Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-марты № 112
Кыргыз Республикасынын Ош жана Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Суу фондусунун жерлери" категорияларынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 2-июлундагы № 03/723, № 03/724, № 03/725, № 03/726, № 03/727, № 03/728, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 02/1-06/3220 жана 2021-жылдын 7-майындагы № 43 корутундуларын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын аймактарындагы мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 95455 кв.м (9,5455 га) жер электр берүү линиясын куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Суу фондунун жерлери" категорияларынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинде:
1) Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун - 24352 кв.м (2,4352 га):
Баш-Дөбө айыл аймагынын - 6420 кв.м (0,6420 га) сугат айдоо жерлери (№ 131, 134, 158, 87, 88, 201, 198, 218, 230, 687, 474, 747, 887, 897, 839, 971 контурлар), 2533 кв.м (0,2533 га) кайрак айдоо жерлери (№ 144, 16, 20, 43 контурлар), 324 кв.м (0,0324 га) көп жылдык бак дарактар (№ 811 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан, 784 кв.м (0,0784 га) башка жерлер (кум) (№ 246 контур) "Суу фондусунун жерлери" категориясынан;
Төрт-Көл айыл аймагынын - 1568 кв.м (0,1568 га) сугат айдоо жерлери (№ 101, 97 контурлар), 1200 кв.м (0,1200 га) жайыт жерлери (№ 125, 110, 108 контурлар) "Суу фондусунун жерлери" категориясынан;
Кароол айыл аймагынын - 3973 кв.м (0,3973 га) сугат айдоо жерлери (№ 192, 294, 95, 89, 740, 887 контурлар), 1048 кв.м (0,1048 га) кайрак айдоо жерлери (№ 897, 450 контурлар), 1485 кв.м (0,1485 га) кысыр аңыз жерлер (№ 919, 911, 908 контурлар), 800 кв.м (0,0800 га) көп жылдык бак дарактар (№ 724, 739 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан, 676 кв.м (0,0676 га) башка жерлер (кум) (№ 175 контур) "Суу фондусунун жерлери" категориясынан;
Куршаб айыл аймагынын - 1807 кв.м (0,1807 га) кайрак айдоо жерлери (№ 1736, 1741, 334, 385 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын - 1734 кв.м (0,1734 га) сугат айдоо жерлери (№ 1030, 1035, 1016 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун - 14351 кв.м (1,4351 га):
Жаңы-Арык айыл аймагынын - 764 кв.м (0,0764 га) сугат айдоо жерлери (№ 1141, 1149 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Катта-Талдык айыл аймагынын - 3901 кв.м (0,3901 га) кайрак айдоо жерлери (№ 495, 540, 541, 354, 347, 359, 418, 411, 397 контурлар), 685 кв.м (0,0685 га) кысыр аңыз жерлери (№ 479, 357 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Жоош айыл аймагынын - 2186 кв.м (0,2186 га) кайрак айдоо жерлери (№ 168, 125, 112, 108 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Нариман айыл аймагынын - 1370 кв.м (0,1370 га) кайрак айдоо жерлери (№ 251, 254, 261, 291 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Мады айыл аймагынын - 648 кв.м (0,0648 га) кайрак айдоо жерлери (№ 63, 64 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын - 648 кв.м (0,0648 га) кайрак айдоо жерлери (№ 1867, 1865 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Төлөйкөн айыл аймагынын - 246 кв.м (0,0246 га) кайрак айдоо жерлери (№ 142 контур), 800 кв.м (0,0800 га) кысыр аңыз жерлери № 226 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Папан айыл аймагынын - 3103 кв.м (0,3103 га) кайрак айдоо жерлери (№ 448а, 346, 344, 341, 300, 296, 291, 285, 281 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- Ош облусунун Ноокат районунун - 20998 кв.м (2,0998 га);
Мирмахмудов айыл аймагынын - 484 кв.м (0,0484 га) сугат айдоо жерлери (№ 855 контур), 1922 кв.м (0,1922 га) кайрак айдоо жерлери (№ 1232, 1184, 1076, 1090 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Кара-Таш айыл аймагынын - 1645 кв.м (0,1645 га) кайрак айдоо жерлери (№ 103, 98, 94, 210 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Гулистан айыл аймагынын - 3542 кв.м (0,3542 га) кайрак айдоо жерлери (№ 105, 115, 116, 129, 130, 158, 157, 162, 165 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын - 1296 кв.м (0,1296 га) кайрак айдоо жерлери (№ 112, 124, 125 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Көк-Жар айыл аймагынын - 3607 кв.м (0,3607 га) кайрак айдоо жерлери (№ 1362, 1367, 1368, 1375, 1380, 1538, 1539, 1324 контурлар), 685 кв.м (0,0685 га) кысыр аңыз жерлер (№ 1281, 1077 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Он-Эки-Бел айыл аймагынын - 722 кв.м (0,0722 га) кайрак айдоо жерлери (№ 1240, 1021 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Кулатов айыл аймагынын - 962 кв.м (0,0962 га) сугат айдоо жерлери (№ 6571, 6519, 6525 контурлар), 5733 кв.м (0,5733 га) кайрак айдоо жерлери (№ 1032, 6623, 6509, 6397, 6427, 6400, 6382, 6406, 6375, 6368, 6353, 6346, 6335, 398 контурлар), 400 кв.м (0,0400 га) кысыр аңыз жерлери (№ 1039 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун - 2873 кв.м (0,2873 га);
Чек-Абад айыл аймагынын - 1864 кв.м (0,1864 га) кайрак айдоо жерлери (№ 60, 66, 68, 44, 42 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Тепе-Коргон айыл аймагынын - 361 кв.м (0,0361 га) кысыр аңыз жерлери (№ 115 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Алля Анаров айыл аймагынын - 648 кв.м (0,0648 га) кайрак айдоо жерлери (№ 2367 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан.
2) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча:
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун - 685 кв.м (0,0685 га):
Акман айыл аймагынын - 685 кв.м (0,0685 га) кайрак айдоо жерлери (№ 20 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун - 26880 кв.м (2,688 га):
Сузак айыл аймагынын - 4140 кв.м (0,4140 га) кайрак айдоо жерлери (№ 12, 37, 52, 298, 308, 350 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Барпы айыл аймагынын - 324 кв.м (0,0324 га) кайрак айдоо жерлери (№ 643 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Кыз-Көл айыл аймагынын - 324 кв.м (0,0324 га) кайрак айдоо жерлери (№ 137 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Ырыс айыл аймагынын - 2018 кв.м (0,2018 га) кайрак айдоо жерлери (№ 25, 58, 67 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Багыш айыл аймагынын - 1954 кв.м (0,1954 га) кайрак айдоо жерлери (№ 166, 165, 176, 181 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Таш-Булак айыл аймагынын - 3985 кв.м (0,3985 га) сугат айдоо жерлери (№ 51, 49, 46, 40, 30, 28 контурлар), 1184 кв.м (0,1184 га) кайрак айдоо жерлери (№ 519, 517 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Кызыл-Туу айыл аймагынын - 5289 кв.м (0,5289 га) кайрак айдоо жерлери (№ 17, 2308, 1884, 2357, 2356, 2355, 1832, 1827, 1885, 1886 контурлар), 845 кв.м (0,0845 га) кысыр аңыз жерлери (1885, 1886 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
С.Атабеков атындагы айыл аймагы - 972 кв.м (0,0972 га) кайрак айдоо жерлери (№ 319, 327, 333а контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Ленин айыл аймагынын - 2894 кв.м (0,2894 га) сугат айдоо жерлери (№ 378, 370, 361, 359, 347, 253 контурлар), 2912 кв.м (0,2912 га) көп жылдык бак дарактар (№ 374, 310, 315, 321, 325, 331, 332 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
3) Ош шаары боюнча - 5316 кв.м (05316) кайрак айдоо жерлери (№ 145а, 135, 128а, 123, 116, 101, 83, 78, 66, 68, 30, 29 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан.
2. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди курууда төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча иштерди жүргүзүүнү уюштуруу;
- археологиялык көзөмөл жүргүзүүгө археолог-адистерди тартуу.
3. Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунун мамлекеттик администрациялары жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунун мамлекеттик администрациялары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммаларын төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |