Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 176
Чүй облусунун Токмок шаарынын 1-кичи районунда жайгашкан № 24 бала бакчасын Токмок шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Чүй облусунун Токмок шаарынын тургундарын мектепке чейинки мекемелер менен камсыз кылуу жана Чүй облусунун Токмок шаарынын 1-кичи районунда жайгашкан № 24 бала бакчасын муниципалдык менчикке кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд Чүй облусу, Токмок шаары, 1-кичи району, 42-үй дареги боюнча жайгашкан, 9578,0 кв.м өлчөмүндөгү жер участогу менен № 24 бала бакчасынын имараттарынын жана курулмаларынын комплексин мамлекеттик менчикке өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү өткөрүп берүү актысы боюнча мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлккө менчик укугун мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.
4. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясы:
1) 9578,0 кв.м өлчөмүндөгү жер участогу менен жогоруда аталган № 24 бала бакчанын имараттарынын жана курулмаларынын комплексин муниципалдык менчикке кабыл алсын;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте кабыл алынган мүлктүн өткөрүп берүү актысын бекитсин;
3) кабыл алынган мүлктү андан ары күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылсын;
4) кабыл алынган мүлктү максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |