КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 82
Асыл тукум мал чарбасы жана ирригация жаатындагы агрардык илимди өнүктүрүү жөнүндө
Агрардык илимий-изилдөө институттарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн карамагына өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтун 58 бирдик штаттык саны, анын ичинде 49 бирдик административдик-башкаруучу персоналы жана 9 бирдик техникалык жана тейлөөчү персоналы, тиешелүү бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемесин тиешелүү штаттык саны, бюджеттик каржылоосу жана материалдык техникалык базасы менен.
2. "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси "Сокулук" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик мекемеси болуп кайра аталсын.
3. "Сокулук" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик мекемеси "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемесинин асыл тукум малды, асыл тукум материалын жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү, өркүндөтүү, сактоо жана сатуу функциялары бөлүгүндө укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин түзүмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун башкаруу схемасы ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактарды өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактарды юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- "Сокулук" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 364 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ТҮЗҮМҮ
Эскертүү: Пунктир менен чарбалык эсептеги ведомстволук уюмдар көрсөтүлгөн. Үзгүлтүксүз сызык менен мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар көрсөтүлгөн.".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Эскертүү: Пунктир менен ишти координациялоо көрсөтүлгөн.".
|
| 4-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун башкаруу СХЕМАСЫ
Эскертүү: Пунктир менен чарбалык эсептик уюмдар көрсөтүлгөн.".