|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна) |
Салык постун орнотуу тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы N 705, 2023-жылдын 17-февралындагы № 82 , 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 109, 131-134 жана 138-беренелерине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык иштелип чыккан, субъекттин товарларын жана акча каражаттарын толук эсепке алуу, салык карызын жоюу максатында салык постун орнотуу жана анын ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Салык посту субъекттин төмөнкүдөй аймактарына орнотулат:
1) ушул Тартиптин 10-13-пункттарына ылайык акциздик товарды өндүрүүчү:
– туруктуу негизде акциздик товарлар болуп саналган күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүчү;
– күйүүчү-майлоочу материалдарды кошпогондо, акциздик товарды өндүрүүчү:
ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген салыктарды төлөбөө, анын ичинде жүгүртүүнүн көлөмүн жана төлөнүүчү салыктардын суммасын азайтуу тобокелдиги факторлору болгон учурда, товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин;
туруктуу негизде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тизме боюнча;
2) салык карызын толук төлөгөнгө чейин ушул Тартиптин 14-19-пункттарына ылайык салык карызы барларга;
3) товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык салык отчетун системалуу түрдө нөлдүк көрсөткүчтөр менен бергендерге;
4) катары менен келген жети календардык күндөн кем эмес мөөнөткө салык постун орнотуу менен ушул Тартиптин 21-28-пункттарына ылайык коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөндөргө;
5) субъекттин экономикалык иш жүргүзүүсүнүн сезондук мүнөзүнө жараша товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин ушул Тартиптин 29-31-пункттарына ылайык пайдалуу кендерди казууну ишке ашыргандарга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Салык посту субъекттин иш режиминде орнотулат.
2-глава. Салык постун тариздөө тартиби
4. Салык посту орнотулуучу субъекттердин тизмеси күйүүчү-майлоочу материалдардан тышкары, акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттерди кошпогондо, субъекттин салыктык (эсептик) катталган жери боюнча салык кызматы органынын буйругу менен бекитилет.
Салык посту орнотулуучу, күйүүчү-майлоочу материалдардан тышкары, акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттердин тизмеси ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө экономикалык иш жүргүзгөн субъектте салык посту төмөнкү учурларда орнотулат:
- жүргүзүлгөн рейддик салыктык контролдун жана/же контролдук сатып алуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуулар аныкталганда;
- бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон түшкөн акчанын жана/же эсептелген салыктын суммасы (жергиликтүү салыктын суммасынан тышкары) өткөн айга жана/же кварталга жана/же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10%дан ашык азайганда;
- мезгил-мезгили менен контролдук-кассалык чек берилбегенде;
- физикалык жана/же иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр өзгөргөндө (отуруучу орундардын, креслолордун, койка-орундардын саны, кошумча кызмат көрсөтүү объектисин түзүү, ишкердикте колдонулуучу мүлк объекттеринин аянтынын өзгөрүшү ж.б.).
6. Салык постун орнотуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча жазма буйрук таризделет, ага салык кызматынын органынын жетекчиси кол коюп жана төмөнкүлөр менен күбөлөндүрүлөт:
- кагаз жүзүндөгүсүнө салык кызматынын органынын гербдүү мөөрү коюлат;
- электрондук формадагысына электрондук кол коюлат.
Жазма буйрукта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) жазма буйрукту салык кызматынын органында каттоо номери;
2) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
3) салык постун орнотуу тапшырылган салык кызматынын органынын кызматкеринин (кызматкерлеринин) аты-жөнү, кызматтык күбөлүгүнүн номери;
4) салык посту орнотулуп жаткан субъекттин толук аталышы;
5) субъекттин идентификациялык салык номери (ИСН);
6) салык постун орнотуу үчүн негиздер;
7) салык постун орнотуу мөөнөттөрү;
8) ушул жазма буйрукка кол койгон салык кызматы органынын жетекчиси жөнүндө маалымат (аты-жөнү);
9) жазма буйрук берилген күн.
Жазма буйруктун жарактуулук мөөнөтү узартылган учурда узартуунун жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт, жетекчинин колу коюлат жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Электрондук формадагы жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында жетекчинин электрондук колу коюлат (ырасталат).
7. Салык постун орнотууда салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан тааныштыруу үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кызматтык күбөлүк - субъектке жана/же субъекттин жооптуу адамына;
2) салык постун орнотууга кагаз жүзүндө жана электрондук формада жазма буйрук.
Кагаз жүзүндөгү же электрондук формадагы жазма буйрукка субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы тарабынан жазма буйрук менен таанышкандыгы тууралуу белги коюлат.
8. Субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы тарабынан тийиштүү жазууларды жүргүзүү үчүн салык кызматынын органынын кызматкерине инспектордук текшерүүлөрдүн китеби берилет.
9. Субъектте видеобайкоо жүргүзүүгө арналган система бар болсо, салык постун орнотуу процессинде башкарууда видеожазууну пайдалануу үчүн салык кызматынын органынын кызматкерине интернет жана/же башка тармактар аркылуу аталган системага жана/же IP-камерага жана/же IP-дарекке кошууга жеткиликтүүлүк берилет.
Субъектте видеобайкоо жүргүзүү үчүн арналган система жок болсо, салык кызматынын органынын кызматкери салык посту орнотулган объектте салык кызматынын органына таандык, интернет тармагы жана/же башка тармактар аркылуу видео жазууларды өткөрүп берүүнү ишке ашыруучу жабдууну орнотууга укугу бар. Мында салык кызматынын органынын кызматкери менен субъекттин ортосунда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.
Материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына салык кызматынын органынын кызматкери жана субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы тарабынан кол коюлат.
3-глава. Субъекттердин айрым категорияларына салык постун орнотуунун өзгөчөлүктөрү
1-§. Акциздик товарларды чыгаруучу субъектте салык постун орнотуу
10. Салык постун орнотууда салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттер жүзөгө ашырылгандан кийин, төмөнкү товардык-материалдык баалуулуктардын (мындан ары - ТМБ) иш жүзүндөгү калдыгын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте алуу жана аларды отчеттун маалыматтары менен салыштыруу жүргүзүлөт:
1) алкоголдук продукцияны (этил жана коньяк спирти, шарап материалдары, буудай ж.б.), тамеки буюмдарын жана мунай продуктуларын даярдоо үчүн чийки заттар;
2) кампадагы маркаланган даяр продукциялар (саны, түрү жана идиштери боюнча);
3) акциздик маркасыз жана/же идентификациялоо каражатысыз бөтөлкөгө куюлган продукциялар;
4) акциздик маркалар (саны, тиби жана идиштери боюнча);
5) эсептегич-чыгым ченегичтердин көрсөткүчтөрү;
6) керектөөчү идишке куюлбаган даяр продукциялар.
ТМБнын калдыктарын алуу натыйжасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу актысы менен таризделет.
11. Салык постун орнотуу процессинин жүрүшүндө күн сайын салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча сатып алынган чийки заттарды жана материалдарды каттоо журналына чийки заттардын келиши белгиленет;
2) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн жана даяр продукцияны жүктөп жөнөтүүнү эсепке алуу боюнча журналга даяр продукциянын калдыктары жана өндүрүлүшү, эсептегич-чыгым ченегичтердин көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтар белгиленет;
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча жүктөлүп жөнөтүлгөн даяр продукцияны каттоо журналына даяр продукцияны жүктөп жөнөтүү белгиленет;
4) даяр продукцияны чекене сатуу дүкөндөрү маркалануучу продукцияны өндүрүүчү субъекттин аймагында болгондо, контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) колдонуу боюнча талаптардын аткарылышына контролдоо жүргүзүлөт;
5) ыйгарым укуктуу салык органында акциздик маркаларды алууга субъект тарабынан мурда алынган чечимге ылайык арналышы боюнча (түрү, аталышы, сыйымдуулугу) акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын колдонуу предметине, маркалануучу даяр продукцияга акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын колдонуу процессине байкоо жүргүзүлөт;
6) пайдаланылган акциздик маркаларды эсептен чыгарууга байкоо жүргүзүлөт;
7) мунайды кайра иштетүүчү заводдордон жана мунай базаларынан мунай продуктуларын жүктөп жөнөтүүдө жазылган эсеп-фактурага, электрондук транспорттук коштомо кагазга ылайык автоцистерна сыйымдуулугунун оозу пломбаланат жана электрондук транспорттук коштомо кагазга "Ташып чыгууга уруксат берилди" деген штамп коюлат.
