Загрузка документа…
|
| |||
|
| "2-тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна) | ||
Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Контролдук сатып алууну жүргүзүү жана материалдарды тариздөөнүн ушул Тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127, 129, 130-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана контролдук сатып алууну жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартибин аныктайт.
2. Бул Тартиптин максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча контролдук сатып алууну жүргүзүүгө укук берүүчү документ, ал ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделет;
2) кызматкер – белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде контролдук сатып алууну жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект – уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүк;
4) субъекттин жооптуу адамы – субъект менен эмгек мамилесинде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди (анын ичинде келишим боюнча) аткарган жеке жак;
5) х-отчет – отчет түзүү учурунда нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын орто аралык отчету (өчүрүлбөгөн контролдук кассалык машинанын (мындан ары – ККМ) контролдук чеги);
6) орто аралык отчет – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү, белгилүү бир мезгилге акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча маалыматты камтыган отчет;
7) контролдук сатып алуу акты – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук сатып алуунун жыйынтыгы таризделүүчү документ;
8) тоскоолдук көрсөтүү акты – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү, кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлгөн документ.
3. Контролдук сатып алуу – салык органынын кызмат адамы же тартылган жеке жак тарабынан ККМди колдонуу тартибинин жана талаптарынын, ошондой эле калкка контролдук кассалык чекти берүүнүн сакталышын контролдоо үчүн товардын белгилүү бир санын контролдук сатып алуу же субъект менен контролдук бүтүм түзүү жолу менен мезгилдүүлүгүн чектөөсүз жүргүзүлүүчү салык контролунун методдорунун бири.
4. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМди колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын тартибин жана талаптарын сактоону, ошондой эле банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, улуттук стандарттын эки өлчөмдүү штрихкоддун (QR-коддун) символдорун, анын ичинде башка жакка катталган жабдуулардын (мындан ары – программалык-техникалык түзүлүш) болуусун жана колдонулушун контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт.
Контролдук сатып алуу мезгил аралыгы чектелбестен ишке ашырылат жана өзүнчө же рейддик салык контролунун алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Субъект товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарын (мындан ары – ЭПК) пайдаланганда контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан калкка контролдук-кассалык чектердин алардын акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтерге ылайык келишин контролдоо үчүн жүргүзүлөт.
5. Контролдук сатып алууну жүргүзүүдө салык кызматынын органдары ККМде, ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же ЭПК маалымат системаларында сакталган маалыматтарды пайдаланууга укуктуу.
6. Контролдук сатып алууну жүргүзүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
1) соода операцияларында акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө ККМди колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо бөлүгүндө ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү аныктоо;
2) рейддик салык контролун жүргүзүүдө жана/же салык постун орнотууда тобокелдиктин багыт алуу деңгээлин аныктоо үчүн субъекттин ишин жыйноо жана талдоо.
7. Контролдук сатып алууну дайындоо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын маалыматтары боюнча ККМде активдүүлүктүн жоктугу;
2) контролдук-кассалык чектерди чыгарып берүү мезгилинин үзгүлтүктүүлүгү;
3) чоң суммада түшкөн акчага контролдук-кассалык чектерди бир чек менен чыгарып берүү;
4) субъекттин иштөө убактысынын аныкталган мезгилинде контролдук-кассалык чектерди минималдык санда чыгарып берүү;
5) ККМди калк үчүн жеткиликсиз жерде колдонуу;
6) жеке жактардын даттануулары;
7) ИСНди тогуз деп көрсөтүү менен, бирок ККМди каттоосуз калктын дарегине электрондук эсеп-фактураларды жана/же жөнөкөйлөштүрүлгөн эсеп-фактураны жазуу;
8) ККМди колдонбоо тобокелдик факторлоруна жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча.
8. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органынын кызмат адамы (мындан ары – кызматкер) тарабынан жүргүзүлөт.
9. Контролдук сатып алууну жүргүзүүдө сатып алынган товар кайтарылган учурда сатуучу жана/же даярдоочу/өндүрүүчү кызматкердин талабы боюнча товар үчүн төлөнгөн акча каражаттарын (товардык түрү сакталган шартта) ага толук өлчөмдө кайтарып берүүгө милдеттүү.
2-глава. Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби
10. Контролдук сатып алууну жүргүзүү үчүн салык кызматынын органынын жетекчиси же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адам төмөнкү реквизиттерди камтыган тиешелүү алып жүрүүчүдө ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча жазма буйрукка кол коёт (ырастайт):
1) жазма буйрукту каттоо датасы жана номери;
2) салык кызматынын органынын аталышы;
3) контролдук сатып алууну жүргүзүү тапшырылган салык кызматкеринин аты-жөнү;
4) субъекттин толук аталышы;
5) субъекттин идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН);
6) контролдук сатып алуунун негиздемеси;
7) контролдук сатып алууну жүргүзүү мөөнөтү.
Контролдук сатып алууну жүргүзүү укугуна жазма буйрук ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделет. Жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчиси же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адам тарабынан электрондук кол коюлушу (ырасталышы) керек. Зарыл болгон учурда жазма буйрукту кагаз түрүндө басып чыгаруу мүмкүн, анын аныктыгын QR-код менен текшерүүгө болот.
11. Контролдук сатып алууну жүргүзүү зарыл болгон субъект жайгашкан жерге келгенден кийин кызматкер жана/же тартылган жеке жак кырдаалды талдайт жана ККМ, ЭПК жана/же программалык-техникалык түзүлүштү колдонуу предметине карата субъекттин ишине визуалдык байкоо жүргүзөт, андан кийин контролдук сатып алууну жүргүзөт. Контролдук сатып алууну жүргүзгөндөн кийин кызматкер субъектке жана/же анын жооптуу адамына (субъект менен эмгек мамилесинде болгон, субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткарган жеке жакка) кызматтык күбөлүгүн (кагаз же электрондук түрдө) жана таанышуу үчүн графикалык кол тамга менен ырасталуучу алып жүрүүчүдө электрондук формадагы жазма буйрукту көрсөтөт. Кызматкер ошондой эле субъектке же анын жооптуу адамына кагаз жүзүндө жазма буйрукту бере алат. Өз ара макулдашуу боюнча кызматкер субъекттин электрондук дарегине же мессенджерине таанышуу үчүн электрондук формадагы жазма буйрукту жөнөтө алат.
12. Субъект же анын жооптуу адамы жазма буйруктун аныктыгын электрондук түрдө жазма буйрукта жайгашкан QR-код аркылуу текшерүүгө укуктуу.
13. Субъект же анын жооптуу адамы жазма буйрук менен таанышуудан баш тарткан учурда кызматкер тиешелүү алып жүрүүчүдөгү жазма буйрукта же кагаз жүзүндөгү жазма буйруктун бланкында баш тартуу жөнүндө маалыматты көрсөтөт. Жазма буйрук менен таанышуудан баш тартуу контролдук сатып алууну жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
14. Жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүктү көрсөткөндөн кийин кызматкер субъекттен же анын жооптуу адамынан контролдук сатып алууну жүргүзүү учуруна карата ККМден х-отчетту жана/же ЭПК орто аралык отчетту чыгарып берүүнү талап кылат.
Кызматкер х-отчетту жана/же орто аралык отчетту алгандан кийин субъект же анын жооптуу адамы менен бирге ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын (мындан ары – накталай акча каражаттарын алуу актысы) толтуруу менен субъекттин кассасындагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат, мында накталай түшкөн акча ар бир купюралык саноо жолу менен көрсөтүлөт жана контролдоо учурунда түшкөн акчанын жалпы суммасы сан жана жазуу менен чыгарылат. Кассада накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражаттарын эсептейт, ал эми кызматкер накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын толтурат.
Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кызматкер жана субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы ушул адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коет. Субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тарткан учурда кызматкер тарабынан фото/видео тартуу жүргүзүлөт жана накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысында тапшырылган датасын көрсөтүү менен “актыга кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу жазылат.
ККМдин жоктугу же бузук ККМ колдонулганы аныкталган учурда, бул факт контролдук сатып алуу актысында белгиленет жана аны кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
15. Эгерде субъект бир объектте бир нече ККМ колдонсо, анда кассалык тартипти контролдоо ар бир ККМ боюнча өзүнчө жүзөгө ашырылат.
16. Кассадан накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда кызматкер субъекттин экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланган аймагына, жайларына, мүлк объекттерине (анын ичинде транспорт каражаттарына) ККМ аркылуу чыгарылбаган акча каражаттарынын суммасын жашыруу предметине иликтөө жүргүзүүгө укуктуу.
17. Рейддик салык контролу учурунда кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммалар менен салыштырылат.
18. Эгерде кассадагы накталай акча каражаттары х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан (бир эсептик көрсөткүчкө) ашыкча болсо, анда ашыкча сумма контролдук-кассалык чекти сатып алуучуга (кардарга) чыгарбоо фактысын ырастоо болуп саналат жана контролдук сатып алуу актысында сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен “ашыкча” деген жазуу жазылат.
Мында субъект же субъекттин жооптуу адамы аныкталган факт боюнча жазуу жүзүндө түшүнүк кат берүүгө милдеттүү, ал контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
Кассадагы акча каражаттарынын ашыкча экендиги ырасталган учурда субъект белгиленген ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чекти басып чыгарууга милдеттүү.
19. Эгерде кассадагы накталай акча каражаттары х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда контролдук сатып алуу актысына сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен “кем чыгуу” деген жазуу жазылат.
Кем чыгуу фактысы боюнча субъекттин жооптуу адамы контролдук сатып алуу актысына тиркелген жетпеген суммага чыгымдарды ырастаган документти берүүгө милдеттүү.
20. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда айырманын (ашыкчанын) суммасы контролдук-кассалык чекти чыгарбоо фактысын ырастоо болуп саналат жана контролдук сатып алуу актысында сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен “ашыкча” деген жазуу жазылат.
Мында субъект же жооптуу адам жазуу жүзүндө түшүнүк кат берүүгө милдеттүү, ал контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
Субъект түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда контролдук сатып алуу актысында түшүнүк кат берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда айырманын суммасы кем чыгууга кирет жана контролдук сатып алуу актысында сумма цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен “кем чыгуу” деп жазылат.
21. Төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алууга арналган жабдуулар жана/же технологиялар (программалык-техникалык түзүлүш) болгон учурда, төлөнгөн суммалар боюнча чекте же көчүрмөдө көрсөтүлгөн, накталай эмес формада төлөмдөрдү кабыл алууга арналган бардык жабдуулар жана/же технологиялар (программалык-техникалык түзүлүш) аркылуу накталай эмес акча каражаттарынын суммасы х-отчетто көрсөтүлгөн накталай эмес түшкөн акчага карата салыштырылат.
Эгерде чектеги же көчүрмөдөгү накталай эмес акча каражаттары х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчкө көп болсо, анда ашыкча сумма контролдук-кассалык чекти сатып алуучуга (кардарга) чыгарбоо фактысын ырастоо болуп саналат жана контролдук сатып алуу актысына сумманы цифра жана жазуу менен көрсөтүү менен “ашыкча” деген жазуу жазылат.
Мында субъект же жооптуу адам жазуу жүзүндө түшүнүк кат берүүгө милдеттүү, ал контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
Акча каражаттарынын ашыкча экендиги ырасталган учурда субъект белгиленген ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чекти басып чыгарууга милдеттүү.
Эгерде чектеги же көчүрмөдөгү накталай эмес акча каражаттары х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда контролдук сатып алуу актысында сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен “кем чыгуу” деген жазуу жазылат.
Кем чыгуу фактысы боюнча субъект же анын жооптуу адамы жетпеген суммага чыгымдарды ырастаган документти берүүгө тийиш, ал контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
22. ККМди колдонуу талаптарын жана тартибин бузуунун белгиленген түрүнө жараша контролдук сатып алуу актысына “ККМди колдонбоо”, “чек басып чыгарбоо”, “чек бербөө”, “ККМ бузулган” деген жазуулар жана кассада накталай акча каражаттарын алуу акты тиркелгени жөнүндө маалымат киргизилет.
23. Белгиленген бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт, ага кызматкер жана субъект же анын жооптуу адамы кол коет.
Субъект же анын жооптуу адамы протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен протоколго “укук бузуу фактысы менен макул эмес” деген белги коюлат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө кабарлоо менен бирге субъектке же анын жооптуу адамына тапшырылат. Түзүлгөн протоколду жана кабарлоону субъектке же анын жооптуу адамына тапшыруу мүмкүн болбогон учурда материалдар почта аркылуу жөнөтүлөт. Контролдук сатып алуунун түзүлгөн материалдарын кызматкер укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга өткөрүп берет.
24. ККМ бузук болгон учурда Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсеп жүргүзүүчү адамдарды кошпогондо, субъект квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебинде сатып алууларды жана сатууларды эсепке алууну жүргүзөт.
ККМ бузулган учурга карата квитанциялардын бланктары жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китеби колдонулбаган учурда контролдук сатып алуу актысында тиешелүү жазуу көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
25. ЭПК пайдаланууда, ошондой эле накталай эмес эсептешүүдө х-отчеттон тышкары, субъект кызматкерге ЭПК аркылуу түзүлүүчү орто аралык отчетту, х-отчетко карата накталай эмес акча каражаттарын салыштыруу үчүн ушундай инструменттер аркылуу төлөнгөн суммалар боюнча накталай эмес төлөө инструменттери менен түзүлүүчү орто аралык чекти берүүгө милдеттүү.
26. Субъект же анын жооптуу адамы кызматкерге х-отчетту жана/же орто аралык отчетту жана/же төлөмдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн арналган жабдуулар жана/же технологиялар (программалык-техникалык түзүлүш) менен түзүлгөн төлөгөндүгү тууралуу ырастоочу документти берүүдөн баш тарткан учурда контролдук сатып алуу актысында х-отчетту жана/же орто аралык отчетту жана/же төлөмдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн арналган жабдуулар жана/же технологиялар (программалык-техникалык түзүлүш) менен түзүлгөн төлөгөндүгү тууралуу ырастоочу документти берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу маалымат көрсөтүлөт. Мында ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт, анда х-отчетту жана/же орто аралык отчетту жана/же төлөмдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн арналган жабдуулар жана/же технологиялар (программалык-техникалык түзүлүш) менен түзүлгөн төлөгөндүгү тууралуу ырастоочу документти бербегендигин билдирген кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлөт.
Тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коет. Субъект же жооптуу адам тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана тоскоолдук көрсөтүү актысына тапшыруу датасын көрсөтүү менен “тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу жазылат.
Бул актынын негизинде салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин ККМге жана товарларды эсепке алуунун программалык каражаттарына жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук көрсөтүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Субъект же анын жооптуу адамы протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен протоколго “укук бузуу фактысы менен макул эмес” деген белги коюлат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге субъектке же анын жооптуу адамына тапшырылат. Түзүлгөн протоколду жана кабарлоону субъектке же анын жооптуу адамына тапшыруу мүмкүн болбогон учурда материалдар почта аркылуу жөнөтүлөт. Контролдук сатып алуунун түзүлгөн материалдарын кызматкер укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга өткөрүп берет.
