Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 196
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак, Жерге-Тал, Учкун, Эмгек-Талаа айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Суу фондусунун жерлери" жана "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категорияларына которуу (трансформациялоо) жана жерлерди "Нарын" өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна берүү жөнүндө
Куланак ГЭСинин объекттерин жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн ирригациялык системаларды куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20 жана 92-статьяларына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 01-17/1791 корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак, Жерге-Тал, Учкун, Эмгек-Талаа айыл аймактарында жайгашкан, жалпы аянты 206,51 га жер Куланак ГЭСинин объекттерин курууга "Суу фондусунун жерлери" жана "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категорияларына которулсун (трансформациялансын), анын ичинде:
- Жан-Булак айыл аймагынын - 79,0 га:
машекеттик менчикте турган, 39-кварталдагы Нарын токой чарбасынын 78,6 га жери "Токой фондусунун "жерлери" категориясынан "Суу фондусунун жерлери" категориясына тиркемеге ылайык;
мамлекеттик менчикте турган, Нарын-Баетов автомабиль жолунун 0,4 га (№2020 контур) Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан «Суу фондусунун жерлери» категориясына;
- Жерге-Тал айыл аймагынын - 19,79 га:
№2 (1,69 га), № 3 (8,80 га), № 3 (4,0 га), № 3 (5,3 га) контурларда жайгашкан 19,79 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына;
- Учкун айыл аймагынын - 70,08 га:
мамлекеттик менчикте турган, Нарын токой чарбасынын 2,9 га жери "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына жана 59,4 га "Суу фондусунун жерлери" категориясына тиркемеге ылайык;
мамлекеттик менчикте турган, № 1973 (1,2 га), № 3 (0,3 га) № 801 (1,2 га), № 3 (0,4 га), № 1973 (1,0 га) - Нарын-Баетов автомобиль жолу, № 801 (0,1 га) - электрподстанциясы, № 1972 (3,18 га) - мал айдап чыгуучу жол, № 3-0,4 га (0,4 га) - ДЭУ үйү контурларда жайгашкан 7,78 га "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Суу фондусунун жерлери" категориясьша;
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын 37,64 га:
мамлекеттик менчикте турган. № 303 (6,9 га), № 266 (11,22 га), № 203 (0.11 га), № 203 (0.94 га), № 206 (2,13 га), № 206 (2,88 га), № 176 (2,25 га), № 175 (3,62 га), № 173 (0,07 га) контурларда жайгашкан 30,12 га сугат айдоо жери жана № 206 (3,84 га), № 206 (0,74 га), № 206 (1,09 га), № 175 (0.35 га) контурларда жайгашкан, "Нарын өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигннде турган 6,02 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына;
мамлекеттик менчикте турган 1,5 га (№ 1435 контур) жер "Суу фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына.
2. "Суу фондусунун жерлери" категориясынан 150,1 га жер, анын ичинде: Жан-Булак айыл аймагында жайгашкан 78,6 га Учкун айыл аймагында жайгашкан 59,4 га, Эмтек-Талаа айыл аймагында жайгашкан 12,1 га суу сактагычтын зонасын санитардык даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү (суунун нугун тазалоо жана токойду тазалоо) үчүн 2 жылдык мөөнөткө "Нарын" өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн мелиоративдик системаларды (1-лот - магистралдык суу алуучу курулма (башкы суу алуучу) жана 100 метрдик магистралдык каналды өздүк каражаттардын эсебинен куруу жөнүндө "Нарын" өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун сунушуна макулдук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушу л токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статъясынын 4-бөлүгүнө ылайык "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулган жерлерди кубаттуулугу 100 МВт Куланак ГЭСинин объекттерин куруу үчүн "Нарын" өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүүнү;
- ушу л токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу эмес багыты боюнча пайдаланылган учурда аларды алып коюуну.
5. Бул токтомду ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик жана аталган токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну контролдоо Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |