Сравнение редакций…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 токтомуна) |
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн жарандардын кайрылуусунун эрежелерин, ошондой эле кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул (мындан ары - АКСЖ) дайындоонун жана төлөөнүн тартибин белгилейт.
2. Бул тартиптин колдонулушу 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда курман болгон адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле жабыр тарткан адамдарга жайылтылат.
2. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
3. АКСЖны дайындоо үчүн ушул Тартипке ылайык курман болгондордун үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар жашаган (катталган) жери боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына (мындан ары - СӨБ) кайрыла алышат.
4. АКСЖны дайындоого кайрылганда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын маалыматтар базасынын (мындан ары - СЖКМС) тиешелүү эсепке алуу журналында арызды каттоо жүргүзүлөт.
5. АКСЖ дайындалууга тийиш болгон адам жашы жете элек же эмгекке жарамсыз болсо, АКСЖны дайындоо жөнүндө арыз анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, асырап алуучу, камкорчусу жана көзөмөлчүсү) тарабынан берилет.
6. Эгерде жашы жете элек адамдын мыйзамдуу өкүлү же эмгекке жарамсыз адамдын камкорчусу болуп, ошол жашы жете элек же эмгекке жарамсыз адам дайыма келип турган тиешелүү мекеме эсептелсе, анда АКСЖны дайындоо үчүн арыз ушул мекеменин жайгашкан жери боюнча СӨБгө берилет.
7. Эгерде АКСЖны дайындоо үчүн кайрылууда арыз ээсинде ушул Тартиптин 19, 20-пункттарында көрсөтүлгөн зарыл документтер жок болсо, анда СӨБ тарабынан арыз ээси кошумча бере турган документтер, ошондой эле аларды берүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет.
8. АКСЖны дайындоо үчүн зарыл документтерди алууда жана тариздөөдө арыз ээсине СӨБ түшүндүрмө берет жана зарыл болгондо жардам көрсөтөт.
9. Эгерде арыз ээсинин СӨБгө өз алдынча кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо (оорусунун, майыптыгынын айынан), айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча адиси (айыл жеринде жашаган адамдар үчүн), мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адис (шаарда жашаган адамдар үчүн) же СӨБдүн социалдык кызматкери арыз ээсине зарыл болгон документтерди чогултууга жана аларды СӨБдүн кароосуна киргизүүгө жардам берет.
3. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулду дайындоонун тартиби
10. АКСЖга төмөнкүлөр укуктуу:
- курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары - ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;
- курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) - пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо - өмүр бою;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар - майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.
11. Эгерде АКСЖны дайындоого кайрылуу арыз жана бардык зарыл болгон документтерди берүү менен аны алууга укук пайда болгон күндөн тартып он эки айдан кеч эмес берилсе, АКСЖ кирешеге же башка социалдык төлөөлөргө (пенсияларга, жөлөкпулдарга ж.б.) карабастан, ага укук пайда болгон күндөн тартып дайындалат.
12. Эгерде АКСЖны дайындоо жөнүндө кайрылуу ага укук пайда болгон күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин берилсе, анда АКСЖны дайындоо үчүн кайрылган күндөн тартып эки айдын ичинде бардык керектүү болгон документтер берилген учурда, АКСЖны дайындоо үчүн кайрылган айдын биринчи күнүнөн баштап дайындалат.
Керектүү болгон документтер эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин берилсе, анда АКСЖ акыркы документ берилген айдын биринчи күнүнөн баштап дайындалат.
13. Дайындалган АКСЖ тууралуу маалыматты СӨБ мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адиси АКСЖ алуучуларды СЖКМСнын тиешелүү эсепке алуу журналына социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча киргизет.
14. АКСЖны дайындоо үчүн документтер СӨБ тарабынан документтер толугу менен келген күндөн баштап 10 жумуш күндүн ичинде каралат.
15. Курман болгон жарандын АКСЖны дайындоого укуктуу бардык балдарына АКСЖны дайындоо ар бир балага дайындалган АКСЖнын өлчөмүн суммалоо жолу менен жүргүзүлөт жана жалпы суммасы төлөнөт.
16. Курман болгон жарандын ата-энелерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга АКСЖ жекече дайындалат жана төлөнөт.
17. Курман болгон жарандын балдары, анын ичинде ал жарандын никеде турбаган адамдан туулган балдары болсо, АКСЖ арыз берүү принциби боюнча ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат жана төлөнөт.
4. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон документтер
18. АКСЖны дайындоо ушул Тартиптин тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү арыздын негизинде жүргүзүлөт, ага ушул Тартиптин 19, 20-пункттарында көрсөтүлгөн бардык зарыл болгон документтер тиркелүүгө тийиш.
19. Курман болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө АКСЖны дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жашаган жеринен маалымкат;
- каза болгондугу жөнүндө күбөлүк;
- соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү, ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн окуяларда жабыр тарткан адам деп таануу жөнүндө ички иштер органдарынын же прокуратуранын маалымкаты;
- камкордукка/көзөмөлдүккө алуу жөнүндө чечим - жашы жете элек же эмгекке жарамсыз жарандын камкорчусу/көзөмөлчүсү жөлөкпул алуу үчүн кайрылган учурда;
- курман болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - курман болгон адамдын ата-энесинин жөлөкпул алуусу үчүн.
Эгерде АКСЖны дайындоо үчүн кайрылган ата-эненин курман болгон баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, АКСЖ жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталуучу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебинен көчүрмө берилгенде дайындалат.
20. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга АКСЖны дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жашы жете элек адамдар үчүн;
- жашаган жеринен маалымкат;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты.
21. Төлөөлөрдүн тууралыгын контролдоо жана ашыкча төлөөлөрдү болтурбоо максатында АКСЖ алуучулар СӨБгө жашаган жеринен жаңыланган маалымкаттарды жыл сайын берүүгө, ошондой эле паспортун көрсөтүүгө милдеттүү.
22. АКСЖнын дайындалгандыгы жөнүндө чечим СЖКМСда протокол менен таризделет. АКСЖны дайындоо жөнүндө СЖКМСдан басылган протоколдун негизинде АКСЖны төлөөгө документтер таризделет.
СЖКМС техникалык мүчүлүштүктөн улам электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМСга киргизилет.
5. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эсептөөнүн жана кайра эсептөөнүн тартиби
23. АКСЖ эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.
24. Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы жашоочуларга АКСЖ райондук коэффициентти эсепке алуусуз дайындалат.
25. АКСЖ кайра эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- АКСЖнын өлчөмү өзгөртүлсө;
- эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү өзгөртүлсө;
- алуучулардын бири каза болсо.
26. АКСЖнын өлчөмүн кайра эсептөө өзгөртүүлөр болгон айдын биринчи күнүнөн баштап же АКСЖнын өлчөмүн өзгөртүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыда көрсөтүлгөн датадан тартып жүргүзүлөт.
6. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулду төлөөнү токтото туруу, жаңылоо жана токтотуу
27. Майыптыкты белгилөө мөөнөтү өтүп, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын берүү зарыл болгон учурда АКСЖ төлөө токтотулат.
Токтотуу арыз ээси медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын берүүгө тийиш болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты төлөм токтотулган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын берген учурда, төлөм токтотулган күндөн тартып кайра төлөнө баштайт.
28. Эгерде медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты токтотулган учурдан тартып эки айдын ичинде берилбесе, АКСЖ төлөө токтотулат. АКСЖ төлөө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты берилген айдын биринчи күнүнөн тартып кайра улантылат.
29. АКСЖ төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- алуучу каза болгондо;
- алуучу республиканын чегинен тышкары жерге туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) талап кылынган документтерди өз убагында бербегенде;
- алуучу 18 жашка толгондо;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын мөөнөтү аяктаганда;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) тарабынан АКСЖны алты айдын ичинде талап кылынбашы.
7. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдарды төлөөнүн тартиби
30. АКСЖны төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик жөлөкпулдардын төлөө тартибин жөнгө салган колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүзүлөт.
|
| 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартибине тиркеме |
Форма
|
| (райондун/шаардын аталышы) район (шаар) СӨБдүн начальниги (район (шаар) СӨБдүн начальнигинин аты-жөнү) |
Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоого АРЫЗ
Мен (арыз ээсинин аты-жөнү) _____________________________________________________ дареги боюнча жашаган, паспорттун сериясы _____________ № ______________, ___________________________________________ тарабынан берилген, берилген датасы _____________________________, туулган датасы _________________________, ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоону өтүнөм(*):
Аты-жөнү | Арыз ээсине карата статусу (уулу, кызы, камкордукка алган) | Курман болгон адамга карата статусу (уулу, кызы, атасы, апасы) |
(*) Таблица курман болгон адамдын балдарына жана ата-энесине кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул таризделген учурда толтурулат.
Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул төлөөнү токтотууга же токтото турууга алып келген кырдаалдар өзгөргөн учурда 5 күндүн ичинде райондук (шаардык) социалдык өнүктүрүү башкармалыгына маалымдоого милдеттенем.
Арыз ээсинин колу ________________________________ толтурган датасы _____________________________
Арызды кабыл алган адистин аты-жөнү жана колу ___________________________________________________
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 токтомуна) |
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн жарандардын кайрылуусунун эрежелерин, ошондой эле кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул (мындан ары - АКСЖ) дайындоонун жана төлөөнүн тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул тартиптин колдонулушу 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында курман болгон адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле жабыр тарткан адамдарга жайылтылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
3. АКСЖны дайындоо үчүн ушул Тартипке ылайык курман болгондордун үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле майыптыгы бар адам деп табылган жарандар жашаган (катталган) жери боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына (мындан ары - СӨБ) кайрыла алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
4. АКСЖны дайындоого кайрылганда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын маалыматтар базасынын (мындан ары - СЖКМС) тиешелүү эсепке алуу журналында арызды каттоо жүргүзүлөт.
5. АКСЖ дайындалууга тийиш болгон адам жашы жете элек же эмгекке жарамсыз болсо, АКСЖны дайындоо жөнүндө арыз анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, асырап алуучу, камкорчусу жана көзөмөлчүсү) тарабынан берилет.
6. Эгерде жашы жете элек адамдын мыйзамдуу өкүлү же эмгекке жарамсыз адамдын камкорчусу болуп, ошол жашы жете элек же эмгекке жарамсыз адам дайыма келип турган тиешелүү мекеме эсептелсе, анда АКСЖны дайындоо үчүн арыз ушул мекеменин жайгашкан жери боюнча СӨБгө берилет.
7. Эгерде АКСЖны дайындоо үчүн кайрылууда арыз ээсинде ушул Тартиптин 19, 20-пункттарында көрсөтүлгөн зарыл документтер жок болсо, анда СӨБ тарабынан арыз ээси кошумча бере турган документтер, ошондой эле аларды берүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет.
8. АКСЖны дайындоо үчүн зарыл документтерди алууда жана тариздөөдө арыз ээсине СӨБ түшүндүрмө берет жана зарыл болгондо жардам көрсөтөт.
9. Эгерде арыз ээсинин СӨБгө өз алдынча кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо (оорусунун, майыптыгынын айынан), айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча адиси (айыл жеринде жашаган адамдар үчүн), мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адис (шаарда жашаган адамдар үчүн) же СӨБдүн социалдык кызматкери арыз ээсине зарыл болгон документтерди чогултууга жана аларды СӨБдүн кароосуна киргизүүгө жардам берет.
3. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулду дайындоонун тартиби
10. АКСЖга төмөнкүлөр укуктуу:
- курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары - ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;
- курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) - пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо - өмүр бою;
- майыптыгы бар адам деп табылган жарандар - майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Эгерде АКСЖны дайындоого кайрылуу арыз жана бардык зарыл болгон документтерди берүү менен аны алууга укук пайда болгон күндөн тартып он эки айдан кеч эмес берилсе, АКСЖ кирешеге же башка социалдык төлөөлөргө (пенсияларга, жөлөкпулдарга ж.б.) карабастан, ага укук пайда болгон күндөн тартып дайындалат.
12. Эгерде АКСЖны дайындоо жөнүндө кайрылуу ага укук пайда болгон күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин берилсе, анда АКСЖны дайындоо үчүн кайрылган күндөн тартып эки айдын ичинде бардык керектүү болгон документтер берилген учурда, АКСЖны дайындоо үчүн кайрылган айдын биринчи күнүнөн баштап дайындалат.
Керектүү болгон документтер эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин берилсе, анда АКСЖ акыркы документ берилген айдын биринчи күнүнөн баштап дайындалат.
13. Дайындалган АКСЖ тууралуу маалыматты СӨБ мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адиси АКСЖ алуучуларды СЖКМСнын тиешелүү эсепке алуу журналына социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча киргизет.
14. АКСЖны дайындоо үчүн документтер СӨБ тарабынан документтер толугу менен келген күндөн баштап 10 жумуш күндүн ичинде каралат.
15. Курман болгон жарандын АКСЖны дайындоого укуктуу бардык балдарына АКСЖны дайындоо ар бир балага дайындалган АКСЖнын өлчөмүн суммалоо жолу менен жүргүзүлөт жана жалпы суммасы төлөнөт.
16. Курман болгон жарандын ата-энелерине, майыптыгы бар адамдарга АКСЖ жекече дайындалат жана төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Курман болгон жарандын балдары, анын ичинде ал жарандын никеде турбаган адамдан туулган балдары болсо, АКСЖ арыз берүү принциби боюнча ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат жана төлөнөт.
4. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон документтер
18. АКСЖны дайындоо ушул Тартиптин тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү арыздын негизинде жүргүзүлөт, ага ушул Тартиптин 19, 20-пункттарында көрсөтүлгөн бардык зарыл болгон документтер тиркелүүгө тийиш.
19. Курман болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө АКСЖны дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жашаган жеринен маалымкат;
- каза болгондугу жөнүндө күбөлүк;
- соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү, ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн окуяларда жабыр тарткан адам деп таануу жөнүндө ички иштер органдарынын же прокуратуранын маалымкаты;
- камкордукка/көзөмөлдүккө алуу жөнүндө чечим - жашы жете элек же эмгекке жарамсыз жарандын камкорчусу/көзөмөлчүсү жөлөкпул алуу үчүн кайрылган учурда;
- курман болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - курман болгон адамдын ата-энесинин жөлөкпул алуусу үчүн.
Эгерде АКСЖны дайындоо үчүн кайрылган ата-эненин курман болгон баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, АКСЖ жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталуучу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебинен көчүрмө берилгенде дайындалат.
20. Майыптыгы бар адамдарга АКСЖны дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк – майыптыгы бар жашы жете элек адамдар үчүн;
- жашаган жеринен маалымкат;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Төлөөлөрдүн тууралыгын контролдоо жана ашыкча төлөөлөрдү болтурбоо максатында АКСЖ алуучулар СӨБгө жашаган жеринен жаңыланган маалымкаттарды жыл сайын берүүгө, ошондой эле паспортун көрсөтүүгө милдеттүү.
22. АКСЖнын дайындалгандыгы жөнүндө чечим СЖКМСда протокол менен таризделет. АКСЖны дайындоо жөнүндө СЖКМСдан басылган протоколдун негизинде АКСЖны төлөөгө документтер таризделет.
СЖКМС техникалык мүчүлүштүктөн улам электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМСга киргизилет.
5. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эсептөөнүн жана кайра эсептөөнүн тартиби
23. АКСЖ эсептик көрсөткүчтөрдүн элүү беш өлчөмүндө дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы жашоочуларга АКСЖ райондук коэффициентти эсепке алуусуз дайындалат.
25. АКСЖ кайра эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- АКСЖнын өлчөмү өзгөртүлсө;
- эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү өзгөртүлсө;
- алуучулардын бири каза болсо.
26. АКСЖнын өлчөмүн кайра эсептөө өзгөртүүлөр болгон айдын биринчи күнүнөн баштап же АКСЖнын өлчөмүн өзгөртүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыда көрсөтүлгөн датадан тартып жүргүзүлөт.
6. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулду төлөөнү токтото туруу, жаңылоо жана токтотуу
27. Майыптыкты белгилөө мөөнөтү өтүп, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын берүү зарыл болгон учурда АКСЖ төлөө токтотулат.
Токтотуу арыз ээси медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын берүүгө тийиш болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты төлөм токтотулган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын берген учурда, төлөм токтотулган күндөн тартып кайра төлөнө баштайт.
28. Эгерде медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты токтотулган учурдан тартып эки айдын ичинде берилбесе, АКСЖ төлөө токтотулат. АКСЖ төлөө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты берилген айдын биринчи күнүнөн тартып кайра улантылат.
29. АКСЖ төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- алуучу каза болгондо;
- алуучу республиканын чегинен тышкары жерге туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) талап кылынган документтерди өз убагында бербегенде;
- алуучу 18 жашка толгондо;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын мөөнөтү аяктаганда;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) тарабынан АКСЖны алты айдын ичинде талап кылынбашы.
7. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдарды төлөөнүн тартиби
30. АКСЖны төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик жөлөкпулдардын төлөө тартибин жөнгө салган колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүзүлөт.
|
| 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартибине тиркеме |