3-глава. Контролдук сатып алуунун жыйынтыгын тариздөө жана кароо
27. Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алгандан кийин кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген контролдук сатып алуу актысын тариздейт, анда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) контролдук сатып алууну жүргүзгөн датасы, орду, убактысы;
2) кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду;
3) жазма буйруктун номери жана датасы;
4) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
5) контролдоо учурунда катышкан субъекттин аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, байланыш телефон номери жана анын жашаган жеринин дареги;
6) ишкердик объектинин аталышы жана дареги;
7) ишинин түрү;
8) субъекттин аталышы жана ИСНи;
9) субъект катталган салык органынын аталышы;
10) сатуучунун (кассирдин) аты-жөнү, ИСНи жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен иштеген фактысын ырастоочу документтин болушу;
11) инспектордук текшерүү китебинин болушу;
12) баалыктардын (прейскуранттар, меню) болушу;
13) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуунун зарылдыгы жөнүндө маалыматтын болушу;
14) сатып алынган товардын (кызмат көрсөтүүнүн) аталышы, баасы, саны жана суммасы;
15) ККМдин каттоо маалыматтары;
16) контролдук сатып алуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат;
17) накталай акча каражаттарын алуу актысына ылайык кассада накталай түшкөн акчанын суммасы;
18) х-отчетто көрсөтүлгөн сумма, х-отчеттун өзү контролдук сатып алуу актысына тиркелет;
19) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма, орто аралык отчеттун өзү контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
28. Контролдук сатып алуу актысы жана анын тиркемелери кагаз жүзүндө да, тийиштүү алып жүрүүчүдө электрондук формада да таризделиши мүмкүн. Кагаз жүзүндө таризделген контролдук сатып алуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы тарабынан кол коюлат, актыны электрондук формада тариздөөдө кызматкердин жана субъекттин же анын жооптуу адамынын графикалык кол тамгасы коюлат.
29. Кагаз жүзүндө таризделген учурда контролдук сатып алуу актысынын экинчи нускасы бардык тиркемелери менен бирге субъектке же анын жооптуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде субъект же анын жооптуу адамы тиркемеси менен контролдук сатып алуу актысына кол коюудан жана алуудан баш тартса, анда кызматкер кол койгон контролдук сатып алуу актысына тапшыруу датасын көрсөтүү менен “контролдук сатып алуу актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деп жазылат.
30. Электрондук формада тариздөөдө контролдук сатып алуу актысы бардык тиркемелери менен субъекттин жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт. Эгерде субъект кол коюудан жана графикалык кол тамга коюу менен контролдук сатып алуу актысын алуудан баш тартса, анда контролдук сатып алуунун электрондук актысына “контролдук сатып алуу актысына кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деп жазылат, фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана материалдар субъекттин жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт.
31. Контролдук сатып алууну жүргүзүүгө жол берилбеген учурда (анын ичинде кассадагы акча каражаттарынын калдыктарын алууга) кызматкер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 132 жана 136-беренелеринин талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кагаз же электрондук формада тоскоолдук көрсөтүү актысын түзөт, анда түзүлгөн датасы жана орду, кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду, ким тарабынан жана кандай жол менен тоскоолдук кылгандыгы көрсөтүлөт. Кагаз жүзүндө түзүлгөн тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер кол коет жана ал менен субъект таанышкандан кийин субъект кол коет, электрондук түрдө кызматкер жана субъект же анын жооптуу адамы графикалык кол тамга коет. Мында субъекттен түшүнүк кат алынат, анда кандай себептер менен тоскоолдук жасалгандыгы көрсөтүлөт, ал тоскоолдук көрсөтүү актысына тиркелет.
Субъект кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда кызматкер тарабынан тоскоолдук көрсөтүү актысына тиешелүү жазуу жана фотовидео тартуу жүргүзүлөт.
32. Контролдук сатып алуунун жыйынтыгы рейддик салыктык контролдоого жана салык постун орнотууга тийиш болгон тобокелдикке багытталган субъекттерди түзүүдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири катары колдонулат.
33. Башка бузуулар аныкталган учурда кызматкер субъекттин же субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда бул фактыны фотовидео тартуу жүргүзөт жана субъекттин салыктык (эсептик) катталган жери боюнча салык органына өткөрүп берет. Тиешелүү салык органы маалымат алгандан кийин салык мыйзамдарына ылайык белгилүү бир салыктык контролду жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт.”.