Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-марты № 103
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын натыйжалуу коргоо жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле жеке маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу жаатында мыкты тажрыйбаларды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
"141. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинин 192-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 9-пунктунда:
1-пунктчасынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жөнгө салуу, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун, тармактык стандарттарды, техникалык шарттарды, жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү нускамаларды, ошондой эле жеке маалыматтар жаатындагы ишти жөнгө салуу боюнча техникалык актыларды иштеп чыгуу;";
2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда, сактоодо жана берүүдө, анын ичинде электрондук башкаруу элементтерин колдонуу менен, маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу талаш маселелер боюнча сунуштарды берүү;";
- 11-пункту:
төмөнкүдөй мазмундагы 31-пунктча менен толукталсын:
"31) жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча сын пикирлер жана сунуштамалар менен корутундуларды даярдоого;";
төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:
"91) анык эмес же мыйзамсыз жол менен алынган жеке маалыматтарды тактоону, блоктоону же жок кылууну, жеке маалыматтарды коргоону жана коопсуздугун камсыз кылууга талаптагыдай чараларды көрүүнү жеке маалыматтарды кармоочулардан (ээлеринен) талап кылууга;";
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пунктчалар менен толукталсын:
"8) Агенттиктин штаттык ырааттамасын бекитет;
9) Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, кызматтык нускамаларды жана кызматкерлердин милдеттерин бекитет.".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттарын караган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына кароого киргизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 25 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |