Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-марты № 101
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн темир жолдорду долбоорлоодо жана курууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине тартылган стратегиялык объекттеринин корголушун түзүү жана колдоо, экономиканы жана региондорду, өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 15-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн темир жолдорду долбоорлоодо жана курууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |