Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдарга же алардын өкүлчүлүктөрүнө, башка уюмдарга, ошондой эле алардын аккредитацияланган кызматкерлерине, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча нарк салыгын (мындан ары –КНС) кайтарып берүү шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
1) расмий пайдалануу үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын түздөн-түз иши;
2) “D”, “C” жана “T” категорияларындагы аккредитациялык карточкалар - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген “D” дипломатиялык карточкасы, “C” консулдук карточкасы, “T” техникалык карточкасы.
Ушул Жободо колдонулуучу башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында пайдаланылгандай мааниде колдонулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
2. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык КНСти кайтаруу укугуна ээ болгон чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, башка уюмдардын тизмесин түзүү тартиби
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде КНС кайтарып берүү же андан бошотуу каралса, анда товарларды берүү, жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүү кийин кайтарып берүү менен КНС салынууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын расмий пайдалануусу үчүн;
2) Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын аккредитацияланган кызматкерлеринин, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануусу үчүн.
4. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлерине, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө карата ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген шарттар өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылат.
5. Өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциби Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы берген маалыматка ылайык ишке ашырылат.
6. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, 15-декабрга чейин салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдүн тизмесин жиберет:
1) өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен КНСти кайтарып берүү каралган (чектөөлөр менен же чектөөсүз) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин;
2) кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитациядан өтүүчү эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын.
7. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле алардын кызматкерлерине, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө карата чет мамлекеттер тарабынан колдонулуучу КНСти кайтарып берүү боюнча чектөөлөр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
8. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын, 1-январга карата төмөнкүлөрдү түзөт:
1) КНСти кайтаруу укугуна ээ болгон (чектөөлөр менен же чектөөсүз) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тизмесин (мындан ары - 1-тизме);
2) эл аралык келишимдерге ылайык КНСти кайтаруу укугуна ээ болгон, Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашыруучу эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын тизмесин (мындан ары - 2-тизме).
9. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган учурдагы жылдын 15-январына чейин 1 жана 2-тизмелерди ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
10. Ыйгарым укуктуу салык органы салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан 1 жана 2-тизмелер келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аларды салык органдарына жиберет.
11. Жыл ичинде 1 жана 2-тизмелерди толуктоо же алардан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдарды же алардын өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле башка уюмдарды алып салуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан келип түшкөн маалыматка ылайык салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
12. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан тиешелүү маалымат келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде 1 жана 2-тизмелерди толуктоо же алардан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдарды же алардын өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле башка уюмдарды алып салуу жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
3. КНСти кайтарып берүүгө кайрылуунун, документтерди берүүнүн тартиби жана шарттары
13. 1 жана 2-тизмеге киргизилген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар КНСти кайтаруу максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 111-беренесине ылайык алардын жайгашкан жери (юридикалык дареги) боюнча салык органында салыктык каттоодон өтүшөт. Салык органдарында өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин салыктык каттоо жүргүзүлбөйт.
14. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар ишин токтотууда салыктык каттоодон чыгаруу жөнүндө арызын ишин токтотконго чейин 40 (кырк) күн мурда берүүгө милдеттүү.
15. “D”, “C” жана “T” категорияларындагы аккредитациялык карточкаларга ээ дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар, ошондой эле алардын кызматкерлери, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү салыктык катталган жери боюнча салык органына өкүлчүлүктүн (уюмдун) башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн арызды жана Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш болгон КНСтин суммасынын эсебин (мындан ары - эсеп) ар бир айга өзүнчө, товарлардын сатып алынганын жана төлөнгөнүн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен төмөнкүдөй формалар боюнча беришет:
1) “Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсеби” (FORM STI-068) (ушул Жобонун 2-тиркемеси);
2) “Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактуралардын реестри” эсебинин тиркемеси (FORM STI-069) (ушул Жобонун 3-тиркемеси).
Эсепти толтуруунун тартиби ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык ишке ашырылат.
