Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна) |
Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун ушул тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 127, 329-беренелерине, 13-главасына ылайык иштелип чыкты жана товардык-материалдык баалуулуктардын (мындан ары – ТМБ) калдыктарын алуу учурларын жана тартибин аныктайт, ошондой эле ТМБнын калдыктарын алуу боюнча салык кызматынын органдарынын ишин уюштуруунун бирдиктүү принцибин белгилейт.
ТМБ калдыктарын алуу субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткаруусун салыктык контролдоонун жүрүшүндө жүргүзүлгөн иш-чаралардын бири болуп саналат.
2. Ушул Тартиптин максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук – ТМБ калдыктарын алууну жүргүзүүгө укук берүүчү документ;
2) кызматкер – белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде ТМБ калдыктарын алууну жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект – уюштуруучулук-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм;
4) субъекттин жооптуу адамы – субъект менен эмгек мамилесинде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди (анын ичинде келишим боюнча) аткарган жеке жак;
5) ТМБ калдыктарын алуу актысы (мындан ары – ТМБ актысы) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ТМБ калдыктарын алуунун жыйынтыгы таризделген документ;
6) тоскоолдук көрсөтүү актысы – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген, кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлгөн документ.
3. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
– субъекттин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышын контролдоо жана көмөк көрсөтүү;
– эсепке алынбаган ТМБ аныктоо;
– КНСтин ашып кеткен суммасынын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн аныктоо.
4. ТМБга төмөнкү баалуулуктар кирет:
– андан ары кайра сатуу үчүн сакталуучу;
– андан ары кайра сатуу үчүн өндүрүш процессине өтүүчү;
– андан ары колдонулуучу запастар же материалдар формасында турган.
– контейнерде, алынуучу кузовдо, тарада (таңгакта), транспорттук пакетте, цистернада сакталган, ташуу үчүн кабыл алынган же ташылуучу.
5. ТМБнын калдыктарын алуу жапырт же тандап алуу методу менен жүргүзүлөт.
6. ТМБ калдыктарын тандоо менен алуу баасы кыйла кымбат турган товарлар, ошондой эле ишкердик объектинин жайгашкан жерине (соода түйүнү, күркө, павильон, дүкөн ж.б.), түрүнө жана сезонго жараша жалпы суроо-талап менен колдонулган товарлар боюнча төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) салык отчету жана КНС боюнча отчет нөлдүк көрсөткүчтөр менен берилгенде;
2) катары менен келген эки календардык айдын ичинде КНС боюнча салык отчету берилбегенде;
3) субъектте салык посту орнотулганда;
4) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды импорттоочу/экспорттоочу субъекттерди башкарууда;
5) салык кызматынын органы салыктарды жашыруу, эсепке алынбаган товардын көлөмү жана өлчөмү жөнүндө маалыматты алганда;
6) ЕАЭБ мүчө мамлекеттерге жана Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтеринин, анын ичинде эсеп-фактуралардын жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын (мындан ары – ЭТТК) жок болгон же ылайык келбеген фактылары аныкталганда.
7) салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоонун тобокелдик факторлорунун негизинде, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасында түзүлгөн тобокелдиктердин негизинде ТМБ калдыктарын алууга тийиш болгон субъекттердин тизмегин салык кызматынын органдары тарабынан аныктоо.
7. ТМБнын калдыктарын жапырт алуу ТМБнын калдыктарын алуу учурунда субъектте иш жүзүндө болгон товарлардын бардык позициялары боюнча төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) салыктык каттоосуз ишкердик ишти жүргүзгөндө;
2) патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъектти кошпогондо, уюм жоюлганына же жеке ишкер ишин токтотконуна байланыштуу салыктык жана/же эсепке алуу каттоосу жокко чыгарылганда;
3) КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө арыз боюнча КНСтин ашып кеткен суммасынын негиздүүлүгү жана өлчөмү текшерилгенде;
4) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтеринин, анын ичинде эсеп-фактураларынын жана ЭТТК жок болуу же ылайык келбөө фактылары аныкталганда;
5) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде;
6) салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоонун тобокелдик факторлорунун негизинде, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын тобокелдиктерди эсепке алуунун автоматташтырылган системасынын түзүлгөн тобокелдиктердин негизинде ТМБ калдыктарын алууга тийиш болгон субъекттердин тизмеги салык кызматынын органдары тарабынан аныкталганда.
8. ТМБ калдыктарын алуу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделген жазма буйруктун негизинде салык кызматынын органынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. Жазма буйруктун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Жазма буйрукка салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында электрондук колу коюлат (ырасталат). Зарыл болгон учурда жазма буйрукту кагаз жүзүндө басып чыгарууга мүмкүн, анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот.
9. Жазма буйрукта төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
– жазма буйруктун датасы жана номери;
– жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
– салык кызматынын органынын кызмат адамынын аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
– субъекттин аталышы жана идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН);
– ТМБнын калдыктарын алуу үчүн негизи;
– ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн мөөнөтү.
10. Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтү узартылган учурда жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын электрондук колтамгасы менен колу коюлат (ырасталат).
Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу ТМБнын калдыктарын толук алуу үчүн мөөнөт жетишсиз болгон учурда гана жүргүзүлөт.
11. ТМБнын калдыктарын алуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган рейддик салык контролун жүргүзүү тартибине ылайык рейддик салык контролун жүргүзүү учурунда жүзөгө ашырылат.
12. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн алдында субъектке же субъекттин жооптуу адамына төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– жазма буйрук менен таанышуу жана арткы бетине аны менен таанышуу жана кол коюу үчүн жазма буйруктун кагаз түрүндөгү түп нускасы жана кагаз же электрондук түрдөгү кызматтык күбөлүк;
– жазма буйрук менен таанышуу жана аны менен таанышуу жана графикалык кол коюу үчүн тиешелүү алып жүрүүчүдөгү электрондук түрдөгү жазма буйрук.
13. Субъект же субъекттин жооптуу адамы кызматкердин талабы боюнча кол коюлууга жана мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон бухгалтердик эсепке алуу документтерине ылайык ТМБнын калдыктарын алуу башталган датага карата ТМБнын калдыгынын бар экендиги жөнүндө маалыматты кагаз жүзүндө, ошондой эле электрондук форматта (товардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, сатып алуу жана сатуу наркы ж.б.) берүүгө милдеттүү.
ТМБ калдыктарын алуу учурунда субъект же субъекттин жооптуу адамы ТМБнын так санын камсыз кылууну аныктоо максатында ТМБ калдыктарын алуу жүргүзүлгөн жерде болууга жана кызматкерди коштоп жүрүүгө милдеттүү.
Кызматкерди ТМБ калдыктарын алуу жүргүзүлгөн жерлерде коштоп жүрүү үчүн жооптуу адам берилбеген учурда тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт.
14. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүгө жол бербеген жана/же ТМБнын калдыгынын бар экендиги жөнүндө суралган маалыматтарды берүүдөн субъект же субъекттин жооптуу адамы баш тарткан учурда кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кагаз же электрондук түрдө тоскоолдук көрсөтүү актысын түзөт, анда түзүлгөн дата жана орду, кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду, тоскоолдук ким тарабынан жана кантип көрсөтүлгөнү көрсөтүлөт. Кагаз түрүндөгү түзүлгөн тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коёт, ал эми электрондук түрдө таризделген учурда кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы графикалык колтамга менен кол коет. Мында субъект же субъекттин жооптуу адамынан түшүнүк кат алынат, анда тоскоолдук көрсөткөндүгүнүн себеби көрсөтүлүүгө тийиш, ал тоскоолдук көрсөтүү актысына тиркелет.
Кызматкер ТМБ калдыктарын алуу аяктаганга чейин жайга мөөр жана/же пломба коет.
15. Субъект же субъекттин жооптуу адамы тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана тоскоолдук көрсөтүү актысына тапшырылган датаны көрсөтүү менен “тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу жазылат.
16. ТМБнын калдыктарын алуунун жүрүшүндө кызматкер ТМБны накталай ар бир товардык позиция боюнча өзүнчө, аныкталган калдыктарды белгилөө менен субъекттин жана/же анын өкүлүнүн (мындан ары – субъект) болушу менен жана/же катышуусу менен текшерет, карап чыгат жана эсептейт.
17. ТМБнын калдыктарын алуу ар бир кампа, чыгдан, контейнер, курулма, соода аянты, чийки заттын жана/же даяр продукциянын жайлары, цехтер, участок, сыйымдуулук, цистерна, сактоочу жай, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктүн башка объекттери (мындан ары – объект) үчүн жүргүзүлөт. Ошондой эле ар бир объекттин ичинде – товардын ар бир түрү үчүн (баланстык эсеп, топтор жана номенклатуралык номерлер) жүргүзүлөт, анда товардын аталышы, өлчөө бирдиги, товардын саны, бирдик үчүн баасы жана бардык товардын суммасы аныкталат, алар ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ТМБнын калдыктарын алуу актысында көрсөтүлөт.
