Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-сентябры № 173
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү объектилеринде инфекциялык оорулардын жана тамак-аштан массалык уулануулардын алдын алуу, тамак-аш коопсуздугун жана эпизоотиялык саламаттыкты камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пунктчалар менен толукталсын:
"11) Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо маселелери боюнча;
12) тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү объекттеринде тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо маселелери боюнча.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 15-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |