Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-февралы № 76
"Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-беренесиндеги "акча жана баалуу кагаздар," деген сөздөрдөн кийин "виртуалдык активдер," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 23-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Виртуалдык активдер түшүнүгү жана түрлөрү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү өзгөчөлүктөрү виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.".
2-берене.
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө," деген сөздөрдөн кийин "виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
2) Мыйзамдын 15-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн иши.".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