Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-апрели №189
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779 , 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 , 16 января 2026 года № 9 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-6еренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү, төртүнчү, жетинчи абзацтары. 2, 3, 6-тиркемелери;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 "Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун алтымыш биринчи, алтымыш экинчи, жетимиш экинчи - сексен биринчи абзацтары жана 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө токтомунун тиркемесикин 3-пунктунун 3-пунктчасы;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11 -октябрындагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 3-пунктунун 2, 5-пунктчалары.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
| А.У. Жапаров |
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779, 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 , 16 января 2026 года № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары - административдик кызмат орундарынын топтору) типтүү квалификациялык талаптар “Мамалкекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет.
3. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча штаттык расписаниесинде каралган ар бир административдик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды ушул типтүү квалификациялык талаптардын негизинде бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функцияларын же болбосо кызмат ордунун функциялык милдеттерин өзгөртүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Типтүү квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт.
7. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
1) кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек;
2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына;
3) кесиптик компетенцияларга:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө;
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча);
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуусу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779, 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат.
Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү документ менен ырасталат.
Учурдагы жылда жогорку (орто кесиптик) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнча бааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуу жайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгө уруксат берилет.
Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чейрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
9. Административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдо көрсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет.
Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана/ же орто билими жөнүндө дипломдо корсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет.
Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку жана/же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана/же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана/же иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат.
10. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
11. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун
функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт.
2. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар
12. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары жана административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.
13. Жогорку топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына жана административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 7 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
менеджменттин негиздерин;
адам ресурстарын башкаруу жаатында;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;
чет тилди (билгени абзел);
- билгичтиги:
ишти стратегиялык пландоо жана келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
кураторлук кылуучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызматкерлердин алдына так түзүлгөн милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;
жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар ортосунда заманбап баарлашуу методдорун колдонуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- көндүмдөрү:
башкаруучулук менеджмент;
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
башкаруучулук иш (пландоо, уюштуруу, координациялоо, жүйөлөштүрүү жана контролдоо);
эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо, келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун, талдоонун жана болжолдоонун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу;
иштиктүү баарлашуунун, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) дайындалуучу айрым административдик кызмат орундары үчүн кошумча квалификациялык талаптар тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан иштелип чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 , 16 января 2026 года № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Башкы топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
адам ресурстарын башкаруу жаатында;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;
- билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 , 16 января 2026 года № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 , 16 января 2026 года № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн - атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку билим;
- муниципалдык кызматчылар үчүн - атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку же орто кесиптик билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талаптарды койбостон;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;
- билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 , 16 января 2026 года № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)