Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-апрели № 216
"Кыргыз Республикасыныи Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы" мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомунун редакциясына ылайык )
Курулуштун натыйжалуулугун жогорулатуу, негизги фонддорду, эмгектик, материалдык ресурстарды, капиталдык салымдарды пайдаланууну жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы" мекемеси түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. Түзүлүп жаткан мекемени күтүүгө каражаттар мекеменин реалдуу эсептик керектөөлөрүнө жараша негизги капиталга (капиталдык салымдардын) инвестициялардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмүндө каралат деп белгиленсин. Мында мекеменин чыгашаларга болгон муктаждыгы зарыл иш-чаралардын негиздүү эсептөөлөрүнүн жана укук коргоо органдарынын эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек акы фондунун негизинде түзүлөт.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- езүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Мииистрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага: |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы" мекемесинин уставы
1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы" мекемесинин (мындан ары -Мекеме) ишин, негизги укуктарын, милдеттерин жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун объектилерин (имараттарын, курулмаларын жана алардын комплекстерин, коммуникацияларын) өзгөртүү (кеңейтүү, модернизациялоо, реконструкциялоо, реставрациялоо, капиталдык оңдоо) жана (же) жаңыларын куруу, ошондой эле курулуш, монтаждоо, атайын жана башка жумуштарды аткаруу менен байланышкан милдеттерди пландоодо жана ишке ашырууда Мекеменин жоопкерчилигин регламенттейт.
2. Мекеме өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ченемдик-техникалык документтерди жана архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын методикалык көрсөтмөлөрүн жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Мекеме юридикалык жак болуп саналат жана уюштуруу-укуктук жактан - мекеме формасында иш алып барат. Мекеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары - ЖАК) карамагында турат. Уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп эсептелет.
4. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы" мекемеси";
- расмий тилде: "Учреждение "Дирекция строящихся объектов Службы исполнения наказаний при Министерстве юстиции Кыргызской Республики".
Мекеменин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЖАК КОД" мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение "ДСО СИН".
5. Юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 106.
6. Мекеменин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылуучу эсептери болот.
2. Максаты, негизги милдеттери жана функциялары
7. Мекеменин максаты Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун объектилерин курууну камсыз кылуу, анын ичинде негизги фонддорду, эмгектик, материалдык ресурстарды, капиталдык салымдарды пайдаланууну жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте долбоордук-сметалык документтерди ишке ашыруу болуп саналат.
8. Мекеме төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткарат:
1) даярдоо стадиясында:
- курулуш аянтын тандоо;
- бардык зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди жана макулдашууларды алуу;
- долбоорлоочуларды, подрядчыларды, өндүрүүчүлөрдү жана жабдууларды жеткирүүчүлөрдү алдын ала тандоо;
2) ишке ашыруу стадиясында:
- курулуш аянтын даярдоо;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
- курулуш товарларын жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү боюнча аткаруучуларды тандоо жана келишимдерди түзүү;
подряд келишиминде каралган материалдык жана башка ресурстарды берүү;
- жумуштардын, колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын сапатын контролдоо;
- аткарылган иштерди кабыл алуу;
- жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында төлөө;
- объектти эксплуатацияга берүү;
- объекттерди менчик ээсине же эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп берүү.
9. Милдеттерди аткаруу үчүн Мекеме төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:
- ЖАКтын имараттарына жана мекемелерине курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө мониторинг жүргүзүү;
- белгиленген тартипте долбоордук-сметалык документтерди, изилдөө иштерин, зарыл болгон учурда илимий-изилдөө иштерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү ишке ашыруу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурстарды (тендерлерди) уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш келишиминин шарттарын макулдашуу жана түзүү;
- иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерди подрядчыга өткөрүп берүү;
- ишти аткаруу графигин бекитүү жана контролдоо;
- курулуш мезгилинде подрядчыны электр энергиясы, газ, суу менен өндүрүш иштеринин долбооруна ылайык булактардан камсыз кылуу;
инженердик тармактардан ажыратуу, жабдууларды, механизмдерди жана түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча иштерди уюштуруу;
- курулуштун катышуучулары менен курулуш келишимдерин түзүүдө жана аткарууда келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу;
- ишке киргизүү иштерин уюштуруу;
- курулушка белгиленген тартипте техникалык көзөмөл жүргүзүү, иштин көлөмүн, наркын жана сапатын долбоорго, сметалык эсептөөлөргө жана келишимдик бааларга, курулуш ченемдерине жана бул иштерди даярдоо жана кабыл алуу эрежелерине ылайык келүүсүн көзөмөлдөө;
- подрядчы тарабынан мамлекеттик көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын жана автордук көзөмөлдү, шефмонтаждык уюмдар тарабынан курулуштун коопсуз ыкмалары боюнча талаптарынын аткарылышын, аткарылып жаткан иштин жана колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатын контролдоону ишке ашыруу;
- подрядчыдан подряддык келишимдин шарттарына ылайык бүткөрүлгөн иштерди кабыл алуу;
- ЖАКтын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча объекттин курулуш иштерин убактылуу токтотуу жана консервациялоо боюнча чечим кабыл алуу, консервациялоо боюнча иштерди аткарууга сметаны бекитүү жана алардын сапаттуу аткарылышын контролдоо;
- консервацияланган объекттерди подрядчыдан кабыл алуу жана материалдык баалуулуктардын сакталышын уюштуруу;
- жабдууларды жана агрегаттарды күбөлөндүрүү жана сыноо тартибин тиешелүү уюмдар менен макулдашуу;
- мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын кароосуна бүткөрүлгөн жана эксплуатацияга даярдалган объекттерди, зарыл материалдарды көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик кабыл алуу комиссияларына катышуу;
- белгиленген тартипте объекттерди андан ары эксплуатациялоо жүктөлгөн ЖАКтын ведомстволук бөлүмдөрүнө бүткөрүлген объекттерди пайдаланууга берүү;
- пайдаланылбаган мүлктү белгиленген тартипте сатуу жана бүткөрүлгөн курулуш үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
- курулуш боюнча эсепке алууну жүргүзүү жана отчет берүү, ошондой эле белгиленген тартипте бухгалтердик отчетторду жана баланстарды берүү;
- Мекеменин максаттарына жана милдеттерине жооп берген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштерди жүргүзүү.
Атайын уруксаттарды талап кылган иштин түрлөрү боюнча Мекеме оз ишин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тийиштүү компетенттүү органдары берген уруксаттардын же лицензиялардын негизинде жүргүзөт.
3. Түзүмү жана иппи уюштуруу
10. Мекеменин ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону ЖАК ишке ашырат.
11. Мекеменин ишинде уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Мекемени жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
- Мекеменин өткөрүп берүү актысын же бөлүү балансын бекитүү;
- ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.
12. Мекемени Кыргыз Республикасынын юстиция министри менен макулдашуу боюнча ЖАКтын төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу начальник башкарат. Мекеменин начальниги жок учурда анын милдеттерин Мекеменин начальнигинин орун басары аткарат.
Мекеменин начальнигинин орун басары, башкы инженери жана башкы бухгалтери Мекеменин начальнигинин сунушу боюнча ЖАКтын төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайыпдалышат жана бошотулушат.
Заказчы (курулушчу) конкреттүү демилгеленген долбоорду ишке ашыруу керектөөлөрүн эске алуу менен уюштуруу түзүмүнүн маселелерин жана башкаруу аппаратынын санын өз алдынча чечет.
13. Мекеменин иши ишти пландоонун, мыйзамды так сактоонун, ЖАКтын башка түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн, кызматкерлердин милдеттерин так бөлүштүрүүнүн жана тапшырылган участоктогу иштин абалы үчүн кызматкерлердин жеке жоопкерчилигин белгилөөнүн негизинде уюштурулат.
