Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
Рейддик салык контролун жүргүзүү
жана материалдарын тариздөө тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 127–130, 132–136-беренелерине ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Тартиптин максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча рейддик салык контролун жүргүзүүгө укук берүүчү документ, ал ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделет;
2) кызматкер – белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде рейддик салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект – уюштуруу-укуктук формасына, иштин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм;
4) субъекттин жооптуу адамы – субъект менен эмгек мамилелеринде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткарган (анын ичинде келишим боюнча) жеке жак;
5) х-отчет – отчет түзүү учурунда нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын орто аралык отчету (өчүрүлбөгөн контролдук кассалык машинанын (мындан ары – ККМ) контролдук чеги);
6) орто аралык отчет жана/же жыйынтыктоочу отчет – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун фискалдык программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү, белгилүү бир убакыт мезгилине акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча маалыматты камтыган отчет;
7) z-отчет – нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө түзүлүүчү нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын отчету (өчүрүлгөн ККМдин контролдук чеги);
8) рейддик салык контролунун акты (мындан ары – РСК акты) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча рейддик салык контролунун жыйынтыктары таризделүүчү документ;
9) мүлктү убактылуу алып коюу акты (мындан ары – мүлктү алып коюу акты) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү, алып коюлган мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүчү документ;
10) тоскоолдук көрсөтүү акты – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо факты көрсөтүлгөн документ;
11) контролдук сатып алуу – ККМди колдонуу талаптарынын жана тартибинин сакталышын, анын ичинде калкка контролдук-кассалык чектердин берилишин контролдоо үчүн салык органынын кызмат адамы же тартылган жеке жак тарабынан аз сандагы товарларды сатып алуу же субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүү жолу менен мезгил аралыгы чектелбестен жүзөгө ашырылуучу текшерүү методу;
12) уруксат берүүчү документтер – салык кызматынын органдары тарабынан алардын компетенциясынын алкагында берилүүчү экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер (жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, патент, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим, камсыздандыруу полиси), ошондой эле уюмдардын жана обочолонгон бөлүмдөрдүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтер.
2-глава. Рейддик салык контролуна талаптар
3. Рейддик салык контролу субъекттин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана акциздик жана маркалануучу продукцияларды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткаруусун контролдоо жана көмөк көрсөтүү максатында жүзөгө ашырылат.
Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн максаты болуп төмөнкү фактыларды аныктоо да саналат:
1) салык төлөөчүнүн салыктык жана эсептик каттоосуз экономикалык ишти жүзөгө ашыруусу;
2) ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу;
3) патенттин негизинде салыкты жана анын жүзөгө ашырылуучу иштин түрүнө шайкештиги, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыкты төлөө;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарлардын кыймылын эсепке алууда жана контролдоодо контролдук пломбаларды жана коштоочу документтерди колдонбоо;
5) жалданма кызматкерлерди эсепке алуунун толуктугу;
6) жергиликтүү салыктарга карата салык базасынын жана салык салуу объекттеринин физикалык көрсөткүчтөрүнүн дал келүүсү;
7) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзгөн жактарды кошпогондо, жеке ишкерлер тарабынан кирешелерди жана чыгымдарды эсепке алуу боюнча китепте сатып алууларды жана сатууларды каттоо;
8) акциздик товарларды идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгилөө жана алардын аныктыгы;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын колдонуу;
10) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө жана/же сатып алууга баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу;
11) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарлар боюнча импортко салыктардын төлөнүшү жана документтердин болушу;
12) банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-коддун (QR-коддун) символдорун пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган, анын ичинде башка жакка катталган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болушу жана колдонулушу.
4. Рейддик салык контролу өзүнчө салык төлөөчүгө, салык төлөөчүлөрдүн тобуна, ошондой эле белгилүү бир участокко (аймакка) карата жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Рейддик салык контролу контролдук сатып алууну кошпогондо, кайсы бир салык төлөөчүгө же анын обочолонгон бөлүмүнө карата жылына 12 жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
6. Рейддик салык контролу субъекттин иш режиминде жүргүзүлөт.
3-глава. Жазма буйрук
7. Рейддик салык контролу ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча салык кызматынын органы тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде жүргүзүлөт.
8. Рейддик салык контролун жүргүзүү укугуна жазма буйрук ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу электрондук формада таризделет. Жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын электрондук колтамгасы коюлууга (ырасталууга) тийиш. Зарыл болгон учурда жазма буйрукту кагаз түрүндө басып чыгарууга болот, анын аныктыгын QR-код менен текшерүүгө болот.
9. Жазма буйрук өзүнчө салык төлөөчүгө, салык төлөөчүлөрдүн тобуна, ошондой эле белгилүү бир участокко (аймакка) да берилиши мүмкүн.
10. Жазма буйрукта төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
1) жазма буйрукту каттоо датасы жана номери;
2) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
3) кызматкердин аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
4) рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон аймактын жана/же участоктун, субъекттин аталышы жана анын идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН);
5) салык мыйзамдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон маселелердин тизмеги;
6) рейддик салык контролун жүргүзүүгө негиз;
7) рейддик салык контролун жүргүзүү мөөнөтү;
8) жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында жетекчинин электрондук колтамгасы коюлат (ырасталат).
11. Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу өзүнчө салык төлөөчүгө жазылган жазма буйруктар боюнча гана төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүнүн мезгилинде субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы жок болгондо;
2) товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну жүргүзүүгө байланыштуу көрсөтүлгөн мөөнөт жетишсиз болсо.
12. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө субъектке төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жазма буйрукта көрсөтүлгөн кызматкердин кагаз же электрондук түрдөгү кызматтык күбөлүгү;
2) таанышуу жана арткы бетине кол коюу үчүн кагаз жүзүндөгү жазма буйруктун түп нускасы же аны таанышуу жана графикалык кол тамгасын коюу үчүн тийиштүү алып жүрүүчүдө электрондук формада берүү. Өз ара макулдашуу боюнча кызматкер электрондук формадагы жазма буйрукту таанышуу үчүн субъекттин электрондук дарегине же мессенджерине жөнөтө алат.
Жазма буйрук менен таанышуудан баш тарткан учурда баш тартуу жөнүндө маалымат тийиштүү алып жүрүүчүдө же кагаз жүзүндөгү жазма буйрукта көрсөтүлөт. Жазма буйрук менен таанышуудан баш тартуу рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
13. Жазма буйрук РСК актынын жыйынтыктарын толтуруу жолу менен жабылат. Ар бир субъект жөнүндө жазма буйрукту жабууда рейддик салык контролунун жыйынтыктарына жараша маалымат көрсөтүлөт.
Бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында рейддик салык контролунун жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Бузуулар жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында “бузуулар аныкталган жок” деген маалымат көрсөтүлөт.
14. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына киргизилген маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдары рейддик салык контролунун жыйынтыктары боюнча “бузуулар аныкталган жок” деген маалымат көрсөтүлгөн субъекттерге карата кошумча рейддик салык контролун жүргүзүүгө укуктуу.
15. Субъект жазма буйруктун аныктыгын электрондук түрдө жазма буйрукта жайгашкан QR-кодду колдонуу менен текшерүүгө укуктуу.
4-глава. Рейддик салык контролун уюштуруу
16. Кызматкер рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон субъекттин жайгашкан жерине келгенден кийин төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн субъекттин ишине жана мүлк объектине визуалдык байкоо жүргүзөт:
1) субъекттин же субъекттин жооптуу адамы тарабынан калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, соода операцияларын жүзөгө ашырууда же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө ККМдин болушуна жана анын колдонуу фактына;
2) субъектте жалданма кызматкерлердин иш жүзүндө болушу жана аларды пайдаланышы жана алардын саны;
3) санариптик идентификациялоо каражаттары жана/же акциздик маркалар жана/же отун маркери менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлардын болушу.
17. Зарыл болгон учурда рейддик салык контролунун алкагында төмөнкү иштер да жүргүзүлүшү мүмкүн:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлүүчү контролдук сатып алуулар;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлүүчү товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу.
18. Субъект же субъекттин жооптуу адамы кызматкердин субъекттин аймагына жана/же жайына кирүүсүнө негизсиз баш тарткан жана/же тоскоолдук көрсөткөн учурда тоскоолдук көрсөтүү акты түзүлөт. Негиздер болгондо жана салык кызматынын органдарынын кызмат адамы тарабынан рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн бардык талаптар сакталганда аймакка кирүүгө салык төлөөчүнүн баш тартуусу негизсиз баш тартуу деп эсептелет.
Тоскоолдук көрсөтүү актына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы тоскоолдук көрсөтүү актына кол коюудан баш тарткан учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана тоскоолдук көрсөтүү актына тапшыруу датасын көрсөтүү менен “тоскоолдук көрсөтүү актына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу жазылат.
Бул актынын негизинде кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салык кызматынын органынын кызматкеринин жазма буйругун же талабын аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу факты боюнча протокол түзөт.
5-глава. Рейддик салык контролун жүргүзүү тартиби
5.1. ККМди колдонууну контролдоо
19. Жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүктү көрсөткөндөн кийин кызматкер субъекттен рейддик салык контролу учурунда x-отчетту басып чыгарууну талап кылат. ККМ жок болгон учурда бул факт РСК актында белгиленет жана рейддик салык контролунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
Кызматкер x-отчетту жана/же орто аралык отчетту алып, субъект же субъекттин жооптуу адамы менен бирге ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актын толтуруу менен субъекттин кассасындагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат, мында накталай түшкөн акча купюра боюнча көрсөтүлөт жана контролдоо учурунда түшкөн акчанын жалпы суммасы (анын ичинде накталай эмес эсептешүү көрсөтүлөт) цифра жана жазуу жүзүндө чыгарылат (мындан ары – накталай акча каражаттарын алуу акты), ал РСК актына тиркелет. Накталай акча каражаттарынын калдыктарын кассадан алууда субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражаттарын эсептейт, ал эми кызматкер накталай акча каражаттарын алуу актын толтурат.
Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы тарабынан ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коюлат. Субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актына кол коюудан баш тарткан учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актына “накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу тапшырылган датасын көрсөтүү менен жазылат.
20. Эгерде субъект бир объектте бир нече ККМ колдонсо, анда кассалык тартипти контролдоо ар бир ККМ боюнча жүзөгө ашырылат.
21. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда кызматкер экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган субъекттин аймагын, жайларын, мүлк объекттерин ККМ аркылуу басып чыгарылбаган акча каражаттарынын суммасынын жашырылышына текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
22. Рейддик салык контролу учурунда кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммалар менен салыштырылат.
23. Эгерде кассада накталай акча каражаттары х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтүн чоңдугунан көп болсо, анда ашыкча сумма сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбаган фактын ырастоо болуп саналат жана РСК актына сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен “ашыкча” деген жазуу жазылат, мында субъекттен түшүнүк кат милдеттүү түрдө талап кылынат, ал РСК актына тиркелет.
24. Эгерде кассада накталай акча каражаттары х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу факты боюнча субъект же субъекттин жооптуу адамы кем чыккан суммага чыгымдарды ырастоочу документтерди берүүгө тийиш жана РСК актына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен “кем чыгуу” деген жазуу жазылат.
25. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда айырманын суммасы контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбагандыгын ырастайт жана РСК актына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен “ашыкча” деген жазуу жазылат, мында субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан дал келбөөнүн аныкталган факты жөнүндө түшүнүк кат милдеттүү түрдө талап кылынат, ал РСК актына тиркелет.
26. Субъект тарабынан түшүнүк кат берүүдөн баш тартылган учурда РСК актында түшүнүк кат берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
27. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда айырманын суммасы кем чыккан болуп саналат жана РСК актына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен “кем чыгуу” деген жазуу жазылат.
28. Накталай эмес төлөм инструменттери болгон учурда накталай эмес төлөм инструменттери аркылуу төлөнгөн суммалар боюнча чекте же көчүрмөдө көрсөтүлгөн накталай эмес акча каражаттарынын суммасы х-отчетто көрсөтүлгөн накталай эмес түшкөн акчага карата салыштырылат.
29. Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттарынын суммасы х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтүн чоңдугунан көп болсо, анда ашыкча сумма контролдук-кассалык чектин сатып алуучуга (кардарга) басып чыгарбоо фактын ырастайт жана РСК актына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен “ашыкча” деген жазуу жазылат.
Субъект же жооптуу адам жазуу жүзүндө түшүндүрмө кат берүүгө укуктуу, ал РСК актына тиркелет.
30. Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттарынын суммасы х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу факты боюнча субъект жетпеген суммага чыгымды ырастаган документтерди берүүгө тийиш жана РСК актына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен “кем чыгуу” деген жазуу жазылат.
31. Х-отчетто көрсөтүлгөн суммага карата накталай жана/же накталай эмес акча каражаттарынын ашыкча факты ырасталган учурда субъект же субъекттин жооптуу адамы белгиленген ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чекти басып чыгарууга милдеттүү.
ККМди колдонуу тартибин жана талаптарын бузуунун белгиленген түрүнө жараша РСК актына: “ККМди колдонбоо”, “чек басып чыгарбоо”, “ККМ оң эмес” деген жазуу жана накталай акча каражаттарын алуу акты жөнүндө маалыматты тиркөө, түшүнүк кат же субъекттин түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусу тууралуу маалымат киргизилет.
32. Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзгөн жактарды кошпогондо, ККМ оң эместиги аныкталган учурда, кардарлар менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө субъекттер квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүүгө милдеттүү.
33. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуу үчүн колдонулуучу фискалдык программалык камсыздоону пайдаланууда кызматкердин талабы боюнча субъект же жооптуу адам белгилүү бир убакыт мезгили үчүн акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча жыйынтыктоочу маалыматты камтыган орто аралык отчетту жана/же жыйынтыктоочу отчетту берүүгө милдеттүү.
Аралык жана/же жыйынтыктоочу отчеттун маалыматтары салык контролун жүргүзүүдө пайдаланылышы мүмкүн.
Белгилүү бир убакыт мезгили үчүн орто аралык жана/же жыйынтыктоочу отчет берилбеген учурда кызматкер тарабынан тоскоолдук көрсөтүү акты түзүлөт.
34. Субъект кызматкерге х-отчетту жана/же орто аралык отчетту берүүдөн баш тарткан учурда РСК актында х-отчетту жана/же орто аралык отчетту берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Ошондой эле тоскоолдук көрсөтүү акты түзүлөт, анда х-отчетту жана/же орто аралык отчетту бербөө менен билдирилген кызматкердин мыйзамдуу талаптарды аткарбоо факты көрсөтүлөт.
Тоскоолдук көрсөтүү актына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы тоскоолдук көрсөтүү актына кол коюудан баш тарткан учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана тоскоолдук көрсөтүү актына “тоскоолдук көрсөтүү актына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу тапшырылган датасын көрсөтүү менен жазылат.
35. Белгиленген тартип бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга өткөрүлүп берилет.
36. Контролдун жүрүшүндө төмөнкүлөрдүн да бар экендигине көңүл буруу зарыл:
– сатылуучу товарларга баалардын (тейлөө чөйрөсүндө – көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө прейскуранттардын болушу, коомдук тамактануу чөйрөсүндө – ар бир тамакка жана суусундукка баалары көрсөтүлгөн меню) жана алардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун фискалдык программалык каражаттары аркылуу контролдук-кассалык чектерге жана/же документтерге шайкеш келүүсү;
– контролдук-кассалык чекти талап кылуунун зарылдыгы жөнүндө маалыматты жана анын сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштырылышы.
Маалыматтын жана/же баалардын жоктугу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 129-беренесинин талаптарын бузуу болуп саналат жана РСК актында чагылдырылат.
5.2. Уруксат берүүчү документтерди контролдоо
37. Кызматкердин биринчи талабы боюнча субъект же субъекттин жооптуу адамы күбөлүктө көрсөтүлгөн иштин түрүнүн иш жүзүндө жүргүзүлүп жаткан түрүнө шайкештигин текшерүү үчүн экономикалык ишти жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтерди берүүгө милдеттүү.
38. Эгерде субъект патенттин негизинде иш жүргүзсө, рейддик салык контролун жүргүзүүдө патенттин болушу, патентте көрсөтүлгөн иштин түрүнүн субъект иш жүзүндө жүргүзүп жаткан иштин түрүнө шайкештиги, анын колдонуу мөөнөтү, ошондой эле патенттин колдонуу аймагы текшерилет.
39. Рейддик салык контролу учурунда салыктык каттоосуз жана/же патенттин негизинде салыкты же өзгөчө режимдеги соода зоналарында ишке салыкты төлөбөстөн экономикалык иш жүргүзүлгөн учурда жана/же Министрлер Кабинети аныктаган товардык-материалдык баалуулуктардын баштапкы эсептик документтери жок болгон учурда, бул тууралуу маалымат РСК актында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан учурда протокол “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн бузуулардын түрлөрүнүн бири аныкталган учурда кызматкер субъекттин ишкердик ишине байланышкан мүлк объекттерине мөөр басып бекитүүгө/пломбалоого укуктуу.
39. Мында кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мөөр басып бекитүү/пломбалоо актын түзөт, анда мөөр басып бекитилген датасы жана орду, качан, ким тарабынан, кимдин катышуусунда болгондугу көрсөтүлөт. Мөөр басып бекитүү/пломбалоо субъекттин жана/же субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда жүргүзүлөт, мөөр басып бекитүү актына кызматкер, субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы кол коёт. Субъект жана/же жооптуу адам мөөр басып бекитүү/пломбалоо актына кол коюудан баш тарткан учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана мөөр басып бекитүү/пломбалоо актына “мөөр басып бекитүү/пломбалоо актына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу тапшырылган датасын көрсөтүү менен жазылат.
5.3. Жалданма кызматкерлерди эсепке алуунун толуктугун контролдоо
40. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызматкер субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан жалданма кызматкерлердин тизмесин, рейддик контролдоо учурунда иш жүзүндө иштеген кызматкерлердин тизмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салык төлөөчүнүн кызыкчылыгында милдеттерди аткаруу боюнча ыйгарым укуктарды белгилеген тиешелүү документтерди талап кылат.
Жалданма кызматкерлердин тизмеси жана жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү саны Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестринде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырылат, Салык агентинин реестринде жалданма кызматкерлер боюнча актуалдуу маалыматтар жок болсо, ошондой эле киреше салыгын жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүн, жалданма кызматкерлердин патентин же камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүк факты аныкталган учурда РСК актына тиешелүү жазуу киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги коюу менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
41. Мындан тышкары рейддик салык контролунан кийин жалданма кызматкерлердин тизмеси салык кызматынын органдарынын маалымат базасындагы субъекттин отчету менен салыштырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде кызматкер салыктык контролдоону жүргүзөт, анын натыйжалары боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Муну менен катар бул контролдоонун натыйжалары боюнча субъектке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.
42. Мындан тышкары рейддик контролдоонун жүрүшүндө жалданма кызматкердин эмгек акысын накталай эмес формада төлөөдө жумуш берүүчү тарабынан талаптарды аткаруу максатында кызматкер салык контролунун учурунда иш жүзүндө болгон жалданма кызматкерлердин тизмеленген маалыматтарын Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестринде жана/же киреше салыгы боюнча отчетто көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырууга милдеттүү.
Салык агентинин реестринде жана/же киреше салыгы боюнча отчетто жалданма кызматкерлер боюнча маалыматтарда иш жүзүндө катышкан жалданма кызматкерлердин жок экендиги аныкталган учурда кызматкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык эмгек акыны накталай эмес формада төлөө боюнча талаптын аткарылбагандыгы жөнүндө протокол түзүлөт.
5.4. Жергиликтүү салыктарга карата салык базасын жана салык салынуучу объекттердин физикалык көрсөткүчтөрүн контролдоо
43. Жергиликтүү салыктарга карата салыктык базаны эсептөө жана мүлк салыгы боюнча отчеттордун тууралыгын жана аныктыгын текшерүү, түзүү жана берүү үчүн субъекттен объекттин колдонуудагы ижара келишимин талап кылуу зарыл, эгерде менчик ээси текшерилүүчү субъект болсо – кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту талап кылынат.
44. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде кызматкер кыймылсыз мүлккө салык төлөө фактын текшерет. Кыймылсыз мүлк салыгын төлөбөгөндүк факты аныкталган учурда кызматкер салыктык контролдоо жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Муну менен бирге бул чечимдин негизинде субъектке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.
5.5. Товарларды жүгүртүү тартибинин сакталышын жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө жана/же сатып алууга коштоочу документтердин болушун жана/же баштапкы эсепке алуу документтеринин болушун контролдоо
45. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө кызматкер субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан товарларды жүгүртүү, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу менен байланышкан коштоочу документтерди жана/же баштапкы эсепке алуу документтерин талап кылат, эсеп-фактура же коштоочу документтер зарыл болгондо, алар жок болгон учурда бул тууралуу маалымат РСК актында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга өткөрүлүп берилет.
46. Рейддик салык контролунун алкагында кызматкер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) (ЭТТКны милдеттүү колдонуу боюнча талаптарга туура келген товарларга) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) прейскурантты, калькуляциялык картаны/материалдарды чыгымдоо нормасын/ рецептураны (эгерде субъект товарды өндүрүүчү болуп эсептелсе) товардын каалаган түрүнө талап кылууга укуктуу. Товарларга ЭТТК жана ЭЭФ жок болгон учурда кызматкер ТМБ калдыктарын алып салат жана маалыматтарды ТМБ алуу актына киргизет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт.
Субъектте ЭТТКны милдеттүү колдонуу боюнча талаптарга туура келген товарлар болгон учурда кызматкер экономикалык иш объектинин ЭТТК модулунда каттоосунун бар экендигин жана тууралыгын текшерет. Экономикалык иш объекти ЭТТК модулунда катталбаган же туура эмес катталган учурда бул тууралуу маалымат РСК актында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Рейддик салык контролунун жүрүшүндө кызматкер милдеттүү түрдө ЭТТК колдонуу талабы коюлган товарлардын жүгүртүлүшүнүн тартибинин сакталышын текшерет. Товарларды жүгүртүү тартибин бузуулар аныкталган учурда бул тууралуу маалымат РСК актында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
47. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүдө салык кызматынын органы тарабынан баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган товардын бар экендиги аныкталса, ошол салык төлөөчүгө мындай товардын рыноктук наркынын 5 пайызы өлчөмүндө киреше салыгы боюнча салык санкциясы колдонулат.
Товардын рыноктук наркын аныктоо мүмкүн болбогон учурда товардын баасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 138 жана 139-беренелерине ылайык аныкталат.
Ошондой эле баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлардын категориясына баштапкы эсепке алуу документтери болбогон, бирок ККМ аркылуу сатылган товарлар кирет.
48. Салык кызматынын органынын кызматкери салык кызматынын ыйгарым укуктуу органынын маалыматтык системасы аркылуу товарларды баштапкы документтери жок сатып алгандыгы үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим чыгарат, анда кабыл алынган чечимдин номери жана датасы, ошондой эле кошо эсептелген санкциянын суммасы берилет.
49. Тапшыруу датасы болуп баштапкы документтери жок товарларды сатып алгандыгы үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн жеке кабинетине келип түшкөн дата саналат.
6-глава. Товарларды идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгилөөнү контролдоо
50. Субъект тарабынан акциздик продукцияны, ошондой эле маркаланууга тийиш болгон башка товарларды өндүрүүдө, импорттоодо, ташып келүүдө, сактоодо жана сатууда акциздик маркалардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын жана/же контролдук идентификациялык белгилердин жана/же отун маркеринин бар же жок экендиги милдеттүү түрдө текшерилет.
51. Сатылуучу акциздик товарларга карата акциздик маркалар, милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилери жана/же отун маркери болсо, шайкеш келсе жана анык болсо, РСК актына “бар” деген тийиштүү жазуу жазылат.
52. Акциздик маркалар жана/же идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер жана/же отун маркери жок болгон учурда РСК актына “жок” деген тийиштүү жазуу жазылат.
53. Ошону менен бирге аныкталган бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт кошумча түзүлөт, анда чектен ашып кеткендигин текшерүү үчүн милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмүн (наркын) аныктоо максатында алып коюлууга тийиш болгон товарлардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, баасы жана суммасы көрсөтүлөт, ал боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгат.
Продукциянын баасы товардын баалыгы боюнча, ал эми баалыктар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесине ылайык же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген минималдуу чекене бааларды колдонуу менен аныкталат.
Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кызматкер, субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт, ошондой эле субъекттен түшүнүк кат талап кылынат, ал ушул актыга тиркелет. Субъект же субъекттин жооптуу адамы акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга тапшырылган датасын көрсөтүү менен “акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу жазылат.
54. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлк алып коюлат. Алып коюлган товар РСК актынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына берилет, ага мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
55. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук иш-аракет колдонулат. Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
56. Мындан тышкары жеткирүүчүнү аныктоо максатында субъекттен түшүнүк кат талап кылынат. Жеткирүүчү аныкталган учурда кызматкер РСК актында жеткирүүчү тарабынан жол берилген бузуулардын мүнөзүн көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жеткирүүчү башка салык органында башкарылса, кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү салык органына РСК актынын көчүрмөсүн жөнөтөт.
57. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
7-глава. Товарлардын анык идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар же отун маркери менен белгиленишин контролдоо
58. Акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер жана/же отун маркери күмөн жараткан учурда, анын ичинде эгерде электрондук-маалыматтык элемент жана/же идентификациялоо каражаттары жана/же отун маркери идентификацияланбаса, РСК актына “аныктыгы күмөн жаратат” деген тийиштүү жазуу жазылат жана/же бузуунун мүнөзү көрсөтүлөт.
59. Ошону менен бирге аныкталган бузуулар боюнча акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт кошумча түзүлөт, анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашып кеткендигин текшерүү үчүн акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын санын аныктоо максатында алып коюуга тийиш болгон товарлардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, баасы жана суммасы көрсөтүлөт.
Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кызматкер, субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт, ошондой эле субъекттен түшүнүк кат талап кылынат, ал ушул актыга тиркелет. Субъект же субъекттин жооптуу адамы акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга тапшырылган датасын көрсөтүү менен “акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу жазылат.
60. Эгерде акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын жана/же отун маркеринин саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына берүү үчүн мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлк алып коюлат.
Алып коюлган товар РСК актынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына берилет, ага мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
61. Эгерде акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын жана/же отун маркеринин саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук иш-аракет колдонулат. Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
Мындай учурларда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
Мындан тышкары субъекттен күмөн жараткан акциздик маркалары менен товарларды жеткирүүчүнү аныктоо максатында түшүнүк кат талап кылынат.
62. Протокол түзүлгөндөн кийин күмөн жараткан акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер жана/же отун маркери 10 күндүн ичинде экспертизага жөнөтүлөт жана иш боюнча өндүрүш токтотулат. Экспертизанын жыйынтыгын алгандан кийин укук бузуу жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия иш боюнча өндүрүштү кайра баштайт.
63. Эгерде экспертизанын жыйынтыгы боюнча акциздик маркалардын, идентификациялоо каражаттарынын жана/же контролдук идентификациялык белгилердин жана/же отун маркеринин аныктыгы ырасталса, анда укук бузуулардын курамы жоктугуна байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулат, акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актынын негизинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзүү менен мүлк субъектке кайтарылып берилет.
64. Акциздик маркалардын, идентификациялоо каражаттарынын жана/же контролдук идентификациялык белгилердин жана/же отун маркеринин шайкеш эместиги белгиленген учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
65. Жеткирүүчү аныкталган жана жеткирүү факты документтер менен ырасталган учурда субъектке карата иш боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар жеткирүүчүгө карата колдонулат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жеткирүүчү башка салык органында башкарылса, кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү салык органына РСК актынын көчүрмөсүн жөнөтөт.
66. Андан ары даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
8-глава. Идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар же отун маркери менен белгиленүүгө тийиш болгон
ээси жок товарларды контролдоо
67. Идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгиленүүгө тийиш болгон, акциздик маркалары, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилери жана/же отун маркери жок, ошондой эле күмөндүү акциздик маркалары, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилери менен ээси жок товарлар аныкталган учурда, РСК актына “жок” же “аныктыгы күмөн жаратат” деген тийиштүү жазуу жазылат жана/же бузуунун мүнөзү көрсөтүлөт.
Ошону менен бирге калыс-күбөлөрдү тартуу менен ушул Тартиптин 53-пунктунда көрсөтүлгөн акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт түзүлөт.
68. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы), ошондой эле акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын жана/же отун маркеринин саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына берүү үчүн мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлк алып коюлат. Мүлктү алып коюу акты калыс-күбөлөрдү тартуу менен түзүлөт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана мүлктү алып коюу актына кызматкер кол коёт.
Алып коюлган товар РСК актынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына берилет, ага мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
69. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы), ошондой эле акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын жана/же отун маркеринин саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук иш-аракет колдонулат. Мүлктү алып коюу акты калыс-күбөлөрдү тартуу менен түзүлөт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана мүлктү алып коюу актына кызматкер кол коёт.
Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
Бул учурда протокол Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча “укук бузуучу жөнүндө маалыматтар” пунктунда “жаксыз” деген белги менен түзүлөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык иш боюнча өндүрүш токтотулат, ошондой эле кызматкер укук бузган адамды табууга жана аныктоого бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
70. Эгерде доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин укук бузуучунун ким экендиги аныкталбаса, кызматкер укук бузуу жөнүндө иш боюнча протоколду, ошондой эле башка материалдарды убактылуу алып коюлган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтөт.
Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
5.7. ЕАЭБдин алкагында товарлардын импортун жана экспортун контролдоо
71. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүнү (импорттоону), ошондой эле Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууну (экспорттоону) жүзөгө ашыруучу субъекттерге салык контролун жүргүзүүдө салык кызматынын органы менчигинин түрүнө (мамлекеттик менчик, юридикалык же жеке жактын менчиги) карабастан жактарга таандык болгон жана субъект тарабынан товарды сактоо (анын ичинде убактылуу) жана/же ташуу жана/же сатуу үчүн пайдаланылуучу предметтерди, мүлк объекттерин (автотранспорт каражаты, темир жол вагону, кампалар, терминалдар, ангарлар, контейнерлер, соода түйүндөрү ж.б.) болгон товарга карата баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу жана андагы көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн товардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө (коштоочу кагаз, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагазы, эл аралык транспорттук коштомо кагазы (CMR), ДСУнун товарларынын тизмегине киргизилген товарларды Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү укугуна тиешелүү коштоочу документтер ж.б.) шайкеш келүүсү боюнча текшерүүнү жана кароону жүзөгө ашырат.
72. Ылайык келбөө фактылары аныкталган жана/же уруксат берүүчү документтер, анын ичинде баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон учурда кызматкер бул тууралуу тиешелүү мобилдик топко маалымдайт.
5.8. Мобилдик топтун алкагында эсепке алынбаган товарларды контролдоо
73. Мобилдик топ тийиштүү аймакка жана/же товарларды эсепке алуу пунктуна бекитилип берилет (мындан ары – мобилдик топ).
Мобилдик топ товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамынан же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынан же импорттоочу (ташуучу) тарабынан Кыргыз Республикасынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн башка булактардан маалымат алгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде товарларды эсепке алуу пунктуна же контролдук-өткөрүү пунктуна келип, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча маалыматты кабыл алууну эсепке алуу журналына жазуу жолу менен маалымат алгандыгын ырастайт.
Жайгашкан жерге келгенден кийин мобилдик топтун курамындагы тиешелүү кызматкер импорттоочудан же экспорттоочудан ЕАЭБдин мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген баштапкы эсепке алуу документтерин берүүнү талап кылат.
74. Эгерде импорттолуучу товарлардын же аларды Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо) товарлардын баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле ЕАЭБдин мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу менен таризделсе, анда андан ары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүү менен РСК актында алардын жоктугу же бул бузуулардын мүнөзү (жалган, туура эмес таризделген, аны окууга жана анын аныктыгын аныктоого мүмкүн эмес ж. б.) чагылдырылат.
75. Жогоруда аталган иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин мобилдик топ жагдайлар аныкталганга жана Кыргыз Республикасына(нан) ташып келүүдө (импорттоодо) жана ташып чыгууда (экспорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин талаптары аткарылганга чейин товары (жүгү) менен транспорт каражатын убактылуу кармоону жана кармалган товары (жүгү) менен транспорт каражатын салык кызматынын органынын айыптык токтотуу жайына же убактылуу сактоо кампаларына (МБК УСК) жайгаштырууну жүзөгө ашырат.
76. Импорттоочу же экспорттоочу зарыл документтерди берген учурда, мобилдик топтун курамындагы тиешелүү кызматкер ташып келинүүчү (импорттолуучу) же ташып чыгарылуучу (экспорттолуучу) товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн берилген жүктү коштоочу документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен салыштырып текшерет. Иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр берилген документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен дал келген учурда, товары (жүгү) менен транспорт каражаты кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзүү менен андан ары эркин жүрүү үчүн бошотулат.
77. Көрсөткүчтөрдүн шайкеш эместиги же документтердин жоктугу аныкталган учурда, укук бузуучу субъектке карата мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук натыйжа колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты тиркелет. Андан ары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза берүү жөнүндө токтом чыгарылат.
78. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет жана соттук аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылат.
79. Документтер берилбеген же ылайык келбеген учурда, ошондой эле эсепке алынбаган товардын бар экендигин аныктоо максатында салык кызматынын органынын кызматкери товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын тандап жана/же толугу менен алып салууну жүргүзөт.
Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну жүргүзүү үчүн товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну аяктоо үчүн жетишсиз болгон убакыттын белгилүү бир мезгили талап кылынган учурда РСК акты бардык зарыл пункттарды толтуруу менен контролдоону жүргүзүүнүн учурдагы датасы менен таризделет, ошол эле учурда контролдоо аяктаган дата жана товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун натыйжалары калдыктарды алуу жол-жобосу аяктагандан кийин көрсөтүлөт.
Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун натыйжасы тиешелүү салыктык текшерүү жүргүзүү үчүн укук бузуучу башкарылган аймакта катталган тиешелүү салык органына берилет.
80. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын аймагындагы кампа жайларында тиешелүү документтери жок сакталса, салык кызматынын органынын кызматкери жеткирүүчүнү аныктоо максатында субъекттен түшүнүк кат талап кылат. Жеткирүүчү аныкталбаган учурда кызматкер товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алат жана түзүлгөн бул материалдар салыктык текшерүү жүргүзүү үчүн тиешелүү салык органына берилет. Муну менен катар субъектке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт. Салык кызматынын органдарында субъект катталбаган учурда кызматкер мүлк объектине мөөр басып бекитүүгө/пломбалоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык каттоосуз экономикалык иш жүргүзүү факты боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
81. Товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү документтерсиз өткөрүлгөн учурда кызматкер товары (жүгү) менен транспорт каражатын убактылуу кармоону жүзөгө ашырат жана кармалган товары (жүгү) менен транспорт каражатын салык кызматынын органынын айыптык токтотуучу жайына же болбосо жагдайлар аныкталганга жана тиешелүү зарыл документтер берилгенге чейин убактылуу сактоо кампаларына (МБК УСК) жайгаштырууну жүзөгө ашырат.
82. Субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы тийиштүү зарыл документтерди берген учурда кызматкер товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчүн документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүч менен салыштырып текшерет. Көрсөткүчтөр туура келген учурда укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми товары (жүгү) менен транспорт каражаты кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзүү менен бошотулат.
83. Документтер ылайык келбеген же жок болгон учурда мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү убактылуу алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук натыйжа колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү убактылуу алып коюу акты тиркелет.
84. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алынган мүлктү менчик ээсине кайтаруу, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү менчик ээсине кайтаруу, жок кылуу же конфискациялоо маселеси сот тарабынан чечилет жана соттук аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылат.
5.9. Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу менен алектенген субъекттерди контролдоо
85. Автомай куюучу станцияларда (мындан ары – АМС) күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары – КММ) сатуу менен алектенген субъекттерди контролдоодо автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасынын (мындан ары – БАС) туура колдонулушу текшерилет, БАСты колдонбоо факты аныкталганда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Субъект кол коюудан баш тарткан же жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын пайдалануу менен “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт.
Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
86. Ошону менен бирге ККМдин бар экендиги текшерилет. ККМ жок болгон учурда бул факт РСК актында белгиленет жана рейддик салык контролунун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
Андан ары рейддик салык контролунун жүрүшүндө кассадагы акча каражаттарынын калдыктары алынат, аны менен бирге май бөлүштүрүүчү колонкалардын (мындан ары – МБК) суммардык эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүнүн калдыктары жана резервуардагы (идиштердеги) КММнын калдыктары да алынат. Текшерүү учурундагы МБКнын суммардык эсептегичтеринин нөөмөттүн башталышына карата көрсөткүчтөрү кемитилет жана контролдоо учурундагы сатылган КММнын саны (марка боюнча) аныкталат. Контролдоо учурунда сатылган КММнын санынан ырастоочу документтерди (талондор, ички ташууга коштомо кагаздар, сордуруп куюу актылары ж.б.) милдеттүү түрдө берүү менен накталай эмес эсептешүү жолу менен коё берилген КММнын саны кемитилет, КММнын алынган айырмасы КММнын сатуу баасына (маркалар боюнча) көбөйтүлөт жана түшкөн акчанын суммасы аныкталат. Сатылган КММнын көлөмүнөн эсептелген түшкөн акчанын суммасы х-отчеттун суммасы менен дал келүүгө тийиш.
Эгерде сатылган КММнын көлөмүнөн эсептелген түшкөн акчанын суммасы рейддик салык контролу жана/же х-отчету учуруна карата кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгынын суммасынан көп болсо, анда айырманын суммасы (ашыкчасы) контролдук-кассалык чек басып чыгарылбагандыгын ырастоо болуп саналат жана РСК актына сумма цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүлүп, “ашыкча” деген жазуу жазылат.
Көрсөтүлгөн факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Ошол эле учурда субъекттен милдеттүү түрдө РСК актына тиркелүүчү ылайык келбөө факты аныкталгандыгы жөнүндө түшүнүк кат талап кылынат. Эгерде түшүнүк кат берүүдөн баш тартса, РСК актында белгиленген бузуунун мүнөзүнөн тышкары түшүнүк кат берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат дагы көрсөтүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
87. Мунай продукттарын ташып келүүнү, сактоону, өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди контролдоодо рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органынын контролдук пломбаларынын болушу жана шайкеш келүүсү милдеттүү түрдө текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыгы РСК актында чагылдырылат.
Пломбаны бузуу факты аныкталган учурда бул тууралуу РСК актында “пломбаны бузуу” деген жазуу жазылат, ошондой эле бул факт фото-видео тартуу менен РСК актында чагылдырылат.
Түзүлгөн материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына берилет.
88. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мунай продукттарын чекене жана/же дүң ташып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга карата талаптарды бузуу факты аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
89. Рейддик салык контролунун алкагында кызматкер менчигинде мунай продукттарын резервуарларда сактоо базасы бар экендиги боюнча документтерди, ошондой эле даярдоочу же сатуучу (сатууга даяр продукцияны сактаган ишканаларда) берген продукциянын паспортун текшерет. Мындан тышкары мунай продукттарын сактоо шарттарын, ЭТТК колдонуу фактын, ошондой эле контролдук пломбалардын бар экендигин текшерет. Жогоруда көрсөтүлгөн бузуулардын кеминде бири аныкталган учурда РСК актында бузуунун тиешелүү түрү (алардын түрлөрү) көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
90. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө АМСтен тышкаркы КММ соода жайлары текшерилет. Мындай тартип бузуу аныкталган учурда РСК актында тиешелүү маалымат көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук натыйжа колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты тиркелет.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен “укук бузуу факты менен макул эмес” деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
91. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алып коюлган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
92. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө укук бузуу объекти укук бузуу жасалган жерде кароосуз калтырылса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча протокол “укук бузуучу жөнүндө маалыматтар” пунктунда “жаксыз” деген белги менен түзүлөт.
Мындан тышкары иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык токтотулуп турат, ошондой эле кызматкер укук бузган адамды табууга жана аныктоого бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
93. Укук бузуучунун инсандыгы аныкталбаган учурда кызматкер түзүлгөн материалдарды укук бузуу жөнүндө иш боюнча протокол менен бирге убактылуу алынган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтөт.
94. Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет жана соттук аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылат.
9-глава. РСК актын тариздөө
95. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органдары тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде РСК актылары түзүлөт.
96. РСК акты жана анын тиркемелери кагаз жүзүндө да, электрондук түрдө да тийиштүү алып жүрүүчүдө таризделиши мүмкүн. Кагаз түрүндө таризделген актыга кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коёт, актыны электрондук формада тариздөөдө кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы графикалык колтамганы колдонот.
97. Кагаз жүзүндө тариздөөдө РСК актынын экинчи нускасы бардык тиркемелери менен субъектке же субъекттин жооптуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат. Кызматкер кол коё турган РСК актына кол коюудан баш тарткан учурда тапшырылган датасын көрсөтүү менен “РСК актына кол коюудан баш тартты, РСК актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу жазылат.
98. Электрондук түрдө тариздөөдө электрондук РСК акты бардык тиркемелери менен салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же өз ара макулдашуу боюнча анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт.
99. РСК актында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) РСК актынын номери;
2) рейддик салык контролун жүргүзүү датасы, орду, башталган убактысы;
3) кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду;
4) жазма буйруктун номери жана датасы;
5) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
6) контролдоо учурунда катышкан субъекттин же жооптуу адамдын аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, байланыш телефон номери жана анын жашаган жеринин дареги;
7) ишкердик объектинин аталышы жана дареги;
8) субъекттин аталышы, анын ИСНи жана субъект катталган салык органынын аталышы;
9) экономикалык иш жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтердин (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана/же патенттин, камсыздандыруу полисинин сериясы жана номери, берилген датасы жана алардын колдонуу мөөнөтү) болушу;
10) жалданма кызматкерлердин саны;
11) инспектордук текшерүүлөр китебинин болушу;
12) иштин түрү;
13) ККМдин болушу;
14) кассада накталай акча каражаттарын алуу актына ылайык накталай түшкөн акчанын суммасы;
15) х-отчетто көрсөтүлгөн сумма, х-отчеттун өзү РСК актына тиркелет;
16) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун фискалдык программалык каражаттары аркылуу орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма, орто аралык отчеттун өзү РСК актына тиркелет;
17) накталай эмес формада төлөмдөр боюнча түзүлгөн х-отчетуна ылайык накталай эмес түшкөн акчанын суммасы;
18) кызматкердин жана субъекттин же субъекттин жооптуу адамынын колу.
100. Субъект же субъекттин жооптуу адамы РСК актына кол коюудан баш тарткан учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана кызматкердин колу коюлуучу РСК актына тапшырылган датасын көрсөтүү менен “РСК актына кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу көрсөтүлөт.
101. Эгерде РСК акты салык органы тарабынан субъекттин иш жүргүзгөн жери боюнча түзүлсө, ал эми анын салык каттоосу башка салык органында турса, анда РСК актында көрсөтүлгөн салык мыйзамдарын бузуулар иш жүргүзгөн жери боюнча каралат.
102. Рейддик салык контролунун натыйжасы салык постун коюуга жана/же тиешелүү салыктык текшерүүнү дайындоого тийиш болгон тобокелдикке багытталган субъекттерди түзүүдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири катары кызмат кылат.
103. Рейддик салык контролун жүзөгө ашырууда кызматкер субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан салыктарды эсептөө, кармап калуу жана бюджетке төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга, салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармап калуу жана төлөө документтерин толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү, салыктарды эсептөөнүн тууралыгын жана өз убагында кармап калууну жана төлөөнү ырастаган документтерди талап кылууга, ошондой эле субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан РСК актына тиркелүүчү жана салык контролун жүргүзүүдө колдонулуучу документтердин көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.