18. Мында кызматкер жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүнүн мезгилинде ТМБнын калдыктарын алуу актысын күн сайын түзүүгө милдеттүү. Кагаз түрүндө түзүлгөн учурда ТМБнын калдыктарын алуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жоопту адамы кол коёт, ал эми электрондук түрдө түзүлгөн учурда графикалык колтамга коюлат.
19. Эгерде субъект же субъекттин жоопту адамы жумуш күндүн аягында түзүлгөн күндөлүк ТМБнын калдыктарын алуу актысы менен макул болбосо, анда кызматкер субъекттин макул эместигинин себеби болуп саналган товардын конкреттүү түрү/номенклатурасы боюнча ТМБнын калдыктарын кайталап алууга (кайра эсептөөгө) жана актыга кол коюуну камсыздоого милдеттүү.
20. Андан ары түзүлгөн актылар ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча жыйынтык актысын түзүү үчүн ар бир объект боюнча топтоштурулат.
21. ТМБнын накталай калдыктарын так алууну камсыздоо үчүн ТМБнын калдыктарын алуу субъекттин иш режиминде жүргүзүлөт. Мында ТМБны кабыл алуу, берүү жана алып өтүү боюнча операциялар ТМБнын калдыктарын алуу жүргүзүү мөөнөтүнүн мезгилинде убактылуу токтотулууга тийиш.
22. Эгерде ТМБнын калдыктарын алуу төмөнкүлөрдү ишке ашырган субъектте жүргүзүлсө:
1) соода-сатып алуу ишин, анда ТМБнын калдыктарын алуу төмөнкүдөй ырааттуулук менен жүргүзүлөт:
– соода аянтынын прилавкасында (бар болсо) турган жана/же баштапкы сатууга тийиш ТМБ боюнча;
– ТМБны сактоо үчүн пайдаланылуучу кампада жана/же жайда турган жана андан ары сатылуучу ТМБ боюнча;
2) өндүрүштүк ишти, анда ТМБнын калдыктарын алуу төмөнкүдөй ырааттуулук менен жүргүзүлөт:
– даяр продукциянын мүлк объектинде турган ТМБ боюнча;
– даяр продукцияны даярдоо жана/же чыгаруу боюнча өндүрүштүк цехте/участокто турган ТМБ боюнча;
– андан ары өндүрүштө пайдаланууга тийиш болгон ТМБны сактоо/ташуу үчүн колдонулуучу мүлк объектинде турган ТМБ боюнча.
23. Кампада фабрикалык таңгактагы (тарадагы) ачылбаган түрдө турган ТМБ сандык текшерүүгө алынбайт, фабрикалык ярлыкта (трафарет боюнча) көрсөтүлгөн саны алардын иш жүзүндө болушу деп кабыл алынат. Фабрикалык ярлыгы жок болгон учурда бир таңгактын (таранын) ичиндеги ТМБнын санын аларды ачуу жолу менен аныктоо зарыл.
24. ТМБнын калдыктарын алууда аларды 100 пайыз таразага тартуу, өлчөө, кайра эсептөө, эсепке алуу жана накталай калдыктарды алуу учурунда системалуу контролду орнотуу жолу менен бардык ТМБнын толук жана жогорку сапатта камтылышына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Субъект Кыргыз Республикасынын аймагында болгон бардык кампалар жөнүндө маалыматтарды кол тамгасы жана мөөрү менен кагаз түрүндө берүүгө милдеттүү.
25. Эгерде субъект экономикалык ишти жүргүзүүдө бир нече объектти колдонсо, анда ТМБнын калдыктарын алууну ушул Тартиптин 16–24-пункттарында каралган иш-аракеттерди эске алуу менен бардык объекттер боюнча жүргүзүү зарыл.
26. Эгерде субъекттин объекттери бир райондун же шаардын (Бишкек шаарын кошпогондо) аймагынан тышкары жайгашса, анда ТМБнын калдыктарын алуу ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган ченемдерди эске алуу менен салык кызматынын органынын тийиштүү аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартуу менен пландалган жана макулдашылган түрдө жүргүзүлөт.
27. ТМБны эсепке алуудан жашыруу фактыларына жол бербөө, ошондой эле товардын иш жүзүндөгү санын аныктоодо жана белгилөөдө айкынсыздыкты болтурбоо максатында кызматкер ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттердин жасап, субъекттин ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүгө макулдугун алып, жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүнүн мезгилинде ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча объектти мөөр басып бекитүү/мөөрдү бузуп ачуу, пломбалоо/пломбасын бузуп ачуу актысын милдеттүү түзүү менен объектти мөөр басып бекитүүгө/пломбалоого укуктуу. Күн сайын жумуш күнү аяктаганда мөөр басып бекитүүнү/пломбалоону кийинки жумуш күнү башталганда мөөрдү бузуп ачуу менен жүргүзүүгө болот.
