Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-февралы № 98
Кесиптик майрамды - Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасында адвокаттын статусун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 1-март жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнү болуп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |