Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 08-апрели № 207
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук форматта документ жүгүртүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү мамлекеттик системасындагы электрондук документтер менен иштөөнүн тартибин регламенттөө максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер:
- иш кагаздарын Типтүү нускамага ылайык жүргүзүшсүн;
- электрондук форматта ведомстволор аралык документ жүгүртүүнү Типтүү нускамага жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүргүзүшсүн, колдонуу мүмкүндүгү чектелген грифи бар документтерди жүгүртүүдөн тышкары;
- мекеменин түзүмүндө мекеменин архивине жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтуу менен иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүмдү штаттык санынын чегинде карашсын.
Ушул пункттун үчүнчү абзацын колдонуу улуттук коопсуздук, коргоо иштери, ыкчам-издөө иши, финансылык чалгындоо, коомдук тартипти камсыздоо, адамдын жана коомдун коопсуздугу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жайылтылбайт, алар электрондук форматта ведомстволор аралык документ жүгүртүүнү ведомстволук актыларга ылайык ишке ашырат.";
2) 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5, 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуучулардын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы менен аларды макулдашууга милдеттүүлүгү;
- мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык электрондук документ жүгүртүү системаларын иштеп чыгууда (же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө) иштеп чыгуучулардын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы менен аларды макулдашууга милдеттүүлүгү.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы менен макулдашылган иш кагаздарды жүргүзүү боюнча колдонмолорду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасында каттоону камсыз кылсын.";
4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада:
- 3-пунктундагы "электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү системасынын (мындан ары - ЭДБС)" деген сөздөр "электрондук документ жүгүртүү системасынын (мындан ары - ЭДС)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 36-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Убактылуу сактоо мөөнөтүндөгү документтер электрондук түрдө гана түзүлүшү мүмкүн.";
- 37-пунктундагы "ЭДЖБС" деген аббревиатура "ЭДС" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-глава. ЭДСте электрондук документтер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү
1-§. Кириш электрондук документтерди каттоо тартиби жана алардын аткарылышын уюштуруу
80. Электрондук документтер ЭДСте түзүлөт, иштелип чыгат жана сакталат. Эсепке алуу бирдиги болуп ЭДСте катталган электрондук документ саналат.
81. Электрондук документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу, алдын ала кароо жана каттоо иш кагаздарын жүргүзүү кызматы тарабынан ушул Типтүү нускамага ылайык жалпы негиздерде ишке ашырылат.
82. ЭДС аркылуу мекемеге түшкөн электрондук документтер автоматташтырылган режимде баштапкы иштеп чыгуудан өтөт жана ал түшкөн электрондук документтин реквизиттерин: каттоо датасын, электрондук документти жиберген мекеменин аталышын, электрондук документтин кыскача мазмунун, электрондук документке кол койгон адамдын фамилиясын, инициалдарын, электрондук документке коюлган электрондук колтамганы текшерүүнү камтыйт.
83. Кагаз түрүндө түшкөн документтер сканерлөөчү түзүлүштү колдонуу менен сканерленүүгө тийиш жана PDF форматындагы кагаз документтин электрондук сүрөтү болуп кайра түзүлөт, андан кийин ЭДСке жүктөлөт.
84. Автоматташтырылган режимде электрондук документтин реквизиттерин жана бүтүндүгүн текшерүү аяктагандан кийин мекеменин иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын кызматкери мекеменин жетекчилиги тарабынан милдеттүү каралышын талап кылуучу жана түзүмдүк бөлүмдөргө жана жооптуу аткаруучуларга түздөп-түз жиберилүүчү документтерге бөлүштүрүү максатында түшкөн электрондук документти алдын ала карайт.
Электрондук документтерди алдын ала кароо алар түшкөн күнү жүргүзүлөт. Электрондук документ иш убактысынан тышкары түшкөн учурда, кийинки иш күнү каралат.
85. Алдын ала кароонун жүрүшүндө мекеменин иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын кызматкери түшкөн электрондук документтерди кароодон төмөнкү учурларда баш тартат:
1) электрондук документ дареги боюнча түшпөгөндө;
2) электрондук документке кол коюуга ыйгарым укуктуу болуп саналбаган адамдын электрондук колтамгасы менен электрондук документке кол коюлганда;
3) документте көрсөтүлгөн тиркемелер жок болгондо;
4) документ туура эмес таризделгенде жана ушул Типтүү нускаманын 16-пунктунун 2-пунктчасынын талаптарына шайкеш келбегенде.
86. Алдын ала кароону ийгиликтүү жүргүзгөндөн кийин мекеменин иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын кызматкери түшкөн электрондук документти ЭДСте каттайт, андан кийин электрондук документке ЭДСте автоматташтырылган режимде кириш каттоо номери ыйгарылат.
Электрондук документке кириш каттоо номери ыйгарылгандан кийин ЭДСте электрондук документтин кириш каттоо номерин, каттоо датасын, жөнөтүүчү (аткаруучу/аткаруучулар жана электрондук документке кол койгон адам) жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен автоматташтырылган режимде карточка түзүлөт.
Документтерди эсепке алууну системалаштыруу жана камсыздоо үчүн кириш каттоо номерин ыйгарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилүүчү Башкаруу органдарынын мамлекеттик классификатору колдонулат.
87. Катталган электрондук документтер ЭДС аркылуу төмөнкүлөргө жиберилет:
1) резолюция жазуу зарыл болгон учурда - мекеменин жетекчисине же тейлөөчү орун басарына;
2) жетекчинин резолюциясы жок аткаруу же кароо зарыл болгон учурда - түзүмдүк бөлүмдөргө же жооптуу кызматкерге;
3) резолюциянын долбоорун даярдоо зарыл болгон учурда -түзүмдүк бөлүмдөргө же жооптуу кызматкерге.
88. Электрондук документти кароонун жыйынтыгы боюнча мекеменин жетекчиси же тейлөөчү орун басары электрондук резолюцияны жазат, анда мекемеде электрондук документтин аткарылышын уюштурууга жооптуу адам аныкталат жана зарыл болгон учурда кош аткаруучулар, ошондой эле электрондук документти аткаруунун мөөнөтү аныкталат.
Электрондук документти аткаруунун мөөнөтү кагаз түрүндөгү документтерди аткаруунун мөөнөтүнө окшош белгиленет.
89. Аткарууну талап кылбаган маалыматтык-аналитикалык мүнөздөгү электрондук документтер түшкөндө аткаруу мөөнөтү белгиленбеши мүмкүн. Мында кызматкерлер ЭДСте документ менен таанышкандыгы жөнүндө белги коюшат.
90. Электрондук резолюция төмөнкүдөй реквизиттерден турат: электрондук документтин аткарылышын уюштурууга жооптуу адамдын фамилиясы, инициалдары, кош аткаруучулардын фамилиясы, инициалдары, электрондук резолюциянын мазмуну, аткаруу мөөнөтү, резолюциянын авторунун кызмат орду, фамилиясы, инициалдары жана электрондук колтамгасы.
Электрондук резолюциянын үлгүсү 32-тиркемеде берилди.
91. Электрондук резолюцияга ылайык жыйынтыктоого жооптуу адам жана кош аткаруучулар катарында аныкталган кызматкерлерге электрондук документтер ЭДС аркылуу түшөт.
92. Электрондук документти жыйынтыктоого жооптуу адам же кош аткаруучу болуп мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси аныкталган учурда, зарылдыгына жараша ал электрондук документти аткарууга өзү жетектеген бөлүмдүн кызматкерлерин кошот. Ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери өздөрү жетектеген бөлүмдүн кызматкеринин бирине жыйынтыктоону тапшыра алышат.
93. Жыйынтыктоого жооптуу адам жана кош аткаруучулар электрондук документтин талаптагыдай аткарылышы үчүн бирге жооп беришет.
Электрондук документти аткаруу жыйынтыктоого жооптуу адамдын жана кош аткаруучулардын зарыл маалыматты топтоосун жана иштеп чыгуусун, жыйынтыктоого жооптуу адамдын келип түшкөн электрондук документке акыркы жоопту даярдоосун, аны тариздөөнү, макулдашууну, ЭДС аркылуу мекеменин жетекчисине же анын орун басарына кол коюу үчүн жиберүүнү карайт.
94. Электрондук документти аткаруунун жүрүшүндө жыйынтыктоого жооптуу адам жана/же кош аткаруучу электрондук документке өздөрүнүн комментарийлерин кошо алышат.
95. Электрондук документтерди аткаруу мөөнөтүн узартуу жетекчинин көрсөтмөсү боюнча же ушул мөөнөттү белгилеген авторлордун - мекемелердин уруксаты менен жүргүзүлөт.
96. ЭДСте электрондук документтердин аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо жыйынтыктоо үчүн жооптуу адамга жана кош аткаруучуларга тиешелүү түстүү белги берүү аркылуу автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт.
97. Түшкөн электрондук документке жооптун долбоору ЭДС аркылуу мекеменин жетекчисине же анын орун басарына кол коюуга жиберүүнүн алдында жыйынтыктоого жооптуу адам тарабынан анын талаптарга ылайык түзүлгөндүгү жана таризделгендиги, ошондой эле зарыл тиркемелердин болушу текшерилет.
98. Түшкөн электрондук документке жооп катары даярдалган электрондук документти макулдашуу жана кол коюу үчүн электрондук колтамга колдонулат.
99. ЭДСте издөө системасын түзүүнүн негизи болуп документтерди каттоо саналат.
100. ЭДСте конкреттүү документти издөө же материалдарды чогултуу документтердин түрдүү параметрлери боюнча, анын ичинен документтердин реквизиттери, түрлөрү, маршруту, мазмуну, маселелердин мүнөзү, жиберүүчүлөр жана даректер, аткаруучулар жана башкалар боюнча жүргүзүлөт.
101. ЭДС ар башка мекемелердин ортосунда электрондук документтер менен алмашуу мүмкүндүгүн берет. Мекемелер ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, каттарды, жарандардын арыздарын/кайрылууларын, аналитикалык мүнөздөгү маалыматтык документтерди бири-бирине жибере алышат.
2-§. Чыгыш электрондук документтерди каттоо жана жиберүү тартиби
102. ЭДСте төмөнкүдөй чыгыш электрондук документтер катталууга тийиш:
1) келип түшкөн электрондук документтерге жооп катары даярдалган документтер;
2) мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн, мекеменин жетекчисинин же анын орун басарынын демилгеси боюнча даярдалган документтер (демилгеленген).
103. Мекеменин тууралоосуна жараша кол коюлган электрондук жооп дарек ээсине төмөнкүдөй жиберилиши мүмкүн:
1) мекеменин иш кагаздарын жүргүзүү кызматы тарабынан жиберүүнү ырастабастан;
2) мекеменин иш кагаздарын жүргүзүү кызматы тарабынан жиберүүнү ырастагандан кийин.
104. Иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын электрондук документти жиберүүсүн ырастоо зарылдыгы болгондо документтин талаптарга ылайык таризделгени текшерилет: документтин форматы туура экени, электрондук колтамганын шайкештиги, белгиленген тиркемелердин болушу, даректердин туура көрсөтүлгөнү. Дал келбестиктер табылган учурда иш кагаздарын жүргүзүү кызматы документти жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
105. Автоматташтырылган режимде кол коюлган документке чыгыш каттоо номери ыйгарылат жана кечиктирилбестен дарек ээсине жиберилет.
106. Электрондук документ дарек ээсине түшкөн учурда жиберүүчү жеткирилгендиги жөнүндө электрондук белгини алат.
Ушул учурдан тартып электрондук документ дарек ээси тарабынан алынды деп эсептелинет.
107. Аткарылган электрондук документтер көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык көктөмөлөргө системалаштырылат.
Көктөмөлөрдүн номенклатурасын түзүүдө көктөмө электрондук түрдө жүргүзүлөрү көрсөтүлөт.
3-§. Кызматтык каттарды каттоо тартиби
108. Мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрү мекеменин ичинде бири-бири менен маалымат алмашуу максатында, ошондой эле милдеттерди, мекеменин жетекчисинин же анын орун басарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча жооп катарында ЭДСте кызматтык каттарды түзөт жана каттайт.
109. Кызматтык каттарды түзүүдө жана каттоодо актылар, баяндамалар, рапорттор, маалыматтык мүнөздөгү таблицалар жана башкалар сыяктуу түрдүү тиркемелер дагы тиркелиши мүмкүн.
110. Электрондук формадагы кызматтык каттар ЭДСте автоматтык түрдө түзүлгөн бланкта таризделет. Кызматтык каттын үлгүсү 33-тиркемеде берилет.
111. Кызматтык катка кол коюу үчүн электрондук колтамга колдонулат.
4-§. Электрондук документтерди сактоо жана жок кылуу тартиби
112. Электрондук документтер алар аткарылгандан кийин кагаз түрүндөгү ушундай документтер үчүн архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ведомстволук сактоо мөөнөтүнүн чегинен ашпаган мезгил аралыгында ЭДСте ведомстволук сакталууга тийиш.
113. Убактылуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер (10 жылга чейин) тийиштүү электрондук документтерде түзүлгөн электрондук колтамгалардын бир убакта сакталышын камсыздоо менен алар түзүлгөн, жиберилген же алынган форматта сакталат.
114. 10 жылдан ашык сактоо мөөнөтүндөгү, анын ичинде туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү бардык электрондук документтер электрондук документтерди архивдик сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн Portable Document Format (PDF/A1, PDF/A2, PDF/А3, PDF/A4) форматында түзүлүүгө тийиш.
115. Туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер милдеттүү түрдө кагаз түрүндө кайталанат.
Электрондук документтин жиберүүчүсү электрондук формадагы документтин кагаз түрүндөгү документке шайкештигине жооптуу.
116. Электрондук документтердин сактоо мөөнөтү аяктагандан кийип аларды жок кылууга бөлүү жөнүндө мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилген актынын негизинде аталган электрондук көктөмөлөр (электрондук документтер) сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен башкаруу документтеринин тизмегине ылайык автоматташтырылган режимде жок кылынууга тийиш.
5-§. ЭДСте электрондук документтин сакталышы үчүн жоопкерчилик
117. ЭДСте түзүлгөн электрондук документтердин түп нускасынын ведомстводо сактоо мезгилинде сакталышына жана камсыздалышына жоопкерчиликти электрондук документ жүгүртүү системасынын ээси тартат.";
- ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 32, 33-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ыкчам-издөө иштерин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан (бажы-органдарынан тышкары), коргоо, өзгөчө кырдаал жана финансылык чалгындоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан тышкары, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобону жетекчиликке алсын жана бир айдын ичинде;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.";
2) 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына (макулдашуу боюнча),", "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр алып салынсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жободо:
- 7-пунктунда:
- он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жашыруун сырларды камтыган маалыматтарды жана жетүү чектелген грифи бар башка документтерди "ЭДМС" АМСке киргизүүгө жана иштеп чыгууга болбойт";
он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) 2022-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө электрондук документ жүгүртүү системасында электрондук документтердин сактоо мөөнөтү боюнча системалаштырууну камсыздоону ишке ашырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги N 37-38 жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров | |
| |||
|
| 1-тиркеме "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага 32-тиркеме |
|
|
|
|
|
|
| |
МЕКЕМЕНИН |
| МЕКЕМЕНИН |
| |
АТАЛЫШЫ | (Герб) | АТАЛЫШЫ |
| |
МАМЛЕКЕТТИК |
| РАСМИЙ |
| |
ТИЛДЕ |
| ТИЛДЕ |
| |
| КК.АА.ЖЖЖЖ |
|
| |
|
|
|
| |
| ДОКУМЕНТКЕ |
| ||
ЭЛЕКТРОНДУК КОЛТАМГА КОЮЛДУ | ||||
| ||||
Сертификат: | ||||
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ | ||||
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ | ||||
| ||||
Ээси: Асанов Асан Асанович | ||||
| ||||
Жарактуу: 2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин | ||||
| ||||
Кол коюу датасы: КК.АА.ЖЖЖЖ СС:ММ | ||||
|
|
| 2-тиркеме "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага 33-тиркеме |
|
|
|
| ||||
МЕКЕМЕНИН | МЕКЕМЕНИН |
| |||||
АТАЛЫШЫ | АТАЛЫШЫ |
| |||||
| |||||||
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ | РАСМИЙ ТИЛДЕ |
| |||||
|
|
|
| ||||
|
|
|
| ||||
|
|
|
| ||||
КЫЗМАТТЫК КАТ № |
| ||||||
| Алуучу: |
|
| ||||
Демилгечи: |
|
| |||||
Темасы: |
|
| |||||
Датасы: |
|
| |||||
Кызматтык каттын тексти | |||||||
| |||||||
| ДОКУМЕНТКЕ |
| |||||
ЭЛЕКТРОНДУК КОЛТАМГА КОЮЛДУ | |||||||
| |||||||
Сертификат: | |||||||
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ | |||||||
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ | |||||||
| |||||||
Ээси: Асанов Асан Асанович | |||||||
| |||||||
Жарактуу: 2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин | |||||||
Аткаруучу: Фамилиясы жана инициалдары |
| ||||||
Кол коюу датасы: КК.АА.ЖЖЖЖ СС:ММ | |||||||