12. Мөөр басылган барак айрылган жана/же пломбасы үзүлгөн, даяр продукциялардын калдыктары шайкеш келбеген белгилер болгондо, алкоголдук продукциялардын акциздик маркасы жана/же идентификациялоо каражаттары жок болгон фактылар табылса, акциздик маркалар жана/же идентификациялоо каражаттары менен алкоголдук продукциялардын иш жүзүндөгү идиштеринин көлөмү шайкеш келбесе жана шектүү акциздик маркалар жана/же идентификациялоо каражаттары табылса, салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан субъекттин жана/же субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Бузуу фактылары табылгандыгы жөнүндө акт түзүлөт.
Түзүлгөн Бузуу фактылары табылгандыгы жөнүндө акт (тиркемелери жана түшүнүк каттары менен) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн субъекттин катталган жери боюнча салык органына жиберилет.
Шектүү акциздик маркалар тийиштүү мамлекеттик органга аныктык предметине экспертиза жүргүзүү үчүн жиберилет. Акциздик маркалардын жасалма экендиги тууралуу корутунду чыгарылган учурда, салык кызматынын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
13. Акциздик маркалардын, даяр продукциянын калдыгы, пайдаланылган акциздик маркалар, сатылган продукциянын көлөмү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү заводдор жана мунай базалары аркылуу мунай продуктуларын жүктөө жана калдыгы тууралуу маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча берилет.
Акциздик товарларды өндүрүүчү субъектте даяр продукцияны берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгон учурда, салык кызматынын органынын кызматкери онлайн режиминде бул системага ушул Тартиптин 11-пунктунда аталган маалыматтарды киргизет.
2-§. Салык карызы бар субъектке салык постун орнотуу
14. Салык карызы бар субъектке салык посту ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Салык карызын өндүрүү тартибине ылайык орнотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ушул Тартиптин 7-пунктунда аталган иштер жүргүзүлгөндөн кийин салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы алынат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акты толтурулат.
Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыда накталай акча каражаттары (купюра менен) көрсөтүлөт жана акча каражаттарынын калдыгын алуу учурунда кассадагы акча каражаттарынын калдыгынын жалпы жыйынтыгы (сан жана жазуу менен) чыгарылат.
Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акты ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча таризделген Салык карызын төлөө үчүн салык постунун жыйынтыгы тууралуу актыга тиркелет.
16. Салык кызматынын органынын кызматкери күн сайын Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыны толтуруу менен иш күнүнүн аягында кассадагы калдыктарды алат.
Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө жана салык карызын төлөө үчүн салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актылар эки нускада түзүлөт, биринчи нускасы салык кызматынын органынын кызматкеринин отчетуна тиркелет, экинчи нускасы субъектте же субъекттин жооптуу адамында калат. Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө жана салык карызын төлөө үчүн салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыларга салык кызматынын органынын кызматкери жана субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы кол коёт.
17. Салык постун орнотуу процессинде өндүрүлгөн накталай акча каражаттары алынган күндөн кийинки эки жумуш күндөн кечиктирилбестен субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы тарабынан аларды субъекттин эсебине чегерүү үчүн банкка өткөрүп берилет, андан ары бюджетке которулат.
