Документке
Мурунку29.05.2023

Көңүл буруңуздар! 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2023-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.

6-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна)

Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу кошуп эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине ылайык иштелип чыкты жана товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) шарттуу эсептөөнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салат.

2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:

1) товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө - КНСти төлөөнүн тартиби, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНСтин суммасын Кыргыз Республикасынын аймагынан бул товарларды андан ары экспорттоо шарты менен Казыналык системасында ачылган депозиттик эсепке төлөөгө милдеттүү;

2) бажы органынын депозиттик эсеби - үчүнчү өлкөдөн импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;

3) салык органынын депозиттик эсеби - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден (мындан ары - ЕАЭБ) импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;

4) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо пайдаланылган башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.

2-глава. Колдонуу шарттары

3. Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режими төмөнкүлөргө колдонулбайт:

1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;

2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкттарга жана субъекттерге;

3) инвестициялык фонддорго;

4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;

5) акциз салыгынын салык төлөөчүлөрүнө;

6) коомдук тамактануу субъекттерине;

7) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине;

8) зымсыз жана спутник байланышынын телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүчү субъекттерине;

9) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүлөргө;

10) курулушчунун ишин жүзөгө ашыруучу субъекттерге;

11) жылуулук энергиясын, электр энергиясын жана газ берүүчү субъекттерге.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү ушул режимге ылайык товарлардын импорту жана экспорту боюнча гана иш жүргүзөт.

5. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди пайдаланган салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) катары менен келген 6 календардык айдын ичинде бир жолудан кем эмес, бул режимге ылайык экспорттоо менен товарларды импорттоону ишке ашырууга;

2) аталган режимге ылайык 180 күндүн ичинде импорттолгон товарларды толук өлчөмдө экспорттоого;

3) салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөгө;

4) ушул режимге ылайык импорттолгон товарларды экспорттоодо ченем бирдигин өзгөртүүсүз көрсөтүүгө.

5) товарларды экспорттоодо Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте эсеп-фактураны тариздөөгө.

6. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурларда жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатып өткөрүү учурунда салык төлөөчү кийинки аяктаган салыктык мезгилдеги айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпы салыктык режими боюнча өтөт.

7. Ушул режимди каттоону жокко чыгарууда салык төлөөчү бир жыл өткөндөн кийин режимди кайрадан колдонууга укуктуу.

3-глава. Каттоо тартиби

8. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул Жободо белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөөнүн режимин колдонууга укуктуу.

9. Товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууга ниеттенген субъект (мындан ары - салык төлөөчү) салык мыйзамдарында каралган тартипте салыктык катталуу жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

Салык төлөөчүнүн арызы, эгерде ал салык төлөөчү КНС салык төлөөчү болуп эсептелсе, бирдиктүү салыкты төлөөчү катары белгиленген тартипте каттоо жана КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болуп эсептелет. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

10. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде салык органы белгиленген тартипте салык төлөөчүнүн салык режимин өзгөртүүнү каттайт.

11. Салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуу күнү болуп, салык төлөөчү товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнү эсептелет.

4-глава. Товарлардын импортунда режимди колдонуу тартиби

12. Үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект катары салык төлөөчүнү каттоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосун берүү менен товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө бажы органына арызы менен кайрылат.

Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу каттоо ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо талап кылынбайт.

13.  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект катары катталганын ырастоодон кийин салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, КНСтин шарттуу эсептелген суммасындагы акча каражаттарын (депозитти) бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте бажы органынын депозиттик эсебине төлөйт.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдогон салык төлөөчү үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык импортко КНСти бюджетке төлөйт.

14. Салык төлөөчү,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынын кийин ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмени берет.

15. Бажы органы ушул Жобонун 8-10-пункттарында каралган, аткарылган жол-жоболордун, ошондой эле товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасоо үчүн зарыл болгон, берилген документтердин негизинде товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.

16. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, товарлар чыгарылган күндөн кийинки 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына салык төлөөчүнүн ИСНин, товарларга декларациянын номерин жана КНСтин шарттуу эсептелген суммасын камтыган маалыматтарды жиберет.

17. Салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдогон салык төлөөчүнү кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо КНСтин шарттуу түрдө эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине товарлар импорттолгон айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөйт.

Салык төлөөчү тарабынан товарларды импорттоого КНСтин шарттуу эсептелген суммасы депозиттик эсепке өз убагында киргизилбеген учурда, салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте депозиттик эсепке сумманы киргизүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып депозиттик эсепке сумманы салуу боюнча милдеттенмени аткаруунун кечиктирилген ар бир календардык күн үчүн туум чегерет.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчү товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 320-беренесине ылайык импортко КНСти бюджетке төлөйт.

18. Салык органына кыйыр салыктар боюнча отчет берилген учурда салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, КНСтин шарттуу эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн берет.

5-глава. Товарлардын импортуна КНСтин шарттуу эсептелген суммасын кайтарып берүү тартиби

19. Салык төлөөчү депозиттик каражаттарды кайтарып берүү максатында импорттолгон товарлар эсепке алынган күндөн тартып 180 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арыз менен тийиштүү салык органына, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча бажы органына кайрылат.

Арызга салык төлөөчү күбөлөндүргөн төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:

1) үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо:

- бардык импорттолуучу товарларга экспорттук декларация;

- товарды коштоочу документтер;

- кагазга басылып чыгарылган электрондук эсеп-фактура;

- товарларды жеткирүүгө келишим.

2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоодо:

- аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ырасталган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз;

20. Тиешелүү салык/бажы органы салык төлөөчү берген документтерди изилдейт (текшерет) жана алар ушул Жобонун талаптарына ылайык келген учурда салык төлөөчү арыз берген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен, товарлардын импортуна карата КНСтин шарттуу эсептелген суммалары боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине төлөнгөн депозиттик каражаттарды кайра кайтаруу жөнүндө чечим чыгарат.

Депозиттик каражаттар салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздары жана товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошо алганда бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карыздары жок болсо жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды толук көлөмдө экспорттоодо гана кайра кайтарылууга тийиш.

Ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону сурайт.

Салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо берилбеши мүмкүн.

21. Эгерде салык төлөөчүнүн кайра кайтаруу арызында башкасы айтылбаса, депозитти кайра кайтаруу аны төлөө жүзөгө ашырылган салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине жүргүзүлөт.

Салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар башка салыктар, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелерди аткаруунун жана/же алдыдагы мезгилдердин салыктык жана бажылык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун эсебине пайдаланылышы мүмкүн.

Товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошкондо, салыктардын башка түрлөрү боюнча карыздар болгон учурда салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар карызды аткаруу эсебине которулат.

22. Экспорт 180 күндүн ичинде ырасталбаган учурда салык төлөөчүнүн ырасталбаган жеткирүүсү боюнча кыйыр салыктарды төлөө боюнча салык милдеттенмеси келип чыгат.

Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө ырасталбаган жана/же салык төлөөчүнүн депозиттик каражаттарды кайтарып берүү жөнүндө арызы берилбеген учурда, депозиттик эсепке киргизилген импортко КНСтин суммасы салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туумду эсептөө менен бюджетке которулат.

Жаңы27.08.2024

6-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна)

Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу кошуп эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине ылайык иштелип чыкты жана товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) шарттуу эсептөөнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салат.

2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:

1) товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө - КНСти төлөө тартиби, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНСтин суммасын киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан бул товарларды андан ары экспорттоо шарты менен Казыналык системасында ачылган депозиттик эсепке киргизүүгө же бюджетке төлөөгө милдеттүү;".

2) бажы органынын депозиттик эсеби - үчүнчү өлкөдөн импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;

3) салык органынын депозиттик эсеби - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден (мындан ары - ЕАЭБ) импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;

4) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо пайдаланылган башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)

2-глава. Колдонуу шарттары

3. Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режими төмөнкүлөргө колдонулбайт:

1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;

2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкттарга жана субъекттерге;

3) инвестициялык фонддорго;

4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;

5) акциз салыгынын салык төлөөчүлөрүнө;

6) коомдук тамактануу субъекттерине;

7) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине;

8) зымсыз жана спутник байланышынын телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүчү субъекттерине;

9) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүлөргө.