Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 54
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысын Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасын жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифин бекитүү жөнүндө, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" чечимине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- "Шамал электр станциясы (ШЭС)" бөлүмүнүн бешинчи абзацындагы "8503009900" деген цифралар "8503009800" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Шамал электр станциясы (ШЭС)" бөлүмүнүн жетинчи абзацындагы "8504409000" деген цифралар ''8504409100" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Шамал электр станциясы (ШЭС)" бөлүмүнүн тогузунчу абзацындагы ''8537109900" деген цифралар "8537109800" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Шамал электр станциясы (ШЭС)" бөлүмүнүн онунчу абзацындагы "8537209100" деген цифралар "8537209200" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Шамал электр станциясы (ШЭС)" бөлүмүнүн он биринчи абзацындагы "8537209900" деген цифралар "8537209800" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Күн электр станциясы (КЭС)" бөлүмүнүн жетинчи абзацындагы "8504403009" деген цифралар "8504403008" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Күн электр станциясы (КЭС)" бөлүмүнүн онунчу абзацындагы "8507800000" деген цифралар "8507800009" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Күн электр станциясы (КЭС)" бөлүмүнүн он экинчи абзацындагы "8541409000" деген цифралар "8541420000", "8541430000", "854149000" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Чакан гидроэлектр станциясы (ЧГЭС)" бөлүмүнүн үчүнчү абзацындагы "8501612000" деген цифралар "8501613000" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Чакан гидроэлектр станциясы (ЧГЭС)" бөлүмүнүн төртүнчү абзацындагы "8501618000" деген цифралар "8501617000" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |