Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-марты № 145
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумуштуулугун, ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы", 2 жана 3-чакан программалары боюнча финансылык макулдашууларга ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 23-4-тиркемесине эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү:
1) ушул тиркеменин 1-4-позицияларында каралган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнү каржылоо 2022-жылдын 31-декабрына чейин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өстүрүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт;
2) ушул тиркеменин 5-12-позицияларында каралган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнү каржылоо 2022-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2023-жылдын 1-январынан тартып кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнү каржылоо атайын эсептин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бекитилген каражаттардын чегинде жана Азия өнүктүрүү банкынын "Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы", 2 жана 3-чакан программалары боюнча иш-аракеттер саясаты матрицасынын шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишин каржылоону жүзөгө ашырсын.
3. Бул токтомду аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |