Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-январы № 41
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 487 "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча шаарлардын ишине дем берүү жана "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун дайыма өткөрүү максатында. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 487 "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы "убактылуу жобону" деген сөздөр "жобону" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2 жылда бир жолу "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзсүн.";
3) 5-пунктундагы "жана 2022-жылдын 31-августуна чейин колдонулат" деген сөздөр алып салынсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- аталышындагы "убактылуу жобо" деген сөздөр "жобо" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Конкурс эки жылда бир жолу өткөрүлөт жана отчеттук мезгилден кийинки апрель айынын биринчи жумуш күнүнөн башталат. Конкурска ар бир шаар тиешелүү арыз берүү менен катыша алат. Шаарлардын конкурска катышуусу ыктыярдуу.";
- 3-пунктундагы "Премьер-министринин" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы "вице-премьер-министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арыздарды берүү датасы Комиссиянын катчылыгы тарабынан аныкталат.
Арызга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык индикаторлордун объективдүү көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча документтер тиркелиши керек.";
- 25-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Убактылуу жобонун 1-тиркемесинде:
1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Жаштар жана спорт агенттиги)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - ММСЖСМ)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Убактылуу жобонун 1-тиркемесинин жогорку оң бурчундагы "убактылуу жобого" деген сөздөр "жобого" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-9-пункттарындагы "Жаштар жана спорт агенттиги" деген сөздөр "ММСЖСМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
2-6-главаларынын бүткүл тексти боюнча "Жаштар жана спорт агенттиги" деген сөздөр "ММСЖСМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Убактылуу жобонун 2-тиркемесинин жогорку оң бурчундагы "убактылуу жобого" деген сөздөр "жобого" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Төрага |
А.У. Жапаров |