Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

5-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна)

Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартиби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Ушул Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 127, 329-беренелерине жана 13-главасына ылайык иштелип чыкты жана товардык-материалдык баалуулуктардын (мындан ары - ТМБ) калдыктарын алуу учурларын жана тартибин аныктайт, ошондой эле ТМБнын калдыктарын алуу боюнча салык кызматынын органдарынын ишин уюштуруунун бирдиктүү принцибин белгилейт.

Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткаруусун салыктык контролдоонун жүрүшүндө жүргүзүлгөн иш-чаралардын бири болуп саналат.

2. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн максаты төмөнкүлөр болуп эсептелет:

- салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышын контролдоо жана көмөк көрсөтүү;

- эсепке алынбаган ТМБ табуу;

- КНСтин ашып кеткен суммасынын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн аныктоо.

3. ТМБга төмөнкү баалуулуктар кирет:

- андан ары кайра сатуу үчүн сакталуучу;

- андан ары кайра сатуу үчүн өндүрүш процессине өтүүчү;

- кийин колдонулуучу запастар же материалдар формасында турган.

- контейнерде, алынуучу кузовдо, тарада (таңгакта) транспорттук пакетте, цистернада сакталган, ташуу үчүн арналган же ташылуучу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)

4. ТМБнын калдыктарын алуу жапырт же тандап алуу методу менен жүргүзүлөт.

5. ТМБнын калдыктарын тандалма алуу баасы кыйла кымбат турган товарлар, ошондой эле ишкердик объектисинин жайгашкан жерине (соода түйүнү, киоск, павильон, дүкөн ж.б.), түрүнө жана мезгилине жараша жалпы суроо-талапка ээ болгон товарлар боюнча төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) салык отчетун жана КНС боюнча отчетту нөлдүк көрсөткүчтөр менен берүү;

2) катары менен келген эки календардык айдын ичинде КНС боюнча салык отчетун бербөө;

3) салык төлөөчүдө салык постун коюу;

4) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды импорттоочу/экспорттоочу салык төлөөчүлөрдү башкаруу;

5) салык кызматынын органы салыктарды жашыруу, эсепке алынбаган товардын көлөмү жана өлчөмү жөнүндө маалыматты алганда.

6. ТМБнын калдыктарын жапырт алуу ТМБнын калдыктарын алуу учурунда салык төлөөчүдө иш жүзүндө болгон товарлардын бардык позициялары боюнча төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) салыктык каттоосуз ишкердик жүргүзүү;

2) патенттин негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүнү кошпогондо, уюм жоюлганына же жеке ишкер ишин токтотконуна байланыштуу салыктык жана/же эсепке алуу каттоосун жокко чыгаруу;

3) КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө арыз боюнча КНСтин ашып кеткен суммасынын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн текшерүү.

4) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтеринин, анын ичинде эсеп-фактуралардын жоктугу же дал келбестик фактыларын белгилөө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)

7. ТМБнын калдыктарын алуу салык кызматынын органынын үч адамдан кем эмес сандагы кызмат адамдары тарабынан жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу кагаз же электрондук түрдө таризделген ТМБнын калдыктарын алуу укугуна жазма буйруктун негизинде жүргүзүлөт. ТМБнын калдыктарын алуу укугуна жазма буйруктун формасы (мындан ары - жазма буйрук) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

Жазма буйрукка салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын колу коюлууга жана кагаз түрүндө таризделген учурда гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазма буйрук электрондук түрдө таризделген учурда, жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын электрондук колтамгасы менен кол коюлат (ырасталат) жана ал кагаз түрүндө басылып чыгарылган учурда гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

8. Жазма буйрукта төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:

- жазма буйруктун датасы жана номери;

- жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;

- салык кызматынын органынын кызмат адамынын аты-жөнү, кызматтык күбөлүгүнүн номери;

- салык төлөөчүнүн аталышы жана идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСНин);

- ТМБнын калдыктарын алуунун негизи;

- ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн мөөнөтү.

9. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүү мөөнөтүн узартуу учурунда жазма буйрукта колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча көрсөтүлөт, салык кызматынын органынын жетекчиси же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адам кайра кол коёт жана кагаз түрүндө таризделген учурда гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Электрондук түрдөгү жазма буйруктун колдонуу мөөнөтү узартылган учурда жазма буйрукта колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө көрсөтүлөт жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын электрондук колтамгасы менен кол коюлат (ырасталат).

Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу ТМБнын калдыктарын толук алуу үчүн мөөнөт жетишсиз болгон учурда гана жүргүзүлөт.

10. ТМБнын калдыктарын алуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган рейддик салык контролун жүргүзүү тартибине ылайык рейддик салык контролун жүргүзүү учурунда жүзөгө ашырылат.

11. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн алдында салык төлөөчүгө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- жазма буйрук менен таанышуу жана арткы бетине аны менен таанышканы тууралуу кол коюу үчүн жазма буйруктун кагаз түрүндөгү түп нускасын жана кызматтык күбөлүгүн;

- жазма буйрук менен таанышуу жана аны менен таанышканы тууралуу графикалык кол коюу үчүн тиешелүү алып жүрүүчүдөгү электрондук түрдөгү жазма буйрукту.

Салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын сайтындагы жазма буйрук бөлүмүндө жазма буйруктун номерин көрсөтүү же электрондук түрдөгү жазма буйрукта жайгаштырылган Q-кодду колдонуу менен жазма буйруктун аныктыгын текшерүүгө укуктуу.

12. Салык төлөөчү салык кызматынын органынын кызмат адамынын (мындан ары - кызматкер) талабы боюнча салык төлөөчүнүн кол коюлууга жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон бухгалтердик эсепке алуу документтерине ылайык ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүү башталган датага карата ТМБнын калдыгынын бар экендиги жөнүндө маалыматты кагаз түрүндө берүүгө милдеттүү.

13. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүгө жол бербеген жана/же ТМБнын калдыгынын бар экендиги жөнүндө суралган маалыматтарды берүүдөн баш тарткан учурда, кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кагаз же электрондук түрдө тоскоолдук көрсөтүү протоколун түзөт, анда түзүлгөн дата жана жер, кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду, тоскоолдук ким тарабынан жана кантип көрсөтүлгөнү көрсөтүлөт. Кагаз түрүндөгү түзүлгөн тоскоолдук көрсөтүү протоколуна кызматкер жана салык төлөөчү кол коёт, ал эми электрондук түрдө таризделген учурда кызматкер жана салык төлөөчү графикалык колтамга менен кол коюшат. Мында салык төлөөчүдөн түшүнүк алынат, анда эмне себептен тоскоолдук көрсөткөндүгүнүн себеби көрсөтүлөт, ал тоскоолдук көрсөтүү протоколуна тиркелет.

14. Салык төлөөчү кол коюудан жана/же түшүнүк берүүдөн баш тарткан учурда, кызматкер 2ден кем эмес күбөлөрдү чакырып, аларга тоскоолдук көрсөтүү себебин түшүндүрөт жана алар тоскоолдук көрсөтүү протоколуна кол коюшат.

15. ТМБнын калдыктарын алуунун жүрүшүндө кызматкер ТМБны накталай ар бир товардык позиция боюнча өзүнчө, аныкталган калдыктарды белгилөө менен салык төлөөчүнүн жана/же анын өкүлүнүн (мындан ары - салык төлөөчү) катышуусунда жана/же катышуусу менен текшерет, карап чыгат жана эсептейт.

16. ТМБнын калдыктарын алуу ар бир кампа, чыгдан, контейнер, курулма, соода аянты, чийки заттын жана/же даяр продукциянын жайлары, цехтер, участок, сыйымдуулук, цистерна, сактоочу жай, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктүн башка объекттери (мындан ары - объект) боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле ар бир объекттин ичинде - товардын ар бир түрү боюнча (баланстык эсеп, топтор жана номенклатуралык номерлер) жүргүзүлөт, анда товардын аталышы, өлчөө бирдиги, товардын саны, бирдик үчүн баасы жана бардык товардын суммасы аныкталат, алар ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ТМБнын калдыктарын алуу актысында (мындан ары - Акт) көрсөтүлөт.

17. Мында кызматкер жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүнүн мезгилинде Актыны күн сайын түзүүгө милдеттүү. Кагаз түрүндө түзүлгөн учурда Актыга кызматкер жана салык төлөөчү кол коёт, ал эми электрондук түрдө түзүлгөн учурда кызматкер жана салык төлөөчү графикалык колтамга менен кол коёт.

18. Эгерде салык төлөөчү жумуш күндүн аягында түзүлгөн күндөлүк Акт менен макул болбосо, анда кызматкер салык төлөөчүнүн макул эместигинин себеби болуп саналган товардын конкреттүү түрү/номенклатурасы боюнча ТМБнын калдыктарын кайталап алууга (кайра эсептөөгө) жана Актыга кол коюуну камсыздоого милдеттүү.

19. Андан ары түзүлгөн Актылар ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча жыйынтык Актын түзүү үчүн ар бир мүлк объектиси боюнча топтоштурулат.

20. ТМБнын накталай калдыктарын так алууну камсыздоо үчүн ТМБнын калдыктарын алуу салык төлөөчүнүн иш режиминде жүргүзүлөт. Мында ТМБны кабыл алуу, берүү жана которуу боюнча операциялар ТМБнын калдыктарын алуу мөөнөтүнүн мезгилинде убактылуу токтотулууга тийиш.

21. Эгерде ТМБнын калдыктарын алуу төмөнкүлөрдү ишке ашырган субъектте жүргүзүлсө:

- соода-сатып алуу ишин, анда ТМБнын калдыктарын алуу төмөнкүдөй ырааттуулук менен жүргүзүлөт:

1) соода аянтынын прилавкасында (болсо) турган жана/же баштапкы сатууга тийиш ТМБ боюнча;

2) ТМБны сактоо үчүн пайдаланылуучу жайда жана/же кампада турган жана андан ары сатылуучу ТМБ боюнча;

- өндүрүштүк ишти, анда ТМБнын калдыктарын алуу төмөнкүдөй ырааттуулук менен жүргүзүлөт:

1) даяр продукциянын мүлк объектисинде турган ТМБ боюнча;

2) даяр продукцияны даярдоо жана/же чыгаруу боюнча өндүрүштүк цехте/участокто турган ТМБ боюнча;

3) андан ары өндүрүштө пайдаланууга тийиш ТМБны сактоо жана/же ташуу үчүн колдонулуучу мүлк объектисинде турган ТМБ боюнча.

22. Кампада фабрикалык таңгактагы (тарадагы) ачылбаган түрдө турган ТМБ сандык текшерүүгө алынбайт, фабрикалык этикеткада (трафарет боюнча) көрсөтүлгөн саны алардын иш жүзүндө болушу деп кабыл алынат. Фабрикалык этикеткасы жок болгон учурда бир таңгактын (таранын) ичиндеги ТМБнын санын аларды ачуу жолу менен аныктоо зарыл.

23. ТМБнын бардык калдыктарын алууда аларды 100 пайыз таразага тартуу, өлчөө, кайра эсептөө, эсепке алуу жана накталай калдыктарды алуу учурунда системалуу контролду орнотуу жолу менен бардык ТМБнын толук жана жогорку сапатта камтылышына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

24. Эгерде салык төлөөчү экономикалык ишти жүргүзүүдө бир нече объектти колдонсо, анда ТМБнын калдыктарын алууну ушул Тартиптин 15-23-пункттарында каралган иш-аракеттерди эске алуу менен бардык объекттер боюнча бир убакта жүргүзүү зарыл.

25. Эгерде салык төлөөчүнүн объектилери бир райондун же шаардын (Бишкек шаарын кошпогондо) аймагынан тышкары жайгашкан учурда, анда ТМБнын калдыктарын алуу ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган ченемдерди эске алуу менен салык кызматынын органынын тийиштүү аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартуу менен пландалган жана макулдашылган түрдө жүргүзүлөт.

26. ТМБны эсепке алуудан жашыруу фактыларына жол бербөө, ошондой эле товардын иш жүзүндөгү санын аныктоодо жана белгилөөдө ачык-айкындыксыздыкты болтурбоо максатында кызматкер ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттердин жасап, салык төлөөчүнүн ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүгө макулдугун алып, жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүнүн мезгилинде ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча объектти мөөр басып бекитүү/мөөрдү бузуп ачуу актысын милдеттүү түзүү менен объектти мөөр басып бекитүүгө укуктуу. Күн сайын жумуш күнү аяктаганда мөөр басып бекитүү, кийинки жумуш күнү башталганда мөөрдү бузуп ачуу менен объектти мөөр басып бекитүүгө болот.

27. Мында ТМБнын калдыктарын алуунун жүрүшүндө объекттин иштешин камсыздоо жана салык төлөөчүнүн ишин токтотпоо максатында кызматкер салык төлөөчүнүн талабы боюнча салык төлөөчүнүн ТМБны сатууга жана/же ташууга берүүсү үчүн берилген ТМБны милдеттүү түрдө белгилөө жана эсепке алуу аркылуу объекттерди кийин кайра мөөр басып бекитүү менен мөөрдү бузуп ачууга милдеттүү.

28. Эгерде салык төлөөчү ТМБнын калдыктарын алуунун аякташы менен:

1) түзүлгөн жыйынтыктоочу Акт менен макул болсо, анда кызматкер салык төлөөчү жыйынтыктоочу Актыга кол койгондон кийин мөөр басып бекитилген объектти ачууга милдеттүү;

2) түзүлгөн жыйынтыктоочу Акт менен макул болсо, анда ага кол коюудан баш тартуу жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат жана салык төлөөчүдөн баш тартуунун себеби жөнүндө милдеттүү түрдө түшүнүк алынат жана жыйынтык Актыга тиркелет.

29. ТМБнын калдыктарын алуунун жүрүшүндө кызматкер фото жана видео жазуу жүргүзүүгө, ТМБга тиешеси бар документтердин көчүрмөсүн алууга укуктуу.

30. Акт жана ага тиркелген материалдар кагаз түрүндө, ошондой эле тиешелүү алып жүрүүчүдө электрондук түрдө да таризделиши мүмкүн. Кагаз түрүндө таризделген Актыга кызматкер жана салык төлөөчү кол коёт, акты электрондук түрдө таризделген учурда кызматкер менен салык төлөөчү графикалык колтамганы колдонушат. Мында салык төлөөчү Актыга өз колу менен кол коюп жатып, милдеттүү түрдө төмөнкүдөй мазмундагы текст баяндалган эскертүү менен таанышууга милдеттүү:

"Ушул актыда аталган бардык баалуулуктар менин жеке катышуум менен накталай түрдө текшерилди, мындан улам актыга жана кызматкерге карата дооматым жок.

Ушул актыда саналып өткөн баалуулуктар менин жоопкерчиликтүү сактоомдо турат".

31. Акт менен макул болбогон учурда салык төлөөчү Актыда өзүнүн макул эместигин милдеттүү түрдө баяндайт.

32. Кагаз түрүндө таризделген учурда Актынын экинчи нускасы (көчүрмөсү) тиркемелердин бардык көчүрмөлөрү менен салык төлөөчүгө кол койдуруу аркылуу берилет. Эгерде салык төлөөчү актыга кол коюудан жана кол коюу менен алуудан баш тартса, анда кызматкер салык төлөөчүгө кызматкердин талабын аткарууга милдеттүү экендиги жана аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчиликти салык төлөөчүнүн жеке өзү тарта турганын түшүндүрүүгө тийиш. Эгерде бул учурда да кол коюудан баш тартылса, анда Актыга - "кол коюудан баш тартты, Актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу жазылып, дата жана кызматкердин колу коюлат.

33. Электрондук түрдө таризделген учурда электрондук Акт бардык тиркемелери менен салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же салык төлөөчүнүн мессенджерине жөнөтүлөт. Эгерде салык төлөөчү Актыга графикалык колтамга менен кол коюудан жана кол коюу менен алуудан баш тартса, анда кызматкер салык төлөөчүгө ал кызматкердин талабын аткарууга милдеттүү экендигин жана аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчиликти салык төлөөчүнүн жеке өзү тарта турганын түшүндүрүүгө тийиш. Эгерде бул учурда да кол коюудан баш тартылса, анда электрондук Актыга - "кол коюудан баш тартты" деген жазуу жазылат, сүрөткө жана видеого тартуу жүргүзүлөт жана материалдар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтар базасына, салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же салык төлөөчүнүн мессенджерине жөнөтүлөт.

34. ТМБнын калдыгынын белгиленген иш жүзүндөгү көрсөткүчү ТМБнын калдыгынын бар экендиги жөнүндө маалыматта көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен салыштырылат жана анын жыйынтыгы ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча жыйынтыктоочу Aктыда чагылдырылат.

35. Салык төлөөчүдө эсепке алынган көрсөткүчтөр менен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдү салыштырууда четтөөлөр аныкталган учурда аныкталган дал келбөө фактысы боюнча милдеттүү түрдө түшүнүк алынып, Актыга тиркелет.

36. ТМБнын калдыктарын алуунун жыйынтыгы салык кызматынын органы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын алкагында салыктык башкарууну жүргүзүүдө колдонулат.