Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-февралы № 87
"Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Швейцариянын SICPA компаниясы менен инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн Россия Федерациясынын "Татарстан Республикасынын продукцияны маркалоого экспертиза жана мониторинг жүргүзүү борбору" жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте "Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун (мындан ары - "Маркалоо борбору" ААК) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзсүн;
- бир акциясынын номиналдык наркы 100 (жүз) сом болгон 1000 (бир миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн уставдык капиталынын акцияларынын 51 пайызын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана уставдык капиталынын акцияларынын 49 пайызын "Татарстан Республикасынын продукцияны маркалоого экспертиза жана мониторинг жүргүзүү борбору" жоопкерчилиги чектелген коомуна аныктоо менен 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталы менен "Маркалоо борбору" ААКтын тең уюштуруучусу болуп чыксын;
- "Маркалоо борбору" ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 41 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