Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-марты № 124
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтерди берүү тартибин иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
-"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | ||
Ветеринардык кызмат | ||
1 | Ветеринардык күбөлүк | Ташкент шаарында 1998-жылдын 22-октябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин Ветеринария жаатындагы кызматташуусу боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин чечими |
2 | Ветеринардык сертификат | Эл аралык ветеринардык кодекс, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
Балык чарба департаменти | ||
1 | Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө жана башка балык чарба көлмөлөрүндө балык уулоого балык уулоочулук билет | "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти | ||
1 | Мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келүүчү сорттуу үрөндөрдү үрөндөрдүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлөндүрүү (шайкештик сертификаты) (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалынын себүү сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча республиканын ичинде берилет). Экспорттолуучу үрөндөрдүн продукциясына берилүүчү Эл аралык Кызгылт-сары сертификат (OISLS) (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалынын себүү сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча берилет) | "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | ||
1 | Пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
2 | Карантиндик фитосанитардык контролдоо актысы | "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролдоону ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо |
Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаменти | ||
1 | Ветеринардык дары каражаттарын, тоют кошулмаларын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк | "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
-"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" бөлүмү күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |