Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна) |
Хронометраждык иликтөөнү жүргүзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414 жана 415-беренелеринин талаптарына ылайык иштелип чыкты жана хронометраждык иликтөөнү жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Хронометраждык иликтөө патенттин негизинде атайын салык режимин колдонуу үчүн зарыл болгон иштин айрым түрлөрү жана региондор боюнча орточо кирешелүүлүктү аныктоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ыйгарым укуктуу салык органында аккредиттелген тармактык бизнес- ассоциациянын өкүлдөрү менен бирдикте салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Хронометраждык иликтөөнү жүргүзүү шарттары жана тартиби
3. Хронометраждык иликтөө ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу кагаз же электрондук түрдө таризделген жазма буйруктун негизинде жүргүзүлөт.
Жазма буйрукка салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын колу коюлууга жана кагаз түрүндө таризделген учурда гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазма буйрук электрондук түрдө таризделген учурда, жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын электрондук колтамасы менен кол коюлат (ырасталат) жана ал кагаз түрүндө басылып чыгарылган учурда гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
4. Жазма буйрук төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- жазма буйруктун датасын жана номерин;
- жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышын;
- салык кызматынын органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнүн, кызматтык күбөлүгүнүн номерин;
- салык төлөөчүнүн аталышын жана идентификациялык салык номерин (мындан ары - ИСНин);
- хронометраждык иликтөөнү жүргүзүүнүн негизин;
- хронометраждык иликтөөнү жүргүзүү мөөнөттөрүн;
- жазма буйрукка кол койгон салык кызматынын органынын жетекчисинин аты-жөнүн.
5. Хронометраждык иликтөөнү жүргүзүүдө салык кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:
- жазма буйрук менен таанышуу жана арткы бетине аны менен таанышканы тууралуу кол коюу үчүн жазма буйруктун кагаз түрүндөгү түп нускасын жана кызматтык күбөлүгүн;
- жазма буйрук менен таанышуу жана аны менен таанышканы тууралуу графикалык кол коюу үчүн тиешелүү алып жүрүүчүдөгү электрондук түрдөгү жазма буйрукту. Өз ара макулдашуу боюнча кызматкер мессенджерлер аркылуу субъекттин электрондук дарегине таанышуу үчүн электрондук түрдөгү жазма буйрукту жөнөтө алат.
Субъект ыйгарым укуктуу салык органынын сайтындагы жазма буйрук бөлүмүндө жазма буйруктун номерин көрсөтүү же электрондук түрдөгү жазма буйрукта жайгаштырылган Q-кодду колдонуу менен жазма буйруктун аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
6. Салык кызматынын органынын кызмат адамы жазма буйрукту бергенден кийин салык төлөөчүнүн инспектордук текшерүү китебине жазып коюуга милдеттүү.
3-глава. Хронометраждык иликтөөнү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү
7. Хронометраждык иликтөө жылына бир жолудан ашык эмес, ал эми сезондуу мүнөздөгү иштин түрлөрү боюнча жылына үч жолудан ашык эмес жүргүзүлөт жана ар бир хронометраждык иликтөө 15 күндөн ашпашы керек.
8. Көрсөтүлгөн мөөнөткө эгерде текшерилүүчү салык төлөөчү дем алыш жана майрам күндөрү иш жүргүзсө, аталган күндөр да кошулат, ошондой эле хронометраждык иликтөө сутканын убактысына карабастан салык төлөөчүнүн иш режимине ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
4-глава. Хронометраждык иликтөөгө тийиш болгон салык салынуучу объекттер
9. Ишкердик жүргүзүүдө колдонулган мүлк объектиси жана/же предмети жана аймак, ошондой эле салык төлөөчү экономикалык ишти жүзөгө ашыруудан алган акчанын жана чыгымдардын иш жүзүндөгү суммасы хронометраждык иликтөөгө тийиш.
10. Хронометраждык иликтөөнүн жүрүшүндө салык кызматынын органы салык контролун жүргүзөт, мында төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:
- контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) каттоо жана колдонуу тартиби;
- ККМдин оң абалда болушу;
- сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди берүү;
- сатылуучу товарларга, аткарылуучу жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын же прейскуранттардын болушу;
- ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматтын болушу;
- ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерин сактоо;
- контролдук-кассалык чектердин төлөөгө берилүүчү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарынын документтерине ылайык келиши;
- патенттин негизинде салыкты төлөө фактысынын болушу;
- сатылуучу товарларга тиешелүү документтердин болушу.
Субъект товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарын пайдаланган учурда салык кызматынын органы ал каражаттардан алынган документтердин көрсөтмөсү менен контролдук-кассалык чектердин көрсөтмөсүн өчүрүп (Z-отчет) жана өчүрбөстөн (Х-отчет) алардын дал келүүсүнө салыштырат.
11. Хронометраждык иликтенүүгө тийиш болгон иштин түрү салык кызматынын органы тарабынан жүргүзүлгөн талдоолордун жана башка булактардан салык кызматынын органына келип түшкөн маалыматтардын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
5-глава. Хронометраждык иликтөөнүн жыйынтыктарын тариздөө
12. Хронометраждык иликтөөнү жүргүзүүдө салык кызматынын органынын кызмат адамы күн сайын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча хронометраждык текшерүүнүн актысын түзөт, анда иликтөөнүн жүрүшүндө алынган акчанын күнүмдүк көрсөткүчтөрүнүн толуктугу жана тактыгы көрсөтүлөт.
13. Хронометраждык иликтөө актысы (мындан ары - Акт) төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) хронометраждык иликтөөнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызматкеринин аты-жөнү;
2) салык төлөөчүнүн аты-жөнү жана ИСНи, ишкердиктин түрү;
3) хронометраж жүргүзүү күнү;
4) салык салуу объектисинин жайгашкан жерин;
5) хронометраждык иликтөө башталган жана аяктаган убакыт;
6) салык салуунун текшерилүүчү объектиси боюнча маалыматтарды;
7) текшерүүлөрдүн жыйынтыктары;
8) контролдук-кассалык машинадан алынуучу кассалык чектин күндүн башталышына жана акырына карата көрсөткүчтөрү;
9) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарынан документтердин күндүн башталышына жана акырына карата көрсөткүчтөрү;
10) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарынын көрсөткүчтөрү менен кассалык чекте көрсөтүлүп, түшкөн акчанын көрсөткүчтөрүнө ылайык келиши.
14. Акт эки нускада түзүлөт, салык кызматынын органынын кызмат адамы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ыйгарым укуктуу салык органында аккредиттелген тармактык бизнес-ассоциациясынын өкүлү кол коёт. Акттын экинчи нускасы салык төлөөчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат. Актыны алганда салык төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү Актынын мазмуну менен макул экендиги жана аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
15. Зарыл учурда Актыга документтердин, эсептөөлөрдүн көчүрмөлөрү жана хронометраждык иликтөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган, түзүлгөн Актка тиешеси бар башка документтер тиркелет.
16. Хронометраждык иликтөө аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча Хронометраждык иликтөөнүн жыйынды актысы түзүлөт, анда текшерүүнүн бардык күндөрүнүн көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт жана салык кызматынын органынын кызмат адамы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана тармактык бизнес-ассоциациясынын өкүлү милдеттүү түрдө кол коёт.
17. Хронометраждык иликтөөнүн жыйынды актысынын негизинде салык кызматынын органдары тарабынан патенттин негизинде атайын салык режиминде иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерине болжолдонуучу кирешенин суммасы иш жүзүндөгү алынган киреше жогору же төмөн болгон факты аныкталган учурларда патент үчүн акынын өлчүмүн көбөйтүү же азайтуу жагына кайра эсептөө жүргүзүлөт.
18. Хронометраждык иликтөөнүн натыйжасы иши текшерүүгө алынган конкреттүү адамдын салык милдеттенмесин өзгөртүүгө алып келбейт жана ишкердиктин конкреттүү түрү боюнча патенттин негизинде салыктын суммасын аныктоо үчүн гана колдонулат.