучулардын пайдалануусундагы жер участокторун сарамжалдуу пайдалануу, шарттарды түзүү жана темир жол тармагын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн жерди мамлекеттик пайдалануучулардын пайдалануусундагы жер участокторуна - он беш жылга;";
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) ушул Жобонун 42-главасында көрсөтүлгөн шарттарды сактоо менен темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн;";
-14-пунктунун экинчи абзацы "корутундусу" деген сөздөн кийин "же архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн жер участогу берилген учурда шаар куруу-архитектуралык документтер;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 42-глава менен толукталсын:
"42. Темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн жер участокторун ижарага берүүнүн шарттары
558. Жерди мамлекеттик пайдалануучулардын жер участоктору темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн төмөнкү шарттарда убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн:
- шаар куруу-архитектуралык документтер берилгенде;
- жер участогун ижаралоо келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин же ал мөөнөтүнөн мурда бузулганда ижарачынын макулдугу менен бул жер участогундагы капиталдык курулуш объекти ыктыярдуу тартипте жана акысыз негизде (курулган объекттерге жумшалган финансылык жана башка материалдык каражаттардын ордун толтуруусуз) мамлекеттин менчигине өткөрүп берилгенде.".
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров | |||||
| |||||||
|
|
|
| ||||