18. Салык карызын аткарууну камсыздоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын толук суммасын төлөгөндө, салык кызматынын органынын жетекчилиги тарабынан салык карызын өндүрүү боюнча бөлүмдүн тиешелүү начальнигинин кызматтык катынын негизинде салык постун орнотуунун жол-жобосу аяктайт.
19. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана салык кызматынын органы тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелери боюнча карыздары бар субъектиге салык посту ушул Тартиптин 14-18-пункттарында аталган жол-жоболорго ылайык орнотулат.
3-§. Салык отчетун системалуу түрдө нөлдүк көрсөткүчтөрү менен берген субъектке салык постун орнотуу
20. Салык отчетторун системалуу түрдө нөлдүк көрсөткүчтөрү менен берген субъектке салык посту ушул Тартиптин 21-28-пункттарында аталган жол-жоболорго ылайык орнотулат.
4-§. Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъектке салык постун орнотуу
21. ККМди колдонбоо фактысын аныктоо үчүн салык постун орнотууда контролдук сатып алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
22. Ушул Тартиптин 7-пунктунда аталган аракеттерди ишке ашыргандан кийин, салык кызматынын органынын кызматкери субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан контролдук-кассалык машинанын аралыктык чегин (жокко чыгарылбаган Х-отчету), учурдагы күн үчүн банктык төлөм карточкалары аркылуу төлөнгөн суммалар боюнча POS-терминалдын чегин уруп берүүнү жана контролдоо учуруна карата субъекттин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алган программалык-аппараттык комплексинен учурдагы отчетту талап кылат.
23. Салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу жөнүндө акты түзүү менен кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыктары алынат, ал ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актыга тиркелет.
24. Салык постун орнотуунун жүрүшүндө салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан кириштелбеген акча каражаттарын аныктоо предметине карата имарат текшерилет.
ККМдин аралыктык контролдук-кассалык чеги, POS-терминалдын чеги кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгына жана субъекттин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алган программалык-аппараттык комплексинен учурдагы отчетуна дал келбеген учурда кызматкер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык андан ары тийиштүү чараларды көрүү үчүн Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө акты түзүлөт.
25. Салык постунун иштөө процессинде салык кызматы органынын кызматкери тарабынан төмөнкүлөр ишке ашырылат:
1) субъекттин товарларын жана акча каражаттарын эсепке алуунун толуктугун текшерүү;
2) ККМдин колдонулушун контролдоо;
3) жалданма жумушчулар менен эмгек келишимдеринин (буйруктардын) болушун текшерүү;
4) коомдук тамактануу, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - отуруучу орундардын, креслолордун, кызмат көрсөтүү объекттеринин санын, ишкердикте колдонулуучу (жабык жана ачык жайларда) мүлк объектисинин аянттарын тактоо;
5) курорттук-ден соолукту чыңдоо тармагы чөйрөсүндө - койка-орундардын санын тактоо, текшерүү учурунда жашаган адамдардын иш жүзүндөгү санын эс алуучуларды каттоо журналы менен салыштыруу;
6) ТМБнын иш жүзүндөгү калдыгын алуу жана аларды отчеттук маалыматтар менен салыштыруу.
26. Жумуш күндүн акырында салык кызматынын органынын кызматкери Салык постун орнотуунун жыйынтыктары жөнүндө акты толтурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- актыны түзүү датасы, орду;
- салык постун орнотуу тапшырылган салык кызматынын органынын кызматкеринин аты-жөнү жана ээлеген кызматы;
- жазма буйруктун номери жана датасы;
- жазма буйрук берген салык кызматынын органынын аталышы;
- субъекттин аталышы, объекттин дареги, ишкердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтердин болушу, салыктык каттоо орду;
- салык постун орнотуу мөөнөтү;
- салык төлөөчүнүн иштөө режими;
- текшерүү убагы;
- иштин түрү;
- жалданма жумушчулардын саны жана эмгек келишимдеринин болушу;
- баалары жөнүндө маалыматтар (прейскуранттар, меню ж.б.);
- ККМ жөнүндө маалыматтар (ККМди колдонуу, накталай түшкөн акча, контролдук чек боюнча көрсөткүч (Х-отчет), кассадагы ашыкчаларды (жетпегендерди) аныктоо;
- мунай продуктуларына акциздик маркалардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын, контролдук пломбалардын болушу же жок болушу;
- салык постунун убагында түшкөн акчанын суммасы;
- акыркы ай үчүн соода түйүндөрүнөн жалпы түшкөн акча, бир күндүк орточо түшкөн акча;
- Коомдук тамактануу, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттердин Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актынын эскертүүсүндө отуруучу орундардын, креслолордун, кызмат көрсөтүү объекттеринин саны, ишкердикте колдонулуучу (жабык жана ачык жайларда) мүлк объекттеринин аянттары көрсөтүлөт; курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө - койка-орундардын саны көрсөтүлөт, текшерүү учурунда жашаган адамдардын иш жүзүндөгү санын эс алуучуларды каттоо журналы менен салыштыруу жүргүзүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуунун башка аныкталган фактылары көрсөтүлөт.
Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актыга жана анын тиркемелерине салык кызматы органынын кызматкери жана субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы кол коюшат.
Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актынын кагаз түрүндөгү экинчи нускасы субъектиге жана/же субъекттин жооптуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат. Түзүлгөн Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актыга кол коюудан жана экинчи нускасын алуудан баш тартылган учурда, салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан "Актынын бир нускасын алдым" деген графага - "кол коюудан баш тартты, экинчи нускасы колуна тапшырылды" деген жазуу жазылат.
Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актыны электрондук формада түзүүдө ушул Актыга салык кызматынын органынын кызматкери жана субъект жана/же субъекттин жооптуу кызматкери тарабынан графикалык кол коюлат жана бардык тиркемелери менен субъекттин жеке кабинетине же электрондук дарегине же мессенджерлерине жиберилет.
Эгер субъект же субъекттин жооптуу адамы Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актыны алуудан жана ага кол коюудан баш тартса, анда салык кызматынын органынын кызматкери субъект текшерүүчүнүн талаптарын аткарууга милдеттүү экендигин түшүндүрүшү керек жана мында аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчиликти субъект тартат.
Эгер бул учурда дагы графикалык кол коюудан баш тартылса, анда Актыга - "кол коюудан баш тартты" деп жазылат, фото/видеого тартуу жүргүзүлөт жана материалдар салык кызматы органынын маалыматтык базасына киргизилет.
27. Салык постунун жыйынтыктары (тиркемелери жана түшүнүк каттары менен) салыктык текшерүү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн кыйыр методдордун негизинде салыктык милдеттенмесин аныктоо максатында субъекттин катталган жери боюнча салык органына жиберилет.
28. Субъект тарабынан салык кызматынын органына тийиштүү салыктарды төлөө боюнча салык милдеттенмелерин аткаруу милдеттенмеси (кепилдик кат) салык постунун жыйынтыгынан кем эмес берилген болсо, анда салык кызматынын органынын жетекчилиги тарабынан салык постун орнотууну жетектеген тийиштүү бөлүмдүн начальнигинин кызматтык катынын негизинде салык постун орнотуу жол-жобосу аягына чыгарылат.
5-§. Пайдалуу кендерди казып алуучу субъектте салык постун орнотуу
29. Пайдалуу кендерди казып алуучу субъектте салык посту транспорт каражаттарынын чыгуусун каттоочу шлагбаум да, ошондой эле салмагын контролдоочу жерге да (салык кызматы органы үчүн зарылдыгына жараша) орнотулат.
30. Пайдалуу кендерди казууну жүргүзгөн субъектте салык постун орнотууда салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан, казып алынган пайдалуу кендердин жүктөмүн эсепке алуу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча жүктөлгөн продукцияны каттоо журналына катталат.
31. Ушул Тартиптин 29-30-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттерге салык посту ушул Тартиптин 21-28-пункттарында көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык орнотулат.
4-глава. Салык кызматынын органынын кызматкеринин жана субъекттин ыйгарым укуктары
32. Салык кызматынын органынын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) төмөнкүлөргө жетүүгө:
а) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык-аппараттык комплексине;
б) видео байкоо системасына жана/же IP камерага жана/же IP-дарекке интернет жана/же субъекттин башка тармактары аркылуу туташууга;
в) субъект ишкердик ишин жүргүзгөн администрациялык, өндүрүштүк, кампа жана башка жайлардын аймагына;
2) субъекттин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык-аппараттык комплексинен күнүмдүк отчетун, түшүнүк каттарын, маалымкаттарын, маалыматтарын, алгачкы эсепке алуу документтерин (жана алардын көчүрмөлөрүн), финансылык отчетторун, чарба операцияларынын журналын, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө кагаз түрүндөгү ар күндүк отчетун алууга, жайларды сүрөткө жана видеого тартууга;
3) субъекттин ишкердик иши жүзөгө ашырылуучу администрациялык, өндүрүштүк, кампа жана башка жайларды мөөр басып жабууга (мөөрдү бузуп ачууга);
4) укук коргоо органдарына кайрылууга.
33. Салык кызматынын органынын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) субъекттин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык салыктык сырды сактоого;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
34. Мыйзамга жат аракеттери же аракетсиздиги, өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн салык кызматынын органынын кызматкерине Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жүктөлөт.
35. Салык постун орнотуу иштеринин жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар салык кызматынын органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 138-беренесине ылайык салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмесин аныктоо үчүн негиз болуп саналат.
36. Субъект же субъекттин жооптуу адамы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) салык кызматынын органынын кызматкеринен Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоону талап кылууга;
2) салыктык жашыруун сырды сактоону талап кылууга;
3) салык постунун натыйжалары жөнүндө маалымат алууга;
4) салык кызматынын органынын кызматкеринин чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык кызматынын органынын мыйзамсыз чечими, анын кызматкеринин мыйзамсыз иш-аракети же аракетсиздиги менен келтирилген чыгымдардын жана зыяндын ордун толтурууга;
6) салык кызматынын органынын кызматкеринен кызматтык күбөлүгүн, таанышуу үчүн жазма буйрукту көрсөтүүнү талап кылууга жана жазма буйруктун көчүрмөсүн алууга;
7) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга.
37. Субъект жана субъекттин жооптуу адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык кызматынын органынын кызматкери төмөнкүлөргө жетүүсүнө уруксат берүүгө:
а) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык-аппараттык комплексине;
б) видео байкоо системасына жана/же IP-камерага, жана/же IP-дарекке интернет жана/же субъектинин башка тармактары аркылуу туташууга;
в) салык постунун функциясын ишке ашыруу, жайларды, имараттарды, өндүрүш процесстерин жана даяр продукциянын сатылышын сүрөткө, видеого тартуу үчүн администрациялык, өндүрүштүк, кампа жана башка жайлардын аймагына;
2) субъекттин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык-аппараттык комплексинин күнүмдүк отчетун, түшүнүк каттарын, маалымкаттарын, маалыматтарын, алгачкы эсепке алуу документтерин (алардын көчүрмөлөрүн), финансылык отчетторун, чарба операцияларынын журналын, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө кагаз түрүндөгү ар күндүк отчетту берүүгө;
3) салык постун орнотууда салык кызматынын органына таандык видео байкоо жүргүзүүгө багытталган системанын бүтүндүгүн камсыз кылууга;
4) тиешелүү жай (жумуш орунду) бөлүп берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
38. Салык кызматынын органынын кызматкерин аймакка же администрациялык, өндүрүштүк, кампа жана башка жайларга, программалык-аппараттык комплекске кирүүсүнө мыйзамсыз тоскоолдук болгон же документтерди берүүдөн баш тарткан учурда субъектке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жүктөлөт, мында салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Тоскоолдук көрсөтүү протоколу таризделет.