Сравнение редакций…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна) |
Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу кошуп эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине ылайык иштелип чыкты жана товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) шарттуу эсептөөнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө - КНСти төлөө тартиби, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНСтин суммасын киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан бул товарларды андан ары экспорттоо шарты менен Казыналык системасында ачылган депозиттик эсепке киргизүүгө же бюджетке төлөөгө милдеттүү;".
2) бажы органынын депозиттик эсеби - үчүнчү өлкөдөн импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;
3) салык органынын депозиттик эсеби - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден (мындан ары - ЕАЭБ) импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;
4) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо пайдаланылган башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Колдонуу шарттары
3. Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режими төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;
2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкттарга жана субъекттерге;
3) инвестициялык фонддорго;
4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;
5) акциз салыгынын салык төлөөчүлөрүнө;
6) коомдук тамактануу субъекттерине;
7) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине;
8) зымсыз жана спутник байланышынын телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүчү субъекттерине;
9) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүлөргө.
10) курулушчунун ишин жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
11) жылуулук энергиясын, электр энергиясын жана газ берүүчү субъекттерге.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү ушул режимге ылайык товарлардын импорту жана экспорту боюнча гана иш жүргүзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди пайдаланган салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) катары менен келген 6 календардык айдын ичинде бир жолудан кем эмес, бул режимге ылайык экспорттоо менен товарларды импорттоону ишке ашырууга;
2) аталган режимге ылайык 180 күндүн ичинде импорттолгон товарларды толук өлчөмдө экспорттоого;
3) салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөгө;
4) ушул режимге ылайык импорттолгон товарларды экспорттоодо ТЭИТН кодун он орундуу белгинин жана ченем бирдигинин деңгээлинде өзгөртүүсүз көрсөтүүгө;
5) товарларды экспорттоодо эсеп-фактураны Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте тариздөөгө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомунун, 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурларда жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатып өткөрүү учурунда салык төлөөчү кийинки аяктаган салыктык мезгилдеги айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпы салыктык режими боюнча өтөт.
7. Ушул режимди каттоону жокко чыгарууда салык төлөөчү бир жыл өткөндөн кийин режимди кайрадан колдонууга укуктуу.
3-глава. Каттоо тартиби
8. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул Жободо белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөөнүн режимин колдонууга укуктуу.
9. Товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууга ниеттенген субъект (мындан ары - салык төлөөчү) салык мыйзамдарында каралган тартипте салыктык катталуу жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
Салык төлөөчүнүн арызы, эгерде ал салык төлөөчү КНС салык төлөөчү болуп эсептелсе, бирдиктүү салыкты төлөөчү катары белгиленген тартипте каттоо жана КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болуп эсептелет. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
10. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде салык органы белгиленген тартипте салык төлөөчүнүн салык режимин өзгөртүүнү каттайт.
11. Салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуу күнү болуп, салык төлөөчү товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнү эсептелет.
4-глава. Товарлардын импортунда режимди колдонуу тартиби
12. Үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо салык төлөөчү бажы органына товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө арыз менен кайрылат.
Ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүнү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект катары каттоо жөнүндө ырастоосу “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект катары катталганын ырастоодон кийин салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, КНСтин шарттуу эсептелген суммасындагы акча каражаттарын (депозитти) бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте бажы органынын депозиттик эсебине төлөйт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдогон салык төлөөчү үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык импортко КНСти бюджетке төлөйт.
14. Салык төлөөчү,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынын кийин ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмени берет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык КНСти шарттуу эсептөө режими колдонулган учурда салык төлөөчү бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча милдеттенме берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Бажы органы ушул Жобонун 8-10-пункттарында каралган, аткарылган жол-жоболордун, ошондой эле товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасоо үчүн зарыл болгон, берилген документтердин негизинде товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, товарлар чыгарылган күндөн кийинки 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына салык төлөөчүнүн ИСНин, товарларга декларациянын номерин жана КНСтин шарттуу эсептелген суммасын камтыган маалыматтарды жиберет.
17. Салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдогон салык төлөөчүнү кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо КНСтин шарттуу түрдө эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине товарлар импорттолгон айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөйт.
Салык төлөөчү тарабынан товарларды импорттоого КНСтин шарттуу эсептелген суммасы депозиттик эсепке өз убагында киргизилбеген учурда, салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте депозиттик эсепке сумманы киргизүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып депозиттик эсепке сумманы салуу боюнча милдеттенмени аткаруунун кечиктирилген ар бир календардык күн үчүн туум чегерет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчү товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 320-беренесине ылайык импортко КНСти бюджетке төлөйт.
18. Салык органына кыйыр салыктар боюнча отчет берилген учурда салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, КНСтин шарттуу эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Товарлардын импортуна КНСтин шарттуу эсептелген суммасын кайтарып берүү тартиби
19. Салык төлөөчү депозиттик каражаттарды кайтарып берүү максатында импорттолгон товарлар эсепке алынган күндөн тартып 210 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арыз менен тийиштүү салык органына, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча бажы органына кайрылат.
Арызга салык төлөөчү күбөлөндүргөн төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо:
- бардык импорттолуучу товарларга экспорттук декларация;
- товарды коштоочу документтер;
- кагазга басылып чыгарылган электрондук эсеп-фактура;
- товарларды жеткирүүгө келишим.
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоодо:
- аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ырасталган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз;
- товарды коштоочу документтер;
- кагазга басылып чыгарылган электрондук эсеп-фактура;
- товарларды жеткирүүгө келишим.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Тиешелүү салык/бажы органы салык төлөөчү берген документтерди изилдейт (текшерет) жана алар ушул Жобонун талаптарына ылайык келген учурда салык төлөөчү арыз берген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен, товарлардын импортуна карата КНСтин шарттуу эсептелген суммалары боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине төлөнгөн депозиттик каражаттарды кайра кайтаруу жөнүндө чечим чыгарат.
Депозиттик каражаттар салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздары жана товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошо алганда бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карыздары жок болсо жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды толук көлөмдө экспорттоодо гана кайра кайтарылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону сурайт.
Салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо берилбеши мүмкүн.
201. Эгерде ушул Жободо каралган кайсы бир документтер талаптагыдай таризделбегендигине байланыштуу салык/бажы органы тарабынан кабыл алынбаса, ошондой эле документтердин толук комплекти берилбеген учурда салык төлөөчү арыз келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде салык/бажы органы тарабынан жазуу жүзүндө кабарланууга тийиш.
Салык төлөөчү кабарлоону алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде документтерди бербеген учурда салык/бажы органы товарлардын импортуна КНСтин шарттуу эсептелген суммалары боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине төлөнгөн депозиттик каражаттарды кайтаруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
Арызды кароо мөөнөтү салык төлөөчүдөн документтерди талап кылуу мөөнөтүнө токтотулат.
Арыз берүү мөөнөтү өткөн жана салык/бажы органынын жазуу жүзүндөгү кабарлоосунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда депозиттик эсепке төлөнгөн импортко КНСтин суммасы салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туумду эсептөө менен бюджетке которулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Эгерде салык төлөөчүнүн кайра кайтаруу арызында башкасы айтылбаса, депозитти кайра кайтаруу аны төлөө жүзөгө ашырылган салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине жүргүзүлөт.
Салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар башка салыктар, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелерди аткаруунун жана/же алдыдагы мезгилдердин салыктык жана бажылык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун эсебине пайдаланылышы мүмкүн.
Товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошкондо, салыктардын башка түрлөрү боюнча карыздар болгон учурда салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар карызды аткаруу эсебине которулат.
22. Экспорт 180 күндүн ичинде ырасталбаган учурда салык төлөөчүнүн ырасталбаган жеткирүү боюнча кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенмеси пайда болот.
Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө ырасталбаган жана/же салык төлөөчү депозиттик каражаттарды кайтарууга арыз бербеген же/жана ушул Жобонун 5-пункту сакталбаган жана/же КНС төлөнгөндүгү ырасталбаган учурда депозиттик эсепке төлөнгөн импортко КНСтин суммасы салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туумду эсептөө менен бюджетке которулат.
Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурлар ушул Жобонун 13 жана 17-пункттарына ылайык төлөнгөн депозит менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарбоо болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| 6-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтому менен бекитилди) |
Товарлардын импортуна кошумча нарк
салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу
тартиби жана шарттары жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Колдонуу шарттары
3-глава. Каттоо тартиби
4-глава. Товарлардын импортунда режимди колдонуу тартиби
5-глава. Товарлардын импортуна КНСтин шарттуу эсептелген суммасын кайтарып берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу кошуп эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине жана 430-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык иштелип чыкты жана товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) шарттуу эсептөөнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө - КНСти төлөө тартиби, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНСтин суммасын киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан бул товарларды андан ары экспорттоо шарты менен Казыналык системасында ачылган депозиттик эсепке киргизүүгө же бюджетке төлөөгө милдеттүү;".
2) бажы органынын депозиттик эсеби - үчүнчү өлкөдөн импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;
3) салык органынын депозиттик эсеби - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден (мындан ары - ЕАЭБ) импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;
4) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо пайдаланылган башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Колдонуу шарттары
3. Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режими төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;
2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкттарга жана субъекттерге;
3) инвестициялык фонддорго;
4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;
5) акциз салыгынын салык төлөөчүлөрүнө;
6) коомдук тамактануу субъекттерине;
7) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине;
8) зымсыз жана спутник байланышынын телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүчү субъекттерине;
9) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүлөргө;
10) курулушчунун ишин жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
11) жылуулук энергиясын, электр энергиясын, газ жана автомобиль транспорт каражаттарын берүүчү субъекттерге.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен бюджетке импортко КНС төлөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында негизги каражаттарды, товарларды жана материалдык эмес активдерди түздөн-түз өзү пайдалануу үчүн сатып алууну жана/же импорттоону кошпогондо, ушул режимге ылайык товарларды импорттоо жана экспорттоо боюнча гана иш жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде жана 430-беренесинин 51-бөлүгүндө белгиленген режимди пайдаланган салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) катары менен келген 6 календардык айдын ичинде бир жолудан кем эмес, бул режимге ылайык экспорттоо менен товарларды импорттоону ишке ашырууга;
2) аталган режимге ылайык 180 күндүн ичинде импорттолгон товарларды толук өлчөмдө экспорттоого;
3) салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөгө;
4) ушул режимге ылайык импорттолгон товарларды экспорттоодо ТЭИ ТН кодун он орундуу белгинин жана өлчөө бирдигинин деңгээлинде өзгөртүүсүз жана/же бул өлчөө бирдигинин эквивалентинде көрсөтүүгө.
Ушул пунктчанын максаттарында эквиваленттүү өлчөө бирдиги деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
– грамм (г) – килограмм (кг) – тонна (т);
– миллилитр (мл) – литр (л);
– сантиметр (см) – узундук метр (ум) – метр (м) – километр (км);
5) товарларды экспорттоодо эсеп-фактураны Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте тариздөөгө;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында импорттолгон жана/же сатып алынган күндөн тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин өзү пайдалануу үчүн түздөн-түз сатып алган активдерди ээликтен ажыратпоого.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 28-августундагы №533, 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомдорунун редакциялары ылайык)
6. Ушул Жобонун 3, 4-пункттарында жана 5-пунктунун 1, 2-пунктчаларында белгиленген шарттарга ылайык келбеген учурда жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатып өткөрүү учурунда салык төлөөчү өткөн салыктык мезгилден кийинки айдын 1инен тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтөт.
Ушул Жобонун 5-пунктунун 6-пунктчасы сакталбаган учурда салык төлөөчү мындай актив ээликтен ажыратылган айдан кийинки айдын 1инен тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул режимди каттоону жокко чыгарууда салык төлөөчү алты календардык ай өткөндөн кийин режимди кайрадан колдонууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Каттоо тартиби
8. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул Жободо белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөөнүн режимин колдонууга укуктуу.
9. Товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууга ниеттенген субъект (мындан ары - салык төлөөчү) салык мыйзамдарында каралган тартипте салыктык катталуу жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
Салык төлөөчүнүн арызы, эгерде ал салык төлөөчү КНС салык төлөөчү болуп эсептелсе, бирдиктүү салыкты төлөөчү катары белгиленген тартипте каттоо жана КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болуп эсептелет. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
10. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде салык органы белгиленген тартипте салык төлөөчүнүн салык режимин өзгөртүүнү каттайт.
11. Салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуу күнү болуп бул режимде салыктык катталган күнү саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Товарлардын импортунда режимди
колдонуу тартиби
12. Үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо салык төлөөчү бажы органына товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө арыз менен кайрылат.
Ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүнү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект катары каттоо жөнүндө ырастоосу “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде жана 430-беренесинин 51-бөлүгүндө белгиленген режимди колдонгон субъект катары катталганын ырастоодон кийин салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, КНСтин шарттуу эсептелген суммасындагы акча каражаттарын (депозитти) бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте бажы органынын депозиттик эсебине төлөйт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдогон салык төлөөчү үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык импортко КНСти бюджетке төлөйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Салык төлөөчү,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынын кийин ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмени берет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык КНСти шарттуу эсептөө режими колдонулган учурда салык төлөөчү бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча милдеттенме берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Бажы органы ушул Жобонун 8-10-пункттарында каралган, аткарылган жол-жоболордун, ошондой эле товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жасоо үчүн зарыл болгон, берилген документтердин негизинде ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө жана 430-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, товарлар чыгарылган күндөн кийинки 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына салык төлөөчүнүн ИСНин, товарларга декларациянын номерин жана КНСтин шарттуу эсептелген суммасын камтыган маалыматтарды жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдогон салык төлөөчүнү кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо КНСтин шарттуу түрдө эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине товарлар импорттолгон айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөйт.
