Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 66
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жашылча-жемиш логистикалык борборун куруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына жана "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, 2021-жылдын 19-октябрындагы № 02/1-04/2375 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы № 229-б тескемесин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагында, № 78 (2,80 га), № 82 (4,80 га), № 279 (3,0 га) контурларда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 10,6 га кайрак айдоо жери жашылча-жемиш логистикалык борборун куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 7-мартындагы N 24 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |