Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-апрели № 191
«Куланак» гидроэлектрстанциясын куруу жөнүндө
Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү максатында, «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасыныи конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна өздүк каражаттарынын эсебинен жана ушул коомдун демилгесинин негизинде Нарын облусунун Нарын районунда Нарын дарыясында «Кубаттуулугу 100 МВт белгиленген «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо>> долбоорун ишке ашыруу укугу берилсин:
2. «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2022-жьшдын 1-июлуна чейин курулуш иштерин баштоо жана «Куланак» ГЭСинии курулушун долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесине ылайык курулуш башталгандан тартып 4 жылдын ичинде бүтүрүү сунушталсын.
3. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна, «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна «Куланак» ГЭСи ишке киргизилгенден кийин “Нарын” өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коому тарабын берилүүчү электр энергиясын сатып алууну камсыз кылуу сунушталсын:
4. «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна түзүлүүчү энергетикалык кубаттуулуктар ишке киргизилгенден учурдан тартып 15 (он беш) жыллык мөөнөткө инфиляциянын деңгээлине ар жылдык түзөтүүлөр менен отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген тариф боюнча “Нарын” өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коому менен тиешелүү келишимди түзүү сунушталсын.
5. «Кыргызстан улуттук энергетикалык тармагы» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна өз тармактарына технологиялык кошулууга техникалык шарттарды белгиленген тартипте берүү;
- «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коому менен ыкчам диспетчердик өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү келишимди белгиленген тартипте түзүү.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |