Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-февралы № 77
Жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу, ошондой эле Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, № 86/2 дареги боюнча жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин оперативдүү башкаруусундагы жалпы аянты 12 га жер участогун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектке чектеш жана жакын жайгашкан 12,49 га өлчөмүндөгү жер участогун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 454 "Спорттук шаарчанын" объектилерин курууга жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Төрага |
А.У. Жапаров |