16. Эсепке ырастоочу документтер катары өкүлчүлүктүн (уюмдун) башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, төмөнкүлөрдү камтыган көчүрмөлөр тиркелет:
1) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүгө келишимди же актты;
2) эсеп-фактураны;
3) төлөм тапшырмасын;
4) товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн накталай эсептешүү менен төлөнгөндө ‒ кассалык чекти жана эсеп-фактураны;
5) “D”, “C” жана “T” категорияларындагы аккредитациялык карточкаларды.
17. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүгө келишим бир жыл жана андан узак колдонулган учурда, келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жыл сайын, календардык жылдын башында бир жолу берилет.
18. Төлөнгөндөн кийин үч айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.
Кошумча нарк салыгын кайтарып берүү өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен ишке ашырылуучу чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлери, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн төлөнгөндөн кийин он эки айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
19. КНСтин суммасы төмөнкүдөй товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча кайтарып берилбейт:
1) КНС төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчүлөр тарабынан жеткирилген (аткарылган, көрсөтүлгөн);
2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жеке пайдаланууга эмес сатып алынган.
20. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган кызматкерлерине, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө КНС кайтарып берилбейт.
21. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын иштери токтогондо же Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу дипломатиялык миссиянын мүчөсү кеткен учурда КНСтин суммасын кайтаруу жөнүндө арыз кеткенге чейин 40 (кырк) күн мурда берилет.
22. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, башка уюмдардын эсебине КНСти кайтаруу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ишке ашырылат. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө чет өлкөлүк валютада төлөнгөн учурда, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө валюта менен операция жүргүзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.
4. КНСти кайтаруу тартиби
23. Арыз ээсинин салыктык катталган жери боюнча салык органы арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде эсепти жана ага тиркелген ырастоочу документтерди карайт, анын жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделүүгө тийиш.
Маалымкатка документтерди караган салык органынын кызмат адамы, тиешелүү бөлүмдүн начальниги, салык органынын начальниги кол коюшат.
24. Эсепти жана ага тиркелген ырастоочу документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча салык органы төмөнкүдөй чечимди кабыл алат:
1) ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда - КНСти кайтарып берүү жөнүндө;
2) ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбеген учурда - КНСти кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө.
Ушул Жободо каралган документтердин шайкештиги толук эмес болгон учурда, салык органы КНСти жарым-жартылай кайтарып берүү жөнүндө чечимди чыгаруу аркылуу ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген документтер боюнча гана КНСти кайтарып берүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
Чечимди кабыл алуунун формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
25. Эгерде ушул Жободо каралган кандайдыр бир документтер талаптагыдай таризделбегендиктен салык органы тарабынан кабыл алынбаса, ошондой эле документтердин комплекти толук эмес берилсе, салык органы КНСтин суммасын кайтарып берүү үчүн негиздин жоктугу же толук эместиги жөнүндө документтер түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
26. Тиешелүү чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон документтер салык органында сакталат. Документтерди сактоо жана архивге өткөрүп берүү “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
27. Кабыл алынган чечимдин негизинде салык органы айына бир жолу ар бир дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм боюнча өзүнчө, үч нускада “FORM STI-013” формасы боюнча КНСтин суммасын кайтарып берүүгө корутунду (мындан ары - корутунду) жазат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарына (мындан ары - Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгы) аткаруу үчүн корутундулардын реестрин жазылган корутундуларды тиркөө менен өз убагында жиберет.
28. Эсепте дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм тарабынан бир мезгилде ачылган эки алыш-бериш эсеби көрсөтүлсө, эки корутунду таризделет (өкүлчүлүк боюнча жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери боюнча).
25. Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгы корутундулардын реестрин алган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен КНСти кайтарып берүү суммасын дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктарда ачкан эсептерине которууга милдеттүү.
26. Аткарылгандан кийин Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгынын мөөрү басылган корутундулар салык органына кайтарылып берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсебин толтуруу жана берүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүүчү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган артыкчылыктар жана иммунитеттер берилген дипломаттык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) эсебин толтуруу жана берүү эрежелерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин суммасынын эсеби төмөнкүлөрдөн турат:
1) Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсеби (FORM STI-068);
2) эсептин “Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактураларынын реестри” (FORM STI-069) тиркемеси.
3. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсеби кагаз түрүндө эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нускасы - КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органында калат;
2) экинчи нускасы (салык органы тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө белги менен) өкүлчүлүккө кайтарып берилет.
4. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсебине өкүлчүлүктүн башчысы кол коюусу керек. Өкүлчүлүктүн башчысынын колу мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсеби эсептик катталган жери боюнча салык органына баруу менен берилет.
6. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсеби салык органына ар бир ай үчүн өзүнчө берилет (төлөгөндөн кийин үч айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн акы төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат).
Кошумча нарк салыгын кайтарып берүү өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен ишке ашырылуучу чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлери, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн төлөнгөндөн кийин он эки айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.

2. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсебин толтуруу тартиби (FORM STI-068)
7. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсебинин (мындан ары - Эсеп) 102, 103, 104, 108, 109, 110 жана 111-саптарында чагылдырылган маалыматтар салык төлөөчүнүн каттоо формасындагы (FORM STI-024) маалыматтарга жана салык төлөөчүнүн мүнөздөмөсүнүн параметрлерине (FORM STI-025) ылайык келиши керек.
8. Эсептин “Жалпы маалымат” I бөлүмүндө өкүлчүлүктүн аталышына, анын идентификациялык салык номерине, юридикалык дарегине тиешелүү маалымат, КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
9. 102-сапта өкүлчүлүктүн ИСНи көрсөтүлөт.
10. 103-сапта өкүлчүлүктүн толук аталышы көрсөтүлөт.
11. 104-сапта КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
12. 108-сапта өкүлчүлүктүн почталык индекси көрсөтүлөт.
13. 109-сапта өкүлчүлүктүн телефон (телефондор) номери көрсөтүлөт.
14. 110 жана 111-саптарда өкүлчүлүктүн юридикалык дареги көрсөтүлөт.
15. 114-саптын тийиштүү уячасында “X” белгисин коюу менен Эсептин түрү көрсөтүлөт. Ай үчүн учурдагы эсепти берүүдө “баштапкы” уячасына белги коюлат. Мурда берилген эсепке толуктоолор киргизилген учурда “кошумча” уячасына белги коюлат.
16. 115-саптын тийиштүү уячаларына салык органына Эсеп менен бирге берилген Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин (FORM STI-069) саны көрсөтүлөт.
17. 201-сапта Эсеп толтурулган ай башталган дата көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы, 2021-жылдын биринчи январы: 01.01.2021.
18. 202-сапта Эсеп толтурулган айдын акыркы датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы, 2021-жылдын отуз биринчи январы: 31.01.2021.
19. “Кыргыз Республикасында сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин суммасы” II бөлүмүндө отчеттук ай үчүн кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
20. Тийиштүү уячада (сап/графа) көрсөткүчтөр жок болгон учурда “0” мааниси коюлат.
21. Эсептин 300-сабынын чоңдугу 301 жана 302-саптарынын суммасына барабар болот.
22. 301-сапка Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин (FORM STI-069) 13-графасынын өкүлчүлүк боюнча түзүлгөн чоңдугу көчүрүлөт.
23. 302-сапка Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактураларынын реестринин (реестрлеринин) (FORM STI-069) 13-графасынын (графаларынын) өкүлчүлүктүн ар бир кызматкери (кызматкерлери) боюнча түзүлгөн чоңдугу (чоңдуктары) көчүрүлөт.
24. Эсептин “Салык органынын маалыматы” III бөлүмү Эсепти кабыл алган салык органынын кызматкери тарабынан толтурулат.
3. Эсептин “Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестри” (FORM STI-069) тиркемесин толтуруу тартиби
25. Эсептин “Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестри” (FORM STI-069) (мындан ары - Реестр) тиркемесинде отчеттук айда өкүлчүлүк тарабынан товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) сатып алынган салык салынуучу субъекттер жазып берген эсеп-фактураларга тийиштүү маалыматтар көрсөтүлөт.
26. Реестр өкүлчүлүк боюнча өзүнчө жана өкүлчүлүктүн ар бир кызматкери боюнча өзүнчө түзүлүшү керек.
27. Реестрдин “Жалпы маалымат” I бөлүмүнүн 102, 103, 104, 114 (“Реестрдин барактарынын саны” уячасынан тышкары), 201 жана 202-саптарында көрсөтүлүүчү маалымат Эсептин тиешелүү саптарында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.
28. 114-саптын “Реестрдин барактарынын саны” уячасында Реестрдин барактарынын жалпы саны көрсөтүлөт.
29. 801-саптын тиешелүү уячаларында өкүлчүлүктүн (өкүлчүлүктүн кызматкеринин) банктык реквизиттери көрсөтүлөт.
30. Реестрдин “Кыргыз Республикасында сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин суммасы” II бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-графада - катары боюнча номери;
2) 2 жана 3-графаларда - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүчүнүн аталышы жана ИСНи;
3) 4-графада - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүчү салыктык эсепте турган салык органынын коду;
4) 5, 6 жана 7-графаларда - эсеп-фактуранын бланкындагы маалыматтар, башкача айтканда эсеп-фактуранын номери, эсеп-фактура жазылган дата жана КНСтин суммасы;
5) 8 жана 9-графаларда - төлөм тапшырмасындагы маалыматтар, башкача айтканда номери, датасы жана суммасы;
6) 10, 11 жана 12-графаларда - кассалык чектеги маалыматтар, башкача айтканда кассалык чектин номери жана берилген датасы жана КНСтин суммасы;
7) 13-графада - кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин суммасы;
8) 7, 12 жана 13-графалар боюнча жыйынтык маанилер Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.
31. 7, 12 жана 13-графалардын “Реестр боюнча бардыгы” мааниси Реестрдин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.
32. 901 жана 902-саптар Реестрди кабыл алган салык органынын кызматкери тарабынан толтурулат.
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын эл аралык
милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын
кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 377, 2025-жылдын 17-январындагы № 22 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдарга же алардын өкүлчүлүктөрүнө, башка уюмдарга, ошондой эле алардын аккредитацияланган кызматкерлерине, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча нарк салыгын (мындан ары –КНС) кайтарып берүү шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
1) расмий пайдалануу үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын түздөн-түз иши;
2) “D”, “C” жана “T” категорияларындагы аккредитациялык карточкалар - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген “D” дипломатиялык карточкасы, “C” консулдук карточкасы, “T” техникалык карточкасы.
Ушул Жободо колдонулуучу башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында пайдаланылгандай мааниде колдонулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
2. Кыргыз Республикасынын эл аралык
милдеттенмелерине ылайык КНСти кайтаруу укугуна
ээ болгон чет мамлекеттердин дипломаттык
өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл
аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн,
башка уюмдардын тизмесин түзүү тартиби
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде КНС кайтарып берүү же андан бошотуу каралса, анда товарларды берүү, жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүү кийин кайтарып берүү менен КНС салынууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын расмий пайдалануусу үчүн;
2) Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын аккредитацияланган кызматкерлеринин, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануусу үчүн.
4. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлерине, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө карата ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген шарттар өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылат.
5. Өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциби Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы берген маалыматка ылайык ишке ашырылат.
6. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, 15-декабрга чейин салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдүн тизмесин жиберет:
1) өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен КНСти кайтарып берүү каралган (чектөөлөр менен же чектөөсүз) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин;
2) кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитациядан өтүүчү эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын.
7. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле алардын кызматкерлерине, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө карата чет мамлекеттер тарабынан колдонулуучу КНСти кайтарып берүү боюнча чектөөлөр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
8. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын, 1-январга карата төмөнкүлөрдү түзөт:
1) КНСти кайтаруу укугуна ээ болгон (чектөөлөр менен же чектөөсүз) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тизмесин (мындан ары - 1-тизме);
2) эл аралык келишимдерге ылайык КНСти кайтаруу укугуна ээ болгон, Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашыруучу эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын тизмесин (мындан ары - 2-тизме).
9. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган учурдагы жылдын 15-январына чейин 1 жана 2-тизмелерди ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
10. Ыйгарым укуктуу салык органы салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан 1 жана 2-тизмелер келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аларды салык органдарына жиберет.
11. Жыл ичинде 1 жана 2-тизмелерди толуктоо же алардан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдарды же алардын өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле башка уюмдарды алып салуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан келип түшкөн маалыматка ылайык салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
12. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан тиешелүү маалымат келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде 1 жана 2-тизмелерди толуктоо же алардан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдарды же алардын өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле башка уюмдарды алып салуу жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
3. КНСти кайтарып берүүгө кайрылуунун,
документтерди берүүнүн тартиби жана шарттары
13. 1 жана 2-тизмеге киргизилген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар КНСти кайтаруу максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 111-беренесине ылайык алардын жайгашкан жери (юридикалык дареги) боюнча салык органында салыктык каттоодон өтүшөт. Салык органдарында өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин салыктык каттоо жүргүзүлбөйт.
14. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар ишин токтотууда салыктык каттоодон чыгаруу жөнүндө арызын ишин токтотконго чейин 40 (кырк) күн мурда берүүгө милдеттүү.
15. “D”, “C” жана “T” категорияларындагы аккредитациялык карточкаларга ээ дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар, ошондой эле алардын кызматкерлери, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү салыктык катталган жери боюнча салык органына өкүлчүлүктүн (уюмдун) башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн арызды жана Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш болгон КНСтин суммасынын эсебин (мындан ары - эсеп) ар бир айга өзүнчө, товарлардын сатып алынганын жана төлөнгөнүн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен төмөнкүдөй формалар боюнча беришет:
1) “Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсеби” (FORM STI-068) (ушул Жобонун 2-тиркемеси);
2) “Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактуралардын реестри” эсебинин тиркемеси (FORM STI-069) (ушул Жобонун 3-тиркемеси).
Эсепти толтуруунун тартиби ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык ишке ашырылат.
16. Эсепке ырастоочу документтер катары өкүлчүлүктүн (уюмдун) башчысынын мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн, төмөнкүлөрдү камтыган көчүрмөлөр тиркелет:
1) расмий пайдалануу үчүн товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүдө:
- товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүгө келишим же акт;
- эсеп-фактура;
- төлөм тапшырмасы;
2) жеке пайдалануу үчүн товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүдө:
- эсеп-фактура жана/же КНС төлөөчүнүн аталышы жана ИСНи, товардын аталышы, саны жана КНСтин суммасын белүп көрсөтүү менен наркы чагылдырылган товардык чеги менен контролдук-кассалык чек. Контролдук-кассалык чекте товардын аталышы, саны жана КНСтин суммасын бөлүп көрсөтүү менен наркы жок болгон учурда товардык чек берилет;
- "D", "С" жана "Т" категорияларындагы аккредитациялык карточкалар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүгө келишим бир жыл жана андан узак колдонулган учурда, келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жыл сайын, календардык жылдын башында бир жолу берилет.
18. Төлөнгөндөн кийин үч айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.
Кошумча нарк салыгын кайтарып берүү өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен ишке ашырылуучу чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлери, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн төлөнгөндөн кийин он эки айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
19. КНСтин суммасы төмөнкүдөй товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча кайтарып берилбейт:
1) КНС төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчүлөр тарабынан жеткирилген (аткарылган, көрсөтүлгөн);
2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жеке пайдаланууга эмес сатып алынган.
20. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган кызматкерлерине, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө КНС кайтарып берилбейт.
21. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын иштери токтогондо же Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу дипломатиялык миссиянын мүчөсү кеткен учурда КНСтин суммасын кайтаруу жөнүндө арыз кеткенге чейин 40 (кырк) күн мурда берилет.
22. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, башка уюмдардын эсебине КНСти кайтаруу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ишке ашырылат. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө чет өлкөлүк валютада төлөнгөн учурда, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө валюта менен операция жүргүзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.
4. КНСти кайтаруу тартиби
23. Арыз ээсинин салыктык катталган жери боюнча салык органы арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде эсепти жана ага тиркелген ырастоочу документтерди карайт, анын жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделүүгө тийиш.
Маалымкатка документтерди караган салык органынын кызмат адамы, тиешелүү бөлүмдүн начальниги, салык органынын начальниги кол коюшат.
24. Эсепти жана ага тиркелген ырастоочу документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча салык органы төмөнкүдөй чечимди кабыл алат:
1) ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда - КНСти кайтарып берүү жөнүндө;
2) ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбеген учурда - КНСти кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө.
Ушул Жободо каралган документтердин шайкештиги толук эмес болгон учурда, салык органы КНСти жарым-жартылай кайтарып берүү жөнүндө чечимди чыгаруу аркылуу ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген документтер боюнча гана КНСти кайтарып берүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
Чечимди кабыл алуунун формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
25. Эгерде ушул Жободо каралган кандайдыр бир документтер талаптагыдай таризделбегендиктен салык органы тарабынан кабыл алынбаса, ошондой эле документтердин комплекти толук эмес берилсе, салык органы КНСтин суммасын кайтарып берүү үчүн негиздин жоктугу же толук эместиги жөнүндө документтер түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
26. Тиешелүү чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон документтер салык органында сакталат. Документтерди сактоо жана архивге өткөрүп берүү “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
27. Кабыл алынган чечимдин негизинде салык органы айына бир жолу ар бир дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм боюнча өзүнчө, үч нускада “FORM STI-013” формасы боюнча КНСтин суммасын кайтарып берүүгө корутунду (мындан ары - корутунду) жазат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарына (мындан ары - Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгы) аткаруу үчүн корутундулардын реестрин жазылган корутундуларды тиркөө менен өз убагында жиберет.
28. Эсепте дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм тарабынан бир мезгилде ачылган эки алыш-бериш эсеби көрсөтүлсө, эки корутунду таризделет (өкүлчүлүк боюнча жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери боюнча).
29. Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгы корутундулардын реестрин алган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен КНСти кайтарып берүү суммасын дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктарда ачкан эсептерине которууга милдеттүү.
30. Аткарылгандан кийин Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгынын мөөрү басылган корутундулар салык органына кайтарылып берилет.
| Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана
консулдук мекемелерине, ошондой эле алардык кызматкерлерине, анын ичинде алар менен
чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча
чектөөлөрдү аныктоо
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине
КНСти кайтарып берүүчү чет мамлекеттин аталышы: __________________________________
Товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аталышы | Өкүлчүлүктүн расмий пайдалануусу үчүн | Төмөнкүлөрдүн жеке колдонуусу үчүн | |||
өкүлчүлүктүн башчысынын | дипломатиялык персоналдын | администрациялык-техникалык персоналдын | персоналдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн | ||
Товарлар | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жумуштар кызмат көрсөтүүлөр | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чектөөлөрдүн башка түрлөрү:
________________________________________________________________________________________

Эскертүү. Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу салык органы үчүн:
- бир чектин суммасы боюнча чектөөдө ар бир сатып алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт;
- кайтарып берүүнүн жылдык суммасы боюнча чектөөдө ар бир сатып алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт.
FORM STI-068 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 2-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨР, КОНСУЛДУК МЕКЕМЕ,
ЭЛ АРАЛЫК УЮМ ЖЕ АЛАРДЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ ЖАНА БАШКА УЮМ ТАРАБЫНАН САТЫП
АЛЫНГАН ТОВАРЛАР (ЖУМУШТАР, КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР) БОЮНЧА БЮДЖЕТТЕН
КАЙТАРЫП БЕРИЛҮҮГӨ ТИЙИШ БОЛГОН КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫНЫН
ЭСЕБИ
FORM STI-069 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 3-тиркеме |
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК, КОНСУЛДУК МЕКЕМЕ, ЭЛ АРАЛЫК УЮМ ЖЕ АЛАРДЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ
ЖАНА БАШКА УЮМ ЖАНА/ЖЕ ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТАРАБЫНАН САТЫП АЛЫНГАН ТОВАРЛАР (ЖУМУШТАР, КЫЗМАТ
КӨРСӨТҮҮЛӨР) БОЮНЧА ЭСЕП-ФАКТУРАЛАРДЫН РЕЕСТРИ" ЭСЕБИНЕ ТИРКЕМЕ
| Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык
өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же
алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып
алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр)
боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш
кошумча нарк салыгынын эсебин толтуруу жана берүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүүчү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган артыкчылыктар жана иммунитеттер берилген дипломаттык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) эсебин толтуруу жана берүү эрежелерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин суммасынын эсеби төмөнкүлөрдөн турат:
1) Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсеби (FORM STI-068);
2) эсептин “Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактураларынын реестри” (FORM STI-069) тиркемеси.
3. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсеби кагаз түрүндө эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нускасы - КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органында калат;
2) экинчи нускасы (салык органы тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө белги менен) өкүлчүлүккө кайтарып берилет.
4. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсебине өкүлчүлүктүн башчысы кол коюусу керек. Өкүлчүлүктүн башчысынын колу мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсеби эсептик катталган жери боюнча салык органына баруу менен берилет.
6. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсеби салык органына ар бир ай үчүн өзүнчө берилет (төлөгөндөн кийин үч айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн акы төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат).
Кошумча нарк салыгын кайтарып берүү өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен ишке ашырылуучу чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлери, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн төлөнгөндөн кийин он эки айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык
өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же
алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып
алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр)
боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин
эсебин толтуруу тартиби (FORM STI-068)
7. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин эсебинин (мындан ары - Эсеп) 102, 103, 104, 108, 109, 110 жана 111-саптарында чагылдырылган маалыматтар салык төлөөчүнүн каттоо формасындагы (FORM STI-024) маалыматтарга жана салык төлөөчүнүн мүнөздөмөсүнүн параметрлерине (FORM STI-025) ылайык келиши керек.
8. Эсептин “Жалпы маалымат” I бөлүмүндө өкүлчүлүктүн аталышына, анын идентификациялык салык номерине, юридикалык дарегине тиешелүү маалымат, КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
9. 102-сапта өкүлчүлүктүн ИСНи көрсөтүлөт.
10. 103-сапта өкүлчүлүктүн толук аталышы көрсөтүлөт.
11. 104-сапта КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
12. 108-сапта өкүлчүлүктүн почталык индекси көрсөтүлөт.
13. 109-сапта өкүлчүлүктүн телефон (телефондор) номери көрсөтүлөт.
14. 110 жана 111-саптарда өкүлчүлүктүн юридикалык дареги көрсөтүлөт.
15. 114-саптын тийиштүү уячасында “X” белгисин коюу менен Эсептин түрү көрсөтүлөт. Ай үчүн учурдагы эсепти берүүдө “баштапкы” уячасына белги коюлат. Мурда берилген эсепке толуктоолор киргизилген учурда “кошумча” уячасына белги коюлат.
16. 115-саптын тийиштүү уячаларына салык органына Эсеп менен бирге берилген Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин (FORM STI-069) саны көрсөтүлөт.
17. 201-сапта Эсеп толтурулган ай башталган дата көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы, 2021-жылдын биринчи январы: 01.01.2021.
18. 202-сапта Эсеп толтурулган айдын акыркы датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы, 2021-жылдын отуз биринчи январы: 31.01.2021.
19. “Кыргыз Республикасында сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин суммасы” II бөлүмүндө отчеттук ай үчүн кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
20. Тийиштүү уячада (сап/графа) көрсөткүчтөр жок болгон учурда “0” мааниси коюлат.
21. Эсептин 300-сабынын чоңдугу 301 жана 302-саптарынын суммасына барабар болот.
22. 301-сапка Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин (FORM STI-069) 13-графасынын өкүлчүлүк боюнча түзүлгөн чоңдугу көчүрүлөт.
23. 302-сапка Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактураларынын реестринин (реестрлеринин) (FORM STI-069) 13-графасынын (графаларынын) өкүлчүлүктүн ар бир кызматкери (кызматкерлери) боюнча түзүлгөн чоңдугу (чоңдуктары) көчүрүлөт.
24. Эсептин “Салык органынын маалыматы” III бөлүмү Эсепти кабыл алган салык органынын кызматкери тарабынан толтурулат.
3. Эсептин “Кыргыз Республикасындагы
дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл
аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм
жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан
сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат
көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын
реестри” (FORM STI-069) тиркемесин толтуруу тартиби