Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-марты № 139
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 токтомунун редакциясына ылайык)
Консулдук иш маселелери боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Документтерди мыйзамдаштырууну жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары мыйзамдаштырылууга тийиш болгон документтердин мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.";
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- ушул Жобонун 28-пунктуна ылайык суроо-талаптарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында мыйзамдаштыруу жол-жобосун жүргүзүүгө бөгөт болгон жагдайлар белгилүү болгон учурда;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 11-ноябрындагы № 725 "Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук уставда:
- 39-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Консул легалдаштырылууга тийиш болгон документтердин мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускамада:
- 33-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Жалпы жарандык паспорттогу консулдук эсепке алуу жөнүндө мастикалуу штамптын үлгүсү
Консулдук эсепке алынган Осуществлена постановка на консульский учет ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________
20__-ж. (г.) "___" __________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын колу: Подпись уполномоченного лица: ________________________________________________
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин гербдүү мөөрү жок жараксыз
Без гербовой печати заграничных учреждений Кыргызской Республики недействителен |
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Жалпы жарандык паспорттогу консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө мастикалуу штамптын үлгүсү
Консулдук эсептен чыгарылды Снят с консульского учета ________________________________________________________________ ________________________________________________________________
20__-ж. (г.) "___" __________________________ Ыйгарым укуктуу адамдын колу: ___________________________________________ Подпись уполномоченного лица: ___________________________________________
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин гербдүү мөөрү жок жараксыз
Без гербовой печати Департамента консульской службы Министерства иностранных дел Кыргызской Республики или заграничных учреждений Кыргызской Республики недействителен |