14. Мекеменин начальниги:
- ЖАКка отчет берет жана Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
-ЖАКтын чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- Мекеменин атынан ишеним катсыз аракеттенет, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын таламдарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептешүү эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
-өз компетенциясынын чегинде Мекеменин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Мекеменин начальнигинин орун басарынын, башкы инженеринин, башкы бухгалтеринин жана башка кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- ЖАКтын төрагасы менен макулдашуу боюнча Мекеменин кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет;
- ушул Уставдын 12-пунктунун экинчи абзацында аталган кызматкерлерди кошпогондо, Мекеменин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Мекеменин кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- ЖАК менен макулдашуу боюнча Мекеменин келечектүү, жылдык жана учурдагы иш пландарын бекитет;
- ЖАКка финансылык отчетторду, болжолдуу финансы-чарбалык көрсөткүчтөрдү жана башка зарыл маалыматтарды өз убагында берүүнү камсыз кылат;
-бекитилген жылдык финансы-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылат;
- Мекеменин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
15. Мекеменин начальниги жана башкы бухгалтери Мекеменин финансылык каражаттарын эсепке алуунун тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
4. Укуктары жана милдеттери
16. Ушул Уставда каралгам маселелерди чечүү үчүн Мекеме төмөнкүлөргө укуктуу:
- Мекеменин максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүугө;
- белгиленген тартипте жарандарды эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде Мекемеде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
- ЖАКка белгиленген тартипте жазык-аткаруу системасынын объектилеринин тизмесине реконструкциялоого жана капиталдык ондоого жаткан объекттерди киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө;
- бюджеттик объектилер үчүн иш өндүрүшүнө сметалык лимиттин чегинде жумушчу документтерди, кошумча иштерге сметаларды бекитүүгө;
- курулуп жаткан объектиге барууга, зарыл болгон аткаруу документтери менен таанышууга;
-долбоордук-сметалык жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарынап. ошондой эле түзүлгөн курулуш подряды келишиминин шарттарынан чыгуу менен иштер аткарылып жаткан учурда иш өндүрүшүн токтото турууга;
- жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө курулушта колдонулуучу курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын, жабдуулардын сапатына, аларды жеткирүүнүн жана жумуштарды аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүнө, жумушчу жана аткаруу документтеринин тиешелүү түрдө таризделишине контролду жүзөгө ашырууга;
- сыноо катары эксплуатациялоо, ишке киргизүү жана эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүнүн мезгилинде объектти эксплуатациялоо режимин аныктоого;
- подрядчы тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылуусу бир канча жолу кайталанып бузулган учурда аны менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
- подрядчынын күнөөсү боюнча курулуш подрядынын келишимин өзгөртүүдөн же бузуудан келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга.
17. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Мекеменин оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- Мекеменин кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- бюджетке телөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- бюджеттин аткарылышы жана Мекеменин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө кварталдык жана ар жылдык отчетторду ЖАКка белгиленген мөөнөттө берүүгө;
- жашырындуулук (купуялык) режимин камсыз кылууга жана кызматтык маалыматтардын жайылып кетишинен коргоо боюнча зарыл иш-чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объектилериндеги курулуш-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшүнө техникалык көзөмөл жүргүзүүгө;
- аткарылуучу иштердин сапатын жана курулуш объектилерин пайдаланууга берүү мөөнөттөрүн камсыз кылууга.
18. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
5. Башка бөлүмдөр менен өз ара мамилелери
19. Мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасында курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүү маселелери боюнча ЖАКтын бардык түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери менен өз ара аракеттенет, белгиленген тартипте келишимдерди түзөт, Мекеменин максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай төлөмдөрдү жүргүзөт.
6. Жоопкерчилик
20. Мекеме курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышына, товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышына, ошондой эле Мекемеге жүктөлгөн милдеттерди өз убагында ишке ашырууга жоопкерчилик тартат.
7. Мүлк жана финансы
21. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген мүлккө ЖАК менен макулдашуу боюнча ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
22. Мекеменин ишинин финансылык негизин төмөнкүлөр түзөт:
- уюштуруучунун Мекемеге оперативдүү башкарууга берилген мүлкү;
- юридикалык жана жеке жактардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын акысыз же кайрымдуулук төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
8. Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
23. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Кайра уюштуруу жана жоюу
24. Мекемени кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, ажыратуу, кайра түзүү) жана аны жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Мекеменин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
26. Мекеменин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.