Документке
Мурунку16.05.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 11-марты № 137

Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249, 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479, 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023 жылдын 16-майы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Товарларга карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы тиркемеге ылайык белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)

2. 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлккө салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз-Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

"Тиркеме

Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын

ТИЗМЕСИ

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023 жылдын 16-майы № 264 токтомунун редакцияларына ылайык)

 

№

Товардын аталышы

ЕАЭБ

ТЭИ ТН

коду

Мөөнөтү

1.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2.

Инкубациялоо үчүн үй тоокторунун (Gallus domesticus) уруктандырылган жумурткалары

0407 11 0000

2023-жылдын 1 -январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

3.

Иштетилбеген, майдаланган же майдаланылбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранула түрүндөгү дандардын саманы жана топону

1213 00 0000

2023-жылдын 1 -январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

4.

Брюква, жашылча кызылчасы (мангольд), тамыры тоют өсүмдүктөр, чей, кара беде (люцерна), беде, эспарцет (уй беде), тоют капустасы, бөрү буурчак (люпин), жер буурчак (вика) жана ушул сыяктуу гранула түрүндө же гранула түрүндө эмес тоют азыктары

1214

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

5.

Арпа

1003 90

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31 -декабрына чейин

6.

Сулу

 

1004 90

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31 -декабрына чейин

7.

Кубулма форель балыгынын тоюту

2309 90 1000

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

8.

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, горчицанын үрөндөрүнөн тышкары май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнөн жана мөмөлөрүнөн тартылган майда жана кесек ун

2309 90 3100

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

9.

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу дан өсүмдүктөрүн же буурчак өсүмдүктөрүн элегенден, тарткандан жана башка кайра иштетүү ыкмаларынан түшкөн гранула түрүндө эмес же гранула түрүндө улпак, чар, кебек жана башка калдыктар

2309 90 9609

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

10.

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу крахмалды өндүрүүдөн чыккан гранула түрүндө эмес же гранула түрүндө калдыктар жана ушул сыяктуу кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому жана кантты өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудап же винону ачытуудан чыккан калдыктар

1208

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

11.

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу соя майын өндүрүүдөн алынган, жанчылган же жанчылбаган, гранула түрүндө же гранула түрүндө эмес күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар

2302

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

12.

Өсүмдүк майларын же соя, арахис калдыктарынан башка майларды чыгаруудан алынуучу, айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, майдаланган же майдаланбаган, гранула түрүндө же гранула түрүндө эмес күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар

2303

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

13.

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө же гранула турундө эмес өсүмдүктөрдөн алынган азыктар жана өсүмдүктөрдүн калдыктары жана калдык азыктар

2304 00 000

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабры на чейин

14.

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүп пайдаланылуучу азыктар

2306

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

15.

Ири мүйүздүү мал жана башка тирүү

2308 00

2023-жылдын 1-январынан

2023-жылдын 31-декабрына чейин

 

 

 

 

Жаңы28.12.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 11-марты № 137

Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249, 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479, 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023 жылдын 16-майы № 264 , 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Товарларга карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы тиркемеге ылайык белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)

2. 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлккө салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз-Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

Тиркеме

Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын ТИЗМЕСИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Товардын аталышы

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

Колдонуу мөөнөтү

1

Инкубациялоо үчүн үй тоокторунун (Gallus domesticus) уруктандырылган жумурткалары

0407 11 0000

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

2

Иштетилбеген, майдаланган же майдаланылбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранула түрүндөгү дандардын саманы жана топону

1213 00 0000

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

3

Арпа

1003 90

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

4

Сулу

1004 90

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

5

Кубулма форель балыгынын тоюту

2309 90 1000

2309 90 3100

2309 90 9609

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

6

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, горчицанын үрөндөрүнөн тышкары, май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнөн жана мөмөлөрүнөн тартылган майда жана кесек ун

1208

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

7

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү дан өсүмдүктөрүн же буурчак өсүмдүктөрүн элегенден, тарткандан же кайра иштетүүнүн башка ыкмаларынан түшкөн улпак, чар, кебек жана башка калдыктар

2302

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

8

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү крахмалды өндүрүүдөн чыккан калдыктар жана ушул сыяктуу калдыктар, кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому жана кантты өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудан же винону ачытуудан башка калдыктар

2303

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

9

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү соя майын чыгаруудан алынган, жанчылбаган же жанчылган күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар

2304 00 000

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

10

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү өсүмдүк майларын же соя жана арахис калдыктарынан башка майларды чыгаруудан алынуучу, майдаланбаган же майдаланган күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар

2306

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

11

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү өсүмдүктөрдөн алынган азыктар жана өсүмдүктөрдүн калдыктары жана калдык азыктар

2308 00

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

12

Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу азыктар

2309

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин

13

Ири мүйүздүү мал жана башка тирүү

010229

2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин