Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-марты № 151
"Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14 жана 18-беренелерине, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Өзгон" мамлскеггик тарыхый-маданий музей-коругу мексмеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июлундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставында:
- 3.2-пунктундагы жыйырма сегизинчи абзац күчүн жоготгу деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штатгарын бектүү жөнундө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин зскертүүсү төмөнкүдой мазмундагы 8'-пункт менен толукталсын:
"8'."Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун штаттык саны 19 штаттык бирдик чегинде белгиленет.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. ''Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият. маалымат. спорт жана жаштар саясаты министрлигине республикалык бюджетте тиешелүү финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият. маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
- "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун уставын иштеп чыксын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- юстиция органдарында мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы жана Өзгөн шаарынын мэриясы менен биргеликте, Өзгөн шаарындагы археологиялык эстеликтер болуп эсептелген 3,5 га коргоо зонасы менен уч мавзолей, мунара жана үч шахристан жайгашкан жер участокторун "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү менен сактоо. калыбына келтирүү жана музейлештирүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
8. Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |
Тиркеме
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы
Коллегия | Борбордук аппарат | Кыргыз Республикасынын полиэтностук райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер,маселелери боюнча коомдук кабылдамалар
|
Дене тарбия жана спорт департаменти
| Кинематография департаменти
| Туризм департаменти
| Аймактык бөлүмдер
|
Маданият чөйрөсүндөгү ведомстволук мекемелер: театрлар. филармониялар. Кыргыз мамлекеттик цирки, китепканалар. музейлер, маданият үйлөрү. клубдар, К. Жакыпов атындагы парк, тарых жана маданият эстеликтери, Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекция,"Кыргызреставрация" илим изилдөө долбоорлоо институту, Ош шаарындагы адистештирилген калыбына келтирүү өндүрүш башкармалыгы, Мамлекеттик китеп палатасы, Улуттук маданий борбор, Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча ''Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасы,Курманжан Датка атьндагы Көчмөн цивилизациясынын борбору. "Ата-Бейит" улуттук мемориалдык-тарыхый комплекси, Кыргыз улугтук "Манас ордо'" комплекси. Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры, "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу
| Маалымат чөйрөсүндөгү ведомстволук мекемелер: Баткен облустук медиаборбор, Жалал-Абад облустук медиаборбор,Талас облустук медиаборбор. Ысык-Көл облустук медиаборбор,Нарын облустук медиаборбор, Чүй облустук медиаборбор, "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы (Ош ш.). "Байчечекей" балдар журналынын редакциясы, "Жеткинчек" гезитинин редакциясы, "Кырчын" журналынын редакциясы
| Окуу жайлар: жогорку окуу жайлар, орто атайын жана кесиптик окуу жайлар, балдардын музыкалык мектептери, балдардын көркөм мектептери, балдардын искусство мектептери, квалификацияны жогорулатуу факультеттери, маданияттын ведомстволук мекемелеринин алдындагы музыкалык жана театрдык студиялар, мектепке чейинки мекемелер
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат. спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-марты № 151
"Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 30-октябрындагы № 709 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14 жана 18-беренелерине, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Өзгон" мамлскеггик тарыхый-маданий музей-коругу мексмеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июлундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставында:
- 3.2-пунктундагы жыйырма сегизинчи абзац күчүн жоготгу деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штатгарын бектүү жөнундө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин зскертүүсү төмөнкүдой мазмундагы 8'-пункт менен толукталсын:
"8'."Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун штаттык саны 19 штаттык бирдик чегинде белгиленет.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. ''Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият. маалымат. спорт жана жаштар саясаты министрлигине республикалык бюджетте тиешелүү финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият. маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
- "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун уставын иштеп чыксын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- юстиция органдарында мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы жана Өзгөн шаарынын мэриясы менен биргеликте:
Өзгөн шаарында жайгашкан археологиялык эстеликтерди, анын ичинде үч мавзолейди, мунараны жана биринчи шахристанды (Саид Бурханиддин Кылыч мазарын), ошондой эле аянты 3,5 га коргоо зонасын “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү жолу менен бул объекттерди сактоо, реставрациялоо жана музейлештирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын;
археологиялык эстелик – экинчи шахристан (Н. Азнабакиев атындагы парк) жайгашкан, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан аянты 0,12 га жер тилкесин “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |