Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 101 токтомуна) |
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн темир жолдорду долбоорлоодо жана курууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн темир жолдорду долбоорлоодо жана курууда мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну жөнгө салат.
2. Ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу, уюштуруу жана өткөрүү ыкмалары
3. Мамлекеттик сатып алуулар Мыйзамдын ченемдерине, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга жана ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик сатып алуулар төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылат:
1) Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыя жайгаштырбастан;
2) Мыйзамдын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык электрондук каталог аркылуу.
5. Сатып алуучу уюм ушул Тартипке ылайык мамлекеттик сатып алуулардын ыкмасын өз алдынча аныктайт.
6. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй ырааттуу иш-чаралардын аткарылышын караштырат:
- сатып алууларды пландоо;
- сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык спецификациясын (жумуштардын жана сарпталуучу материалдардын, техникалык тапшырмалардын көлөмүнүн ведомостторун) иштеп чыгуу;
- рынокко мониторинг жүргүзүү (изилдөө);
- жеткирүүчүлөрдөн (подрядчылардан) алынган коммерциялык сунуштардын негизинде бааларга мониторинг жүргүзүү;
- келишим түзүү.
3. Сатып алууларды пландоо
7. Сатып алуучу уюм Мыйзамдын жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планын иштеп чыгат жана бекитет.
8. Мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планы төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- сатып алуулардын предметинин аталышы, анын ичинде мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн бөлүнгөн сумма жана товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү;
- эсептин номери жана чыгымдардын беренеси.
9. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.
4. Сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык спецификациясын иштеп чыгуу
10. Сатып алуучу уюм рынокко жана сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына мониторинг жүргүзүү жана пландоо максатында темир жолду долбоорлоо жана куруу үчүн зарыл болгон техникалык спецификациясын иштеп чыгат.
11. Сатып алынган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык спецификациясы пландалган сатып алууларга болгон талаптарды чагылдырууга тийиш.
5. Рынокко жана бааларга мониторинг жүргүзүү
12. Сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн пландалган суммасын аныктоо жана потенциалдуу жеткирүүчүнү (подрядчыны) тандоо үчүн сатып алуучу уюм рынокко жана бааларга мониторинг жүргүзөт.
13. Бааларга мониторинг жүргүзүү жеткирүүчүлөрдөн (подрядчылардан) коммерциялык сунушту суроо аркылуу жүзөгө ашырылат.
14. Коммерциялык сунушту жазуу жүзүндө суроо жолу менен бааларга мониторинг жүргүзүүдө сатып алуучу уюмдун суроо-талабы товардын, жумуштарды аткаруунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын, квалификациялык талаптарын, техникалык спецификациясын, мөөнөтүн жана жеткирүүнүн ыкмасын камтууга тийиш.
15. Электрондук каталог аркылуу бааларга мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 243 токтому менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Келишим түзүү
16. Сунушу сатып алуучу уюмдун бардык талаптарына жооп берген потенциалдуу жеткирүүчү (подрядчы) менен келишим Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлөт.
17. Сатып алуучу уюм потенциалдуу жеткирүүчүдөн (подрядчыдан) Мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн өлчөмдө жана формада келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздоону сурап алышы мүмкүн.
18. Мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн учурларда келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздоо кайтарылып берилет же кармалат.
19. Келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана ага тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
20. Сатып алуучу уюм түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматты Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эки жумуш күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