28. Мында ТМБнын калдыктарын алуунун жүрүшүндө объекттин иштешин камсыздоо жана субъекттин ишин токтотпоо максатында кызматкер субъект менен макулдашуу боюнча субъекттин ТМБны сатууга жана/же алып өтүүгө берүүсү үчүн берилген ТМБны милдеттүү түрдө белгилөө жана эсепке алуу аркылуу объекттерди кийин мөөр басып бекитүү/пломбалоо менен мөөрдү бузуп ачууну жүргүзөт.
29. Эгерде субъект же субъекттин жооптуу адамы ТМБнын калдыктарын алууну аяктаган учурда:
1) түзүлгөн жыйынтыктоочу акт менен макул болсо, анда кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы жыйынтыктоочу актыга кол койгондон объектти ачууга милдеттүү;
2) түзүлгөн жыйынтыктоочу акт менен макул болбосо, анда ага кол коюудан баш тартуу жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат жана субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан баш тартуунун себеби жөнүндө түшүнүк кат алынат жана жыйынтыктоочу актыга тиркелет.
30. ТМБнын калдыктарын алуунун жүрүшүндө кызматкер фотовидео тартууга, ТМБга тиешеси бар документтердин көчүрмөсүн алууга укуктуу.
31. Акт жана ага тиркелген материалдар кагаз түрүндө, ошондой эле тиешелүү алып жүрүүчүдө электрондук түрдө да таризделиши мүмкүн. Кагаз түрүндө таризделген актыга кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коёт, акты электрондук түрдө таризделген учурда кызматкер субъект же субъекттин жооптуу адамы менен графикалык колтамганы колдонот. Мында субъект же субъекттин жооптуу адамы актыга өз колу менен кол коюп, милдеттүү түрдө төмөнкүдөй мазмундагы текст баяндалган эскертүү менен таанышууга милдеттүү:
“Ушул актыда аталган бардык баалуулуктар менин жеке катышуум менен накталай түрдө текшерилди, буга байланыштуу актыга жана кызматкерге карата дооматым жок.
Ушул актыда саналып өткөн баалуулуктар менин жооптуу сактоомдо турат”.
32. Акт менен макул болбогон учурда субъект же субъекттин жооптуу адамы актыда өзүнүн макул эместигин милдеттүү түрдө баяндайт.
33. Кагаз жүзүндө таризделген учурда актынын экинчи нускасы (көчүрмөсү) бардык тиркемелердин көчүрмөлөрү менен субъектке же субъекттин жооптуу адамына кол койдуруу аркылуу берилет. Эгерде субъект же субъекттин жооптуу адамы актыга кол коюудан жана кол коюу менен алуудан баш тартса, анда кызматкер субъектке же субъекттин жооптуу адамына кызматкердин талабын аткарууга милдеттүү экендиги жана аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчиликти субъект же субъекттин жооптуу адамы жеке өзү тарта турганын түшүндүрүүгө тийиш. Эгерде бул учурда да кол коюудан баш тартылса, анда актыга “кол коюудан баш тартты, актынын экинчи нускасы тапшырылды” деген жазуу жазылып, датасы жана кызматкердин колу коюлат.
34. Электрондук түрдө таризделген учурда акт бардык тиркемелери менен субъекттин жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт. Эгерде субъект актыга графикалык колтамга менен кол коюудан жана кол коюу менен алуудан баш тартса, анда кызматкер субъектке ал кызматкердин талабын аткарууга милдеттүү экендигин жана аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчиликти субъекттин жеке өзү тарта турганын түшүндүрүүгө тийиш. Эгерде бул учурда да кол коюудан баш тартылса, анда электрондук актыга “кол коюудан баш тартты” деген жазуу жазылат, сүрөтвидеого тартуу жүргүзүлөт жана материалдар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтар базасына, субъекттин жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт.
35. ТМБнын калдыгынын белгиленген иш жүзүндөгү көрсөткүчү ТМБнын калдыгынын бар экендиги жөнүндө маалыматта көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен салыштырылат жана анын жыйынтыгы ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча жыйынтыктоочу актыда чагылдырылат.
36. Иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдү эсептик көрсөткүчтөр менен салыштырууда четтетүүлөр белгиленген учурда аныкталган ылайык келбөө фактысы боюнча милдеттүү түрдө түшүнүк кат алынып, актыга тиркелет.
37. ТМБнын калдыктарын алуунун жыйынтыгы салык кызматынын органы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын алкагында салыктык башкарууну жүргүзүүдө колдонулат.