Салык төлөөчү тарабынан товарларды импорттоого КНСтин шарттуу эсептелген суммасы депозиттик эсепке өз убагында киргизилбеген учурда, салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте депозиттик эсепке сумманы киргизүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып депозиттик эсепке сумманы салуу боюнча милдеттенмени аткаруунун кечиктирилген ар бир календардык күн үчүн туум чегерет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчү товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 320-беренесине ылайык импортко КНСти бюджетке төлөйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Салык органына кыйыр салыктар боюнча отчет берилген учурда салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө жана 430-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, КНСтин шарттуу эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280, 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5-глава. Товарлардын импортуна КНСтин
шарттуу эсептелген суммасын кайтарып берүү
тартиби
19. Депозиттик каражаттарды кайтарып берүү максатында салык төлөөчү 210 календардык күндүн ичинде тиешелүү арыз менен төмөнкүлөргө кайрылат:
– салык органына – ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча импорттолгон товарларды эсепке алынган күндөн тартып;
– бажы органына – бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык товарлар чыгарылган күндөн тартып.
Арызга салык төлөөчү күбөлөндүргөн төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
– үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо:
бардык импорттолуучу товарларга экспорттук декларация;
товарды коштоочу документтер;
электрондук эсеп-фактура;
товарларды жеткирүүгө келишим;
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоодо:
аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ырасталган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз;
товарды коштоочу документтер;
электрондук эсеп-фактура;
товарларды жеткирүүгө келишим.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Тиешелүү салык/бажы органы салык төлөөчү берген документтерди изилдейт (текшерет) жана алар ушул Жобонун талаптарына ылайык келген учурда салык төлөөчү арыз берген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен, товарлардын импортуна карата КНСтин шарттуу эсептелген суммалары боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине төлөнгөн депозиттик каражаттарды кайра кайтаруу жөнүндө чечим чыгарат.
Эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, депозиттик каражаттар багытталган өлкөдөгү экспорттолгон товарлардын жалпы саны ырасталган шартта, алар боюнча багытталган өлкөдө ТЭИ ТН коддорунун бардыгы же бир бөлүгү боюнча он белгинин деңгээлинде кыйыр салыктар төлөнгөндүгү ырасталган экспорттолгон товарларга карата кайра кайтарылууга тийиш.
Депозиттик каражаттар салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздары жана товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошо алганда бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карыздары жок болсо гана кайра кайтарылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону сурайт.
Салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо берилбеши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
201. Эгерде ушул Жободо каралган кайсы бир документтер талаптагыдай таризделбегендигине байланыштуу салык/бажы органы тарабынан кабыл алынбаса, ошондой эле документтердин толук комплекти берилбеген учурда салык төлөөчү арыз келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде салык/бажы органы тарабынан жазуу жүзүндө кабарланууга тийиш.
Салык төлөөчү кабарлоону алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде документтерди бербеген учурда салык/бажы органы товарлардын импортуна КНСтин шарттуу эсептелген суммалары боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине төлөнгөн депозиттик каражаттарды кайтаруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
Арызды кароо мөөнөтү салык төлөөчүдөн документтерди талап кылуу мөөнөтүнө токтотулат.
Арыз берүү мөөнөтү өткөн жана салык/бажы органынын жазуу жүзүндөгү кабарлоосунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда депозиттик эсепке төлөнгөн импортко КНСтин суммасы салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туумду эсептөө менен бюджетке которулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Эгерде салык төлөөчүнүн кайра кайтаруу арызында башкасы айтылбаса, депозитти кайра кайтаруу аны төлөө жүзөгө ашырылган салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине жүргүзүлөт.
Салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар башка салыктар, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелерди аткаруунун жана/же алдыдагы мезгилдердин салыктык жана бажылык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун эсебине пайдаланылышы мүмкүн.
Товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошкондо, салыктардын башка түрлөрү боюнча карыздар болгон учурда салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар карызды аткаруу эсебине которулат.
22. Товарлардын экспорту ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолгон товарлар эсепке алынган күндөн тартып же чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык бажы органдары тарабынан товарлар чыгарылган күндөн тартып эсептелүүчү 180 календардык күндүн ичинде ырасталбаган учурда, салык төлөөчүдө кыйыр салыктарды төлөө боюнча милдеттенме пайда болот.
Ушул Жобонун 13, 17-пункттарына ылайык депозиттик эсепке киргизилген импортко КНСтин шарттуу эсептелген суммасы салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туумду эсептөө менен бюджетке которулат, төмөнкү учурларда:
– белгиленген мөөнөттө товарлардын экспорту ырасталбаса;
– экспорттолгон товарлардын жалпы көлөмүндө багытталган өлкөдөгү ТЭИ ТН коддорунун бардыгына же бөлүгүнө карата кыйыр салыктарды төлөө ырасталбаса;
– салык төлөөчү депозиттик каражаттарды кайра кайтарууга арыз бербесе;
– ушул Жобонун 5-пунктунун шарттары сакталбаса.
Ушул Жобонун максаттары үчүн кыйыр салыктардын төлөнгөндүгүн ырастоо деп 2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколдо белгиленген, аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ырасталган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз берүү түшүнүлөт.